Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Минск блогер Александр Лапшинди Бакуга экстрадициялайт


Блогер Александр Лапшин.
Блогер Александр Лапшин.

Белорус орус-израил блогери Александр Лапшинди (Puerrtto) Азербайжанга өткөрүп берет. Минсктеги Башкы прокуратурадагы айрым булактардын маалымдашынча, мамлекеттик айыптоочу Алексей Стук 17-январда тиешелүү чечимге кол койду.

Москвада жашап, орус тилинде жазган Лапшинге Бакуда “мамлекетке каршы багытталган коомдук чакырыктары” үчүн жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кылмыш иши козголгон. Блогер Азербайжанга өткөрүлүп берилип, анын күнөөсү далилденсе сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, 2011-2012 жылдары Лапшин Тоолуу Карабакка барып, өз блокторунда Азербайжандын бүтүндүгүнө жана төбөлсүздүгүнө шек келтирген материалдарды жарыялаган.

Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитети Минскти Лапшинди токтоосуз бошотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG