Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Италияда көчкү алдында калган 10 адам табылды


Куткаруучулар көчкү алдында калган адамдарды издеп жатышат.
Куткаруучулар көчкү алдында калган адамдарды издеп жатышат.

Италиянын борбордук бөлүгүндө бир күн мурда жүргөн көчкү алдында калган 10 адам тирүү табылды. Алардын арасында эки бала бар.

Көчкү алдында калгандардын жалпы саны так анык эмес. Айрым маалыматтар боюнча алардын саны 14кө жетет.

Куткаруучулар кар алдынан үндөр чыгып жатканын айтышууда.

18-январдын кечинде Гран-Сассо тоолорунда болгон жер титирөөдөн соң кар көчкү түшкөн.

Көчкү тоодогу мейманкананы толугу менен басып калган. Такталбаган маалыматтар боюнча имараттын ичинде отуздай адам болгон. Куткаруучулар кырсык болгон жерге аба ырайынын катаалдыгынан улам бир нече сааттан кийин гана жете алышкан.

XS
SM
MD
LG