Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Трамп: исламчыл терроризмди жок кылабыз


Дональд Трамп ант бергенден кийин элге кайрылды.
Дональд Трамп ант бергенден кийин элге кайрылды.

АКШнын жаңы кызматка киришкен президенти Дональд Трамп исламчыл терроризмди “Жер жүзүнөн жок кылууга" убада берди. Ал мурдагы "учурдагы өнөктөштүктү кайра күчөтүп, жаңыларын түзөбүз" деди.

Мындан тышкары “Американы биринчи орунга коерун”, “жумуш орундарын түзөөрүн” белгиледи.

“Биз, Американын жарандары өлкөнү кайра куруу ишине кириштик. Баарыбыз бирге дүйнөнүн жана АКШнын курсун аныктайбыз. Биз бийликти Вашингтондон алып, силерге өткөрүп берип жатабыз”,- деди Трамп.

8-ноябрдагы шайлоодо демократтардын талапкери Хиллари Клинтонду жеңип чыккан Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп калды.

XS
SM
MD
LG