Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Ооган айымдары өз укугу үчүн күрөшүүдө


Ооган айымдары эскичил мыйзамга каршы. Кабул шаары, 2009-жылдын 15-апрели.
Ооган айымдары эскичил мыйзамга каршы. Кабул шаары, 2009-жылдын 15-апрели.

Өткөн аптада (15-апрелде) Ооганстанда жаңы нике мыйзамына каршы жана аны колдогон демонстрациялар уюштурулду. Талиптик режимден кийинки расмий Кабул ушул тапта да ооган аялдарынын кеңири укуктарын камсыз кыла албай келет. Ооганстан бийлиги демократиялык жараян жаатында бир нече кадам артка чегинген учурлар аялдардын укуктарын коргогон жергиликтүү жана эл аралык коомчулукту терең кабатырлантууда.

Ооганстандын ордо шаары Кабулдун көчөлөрүнө 15-апрелде тайманбай чыккан 200дөн ашуун аял шийи аймактары үчүн кабыл алынган жаңы мыйзам аялзатынын аброюна шек келтиргени айтылган декларация кабыл алышып, бийликтен өздөрүнүн укуктарын камсыз кылуунун талап кылышты.

Бирок бул эскичил мыйзамдык жобону колдогон топтор да болду.

Аялдардын укуктарын коргогон топко каршы чыккандар аларды таш бараңга алып, ачуу сөздөрүн аяган жок.

Полиция үч чакырымдай жол басып, өлкө парламентинин имаратына чейин жеткен демонстрант аялдарды аларга акаарат келтирген бейбаштардан коргоого алды.

Кайраттуу ооган айымдарынын катарында болгон депутат Шинкайи Карохйил айым – парламентте аялдар үчүн атайын бөлүнгөн 68 орундун биринин ээси.

Ал өткөн шаршембидеги аялдардын демократиялык чыгуусун эң олуттуу окуя катары баалады. Албетте, демонстрант айымдарды бейбаштар “сойку” жана “мастан катын” деп опузалап кыйкырган жагымсыз учурлар болгонун да ал “Азаттыктын” кабарчысына жана бир катар маалымат агенттиктерине айтты.

- Бул – аялдардын эң ири кыймылы болуп калды. Демонстрацияга шийи аялдары гана эмес, сунний аялдар, ал түгүл индус айымдар да чыкты. Бул нааразылык иш-чарасы жалпы эле айымдардын атынан уюштурулду. Ооган эркектери менен аялдары кабылган азыркы дүрбөлөңдүү жагдайга карабастан, аялдар көчөгө чыгып келишти. Бул олуттуу иш-аракет кайсы бир эркектер тобу тарабынан бир беткей даярдалып, андан соң аялдарга таңууланып жаткан мыйзамдарга каршы пикир бар экенин айгинеледи, - деди ал "Азаттыкка".

Бул жүрүш болоорунун алдыңкы күнү (14-апрелде) Ооганстандагы таасирдүү шийи диниятчыларынын бири Мохаммад Асиф Мохсени өзүнүн жеке сыналгы каналы аркылуу маалымат таркатып, өлкөдөгү шийи жамааттарынын эркектерине өз бүлөсүндөгү аялзатынын өкүлдөрүн бул нааразылык демонстрациясына катышууга уруксат бербөөгө буйрук кылган.

Бирок бир катар шийи айымдар Мохсени мырзаны сынга алып, алардын өз укугун коргоп көчөгө чыгуусун тыйып салууга бул диниятчынын акысы жоктугун эскертишти.

Маалыматтарга караганда, айрым шийи кыз-келиндери Мохсенинин сыналгы аркылуу кайрылуусунан соң өз укугун коргоп көчөгө чыгууга белсенишкен.

Аялдардын экинчи бир тобу болсо ошол эле 15-апрел күнү Кабул шаарында өздөрүнүн укугун кемсинткен, шийи үй-бүлөлөрүндө күйөөнүн өз аялын зордуктоосуна жол берген талаш-тартыштуу мыйзамды жактап көчөгө чыкты.

Мыйзамдын беренелеринин биринде шийи аялга өз күйөөсүнүн уруксатысыз жөн эле короодон сыртка чыгууга да тыйуу салынат.

Президент Хамид Карзай жергиликтүү жана эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул мыйзамдын долбоорун кайра карап чыгуу үчүн Адилеттик министрлигине жаңыдан тапшырма берүүгө мажбур болду (өткөн айда Карзай мырза бул мыйзамга кол коюп койгон болчу).

Август айында президенттикке кайра шайланууга талаптанган Карзай оң жактан да, сол жактан да катуу кысымга кабылып, карама-каршы чечимдерди кабыл алганы үчүн күн сайын карапайым калайыктын сынына кабылууда.

Оогандык айымдар эскичил мыйзамды айыптайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00



Тасма: Оогандык айымдар эскичил мыйзамды айыптайт

Кабулда жүздөгөн шийи айымдар көчөгө чыгып, күйөөсү жубайын зордогонго уруксат берген мыйзамга нааразылык билдиришти. Эскичилдер колдогон аялдардын башка бир тобу, тескерисинче, бул талаш-тартыштуу мыйзамды жактап чыкты. 15-апрел, 2009-жыл.
XS
SM
MD
LG