Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Оппозиция 27-мартта бүт өлкө боюнча саясий акцияларды өткөрүү жана бийлик менен сүйлөшүүлөрдү токтотуу чечими кабыл алынганын жарыялады. Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, бийлик менен оппозициянын мамилеси тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна саясат таануучу Токтогул Какчекеев жооп берди.

- Оппозициянын сүйлөшүүдөн баш тартуусун тараптардын ортосундагы келишпестик катары карасак болобу, мунун себептерин сиз эмнеден көрөсүз?

- Бул келишим туура эмес болуп калды. Кезигишүү убактысында кандайдыр бир тараптуу өкүмчүлүк болуп калды, экинчи тарап болсо даярдыксыз келгендей сезилди. Биз анын баарын телекөрсөтүү аркылуу көрүп турдук. Бирок негизинен айтканда Кыргыз мамлекети дүйнөлүк тартип, дүйнөлүк тажрыйба менен оппозицияны келечектеги бийлик деп эсептеп, ошону менен тең аталык, тең чамалык, тең жоопкерчиликтин негизинде бир тарапта, бир салмакта жүрчү ишти өткөрүш керек болчу. Баарын тең эле бийлик мыйзамга тогоп койгону дагы туура эмес. Мыйзамда жазылган нерсенин баарын аткара бергенде анда бизде мамлекетибиз оңолуп кетээрине шек жок эле. Бирок мыйзам дагы анда-санда бурмаланып кетип атат. Мындай бурмалоону оппозицияга деле көрсөтүп койсо бул адамкерчиликтүү жана терең сабак болот эле баарына тең. Же болбосо баары тең мыйзамды колдоп, мыйзам менен жүрүш керек. Анда оппозициянын да 27сине белгиленген бийликке күрөшүү, элди үгүттөө жолу жагы да мыйзам чегинде деп эсептеп коюга эл аргасыз болот.

- Мына ушул саясий куугунтуктун үлгүсү катарында Аликбек Жекшенкуловдун бир айга камалышы да айтылууда. Анын камалышынын укуктук негиздерине токтоло кетсеңиз?

- Бул маселе боюнча укук коргоо органдары өзүнүн бир эмес, эки жолу экспертизадан өткөзгөнүн айтты. Ошол эле маалда атылган ок жана ошол жерден атылган октун жези табылгандыктан, ошолордун баары тең ошол куралды түрк бизнесменин өлтүрүүгө колдонду деген сөздү айтып отурат. Бул жерде Жекшенкуловду оппозиционер деп камаган жери жок, бул ошол куралдын ээси деп эки берене менен камап отурат. Мен ойлоп атам, Жекшенкулов өзүнүн үй-бүлөсүндөгүлөрдүн, балдарынын туура эмес иш жасап койгондугунан бекеринен камалып аткандыгы сезилип турат.

- Жекшенкуловду укук коргоо органдары тарабынан 9-мартта, дем алыш күнү кармалышы мыйзам ченемдүү көрүнүшпү, же бул жерде дагы мыйзам бузуу болдубу?

- Азыр оппозицияда жүргөн адамдар учурунда Жогорку Кеңште төрага, көпчүлүгү юрист болуп иштешкен, алар ошол мыйзам кабыл алынганда ушундай нормаларды киргизген, эгер кылмыш далинденсе майрам болобу, майрам болбойбу, той өткөзүп атабы, же Мекеге баратабы баары бир убакта далилденген күнү кармаганга органдардын укугу бар. Муну дайыма эске сала жүрүш керек. Эт ооругуча кудай менен иши жок, эти ооруганда кудай-кудай деген нерсе бул туура эмес. Бул мыйзамды эл шайлаган депутаттар кабыл алган. Ошол эле прокурорлор, ошол эле бүгүнкү оппозицияда жүргөн мурдагы депутаттар өздөрү ушул мыйзамды кабыл алууга катышкан.

- Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча анын адвокатынын арызын Биринчи май райондук соту канаатандырбай, анын камакка алынуусунда саясий себептер жокпу?

- Мунун баарын тең тергөө органдары, прокуратура, сот чечет. Меин оюмча, Жекшенкуловду мындайча айтканда үй камагына, же болбосо мунапыс кылып камабай турса да болот эле. Анткени бул бийик деңгээлдеги адам качып, же болбосо акыйкаттан баш тартат деген ой жок.

- Маегиңизге рахмат

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG