Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Орусия менен Сирия Тартус базасын кеңейтүүнү макулдашты


Сириядагы Тартус авиабазасы
Сириядагы Тартус авиабазасы

Москва менен Дамаск Сириянын Тартус портундагы деңиз-аскерий базасын кеңейтүү жана жаңылоо боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтү билдирди.

Өкмөттүн сайтында жарыяланган документке ылайык, макулдашууда Орусиянын 11 аскерий кемеси базада бир маалда жайгаша алаары көрсөтүлгөн.

Орусия Сириянын президенти Башар Асадды согуш башталган алты жылдан бери колдоп келет. Ал эми 2015-жылдын сентябрь айынан тарта өкмөттүк күчтөрдү колдоп Сирия аймагында козголоңчуларга жана террордук уюмдарга каршы аба соккуларды жүргүзө баштаган.

Орусиялык аскерий күчтөр Латакия провинциясында Хмеймим авиабазасында да жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG