Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Кандагарда кайрадан кан төгүү


Жанкечти жасаган чабуулдан кийинки бир көрүнүш.
Жанкечти жасаган чабуулдан кийинки бир көрүнүш.

Кандагар провинциясынын губернатору ооган өкмөтүн көбүрөөк аскер жөнөтүүгө чакырды. Мындай чакырык шаардагы жардыруулардан 30тай кишинин өмүрү кыйылып, 50дөн ашууну жаракат алган соң жасалды. Бул кандуу окуя НАТО жана ооган күчтөрү провинцияда кеңири масштабда операция өткөрүүгө даярданып жаткан кезде коопсуздук жаатындагы мүчүлүштүктөрдү көргөздү.

Ооганстандын экинчи ири шаары катары эсептелген Кандагарда ишембинин түнү орун алган бомба чабуулдарынан өмүрү кыйылган отуздай адамдын ону жанкечтилер бутага алган полиция бекетине коңшу үйдө үйлөнүү үлпөтүнө катышып жаткан аялдар менен жаш балдар. Шаардын Гулям Хайдер ысымдуу орто жаштагы тургунунун айтымында, анын үйү жарылуунун күчүнөн улам толук талкаланган:

-Бул үйдө менин үй-бүлөм жана үч бир тууганымдын үй-бүлөсү жашачы эле. Жакындарымдын экөөсү каза тапты, он алтысы жаракат алды. Арасында чоңдор да, балдар да бар.


Кандуу окуянын эртеси, жекшембиде Кандагардын губернатору Турялай Виса коопсуздукту күчөтүүнү талап кылды. Кабарчылар менен маегинде ал провинцияда козголоңчуларга каршы күтүлүп жаткан масштабдуу чабуулду утурлай Кабулдагы өкмөт көбүрөөк аскер жөнөтүшүн суранды. Коопсуздукту чыңдоо үчүн НАТО жана ооган күчтөрү ортосунда координацияны жакшыртууга үндөдү.

Губернатордун айтымында бутага жаңыдан бекемделген түрмө жана полиция бекеттери алынган. Турялай Виса каза тапкандар арасында полициянын кеминде алты кызматкери бар экенин ырастады:

Губернатор Турялай Виса
-Чалгын маалыматтарына караганда, шаарга бомба жардыргыч жанкечтилердин он бештейи кирип кеткен. Алардын жети же сегизи жардыруучу заттарын дүрмөткө келтире алды. Бул абдан трагедиялуу окуя болду.

Жарылуулардын экөөсү президент Хамид Карзайдын аталаш иниси, Кандагардын жергиликтүү парламентинин мүчөсү Ахмед Вали Карзайдын үйүнүн жанында болгон. Бирок анын айтымында, үйүнө зыян тийген жок. Ахмед Вали Карзай ошондой эле Рейтердин кабарчысы менен маегинде талибдер шаарды будуң –чаңга түшүргөн соң түрмөнү бузууну көздөшкөнүн, бирок бул ирээт Канада аскерлеринин түрмөнү цемент тосмолор менен бекемдеп койгонунун пайдасы тийгенин кошумчалады. Буга чейин 2008-жылкы чабуул учурунда Талибандын жанкечтилери шериктерин бошотуу үчүн Кандагардын түрмөсүнүн ичине чейин кирип барышкан эле.

Айрым эксперттердин көз карашында, соңку жардыруулар НАТО жана ооган күчтөрү козголоңчуларга каршы туруу үчүн катарын чыңдап жаткан шартта Кандагардын коопсуздугундагы мүчүлүштүктөрдү баса көргөздү. Кандагардагы операция да коңшу Гильменд провинциясындагыдай болору күтүлүүдө. Ал жерде козголоңчуларды башкы таяныч бекети - Маржа шаарынан ажыратуу боюнча 2001-жылы Талибан режими бийликтен кулагандан берки эң масштабдуу операция өткөрүлгөн эле. Кандагар 1990-жылдардын орто ченинде Талибан кыймылы жаралган жер катары эсептелинет. Ал эми соңку жылдары козголоңчулар бул провинцияны уруш талаасына айлантып алган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG