Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ооганстандагы жардыруудан үч киши мүрт кетти


Ооганстандын картасы.
Ооганстандын картасы.

Жардыруу Балх провинциясындагы Хулм районунда көк бөрү оюну жүрүп жаткан жерде уюштурулду.

Жергиликтүү полициянын жетекчи орун барасы Абдул Разак Кадери жардырылган зат колгон жасалганы аныкталганын айтты.

Ал кошумчалагандай, чабуул талиптерге каршы күрөшүп келген жергиликтүү топтун башчысына каршы багытталган. Төрт адам жарадар болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

XS
SM
MD
LG