Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Иран, Казакстан президенттери өзөктүк энергия тууралуу кеп кылышты


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Ирандын президенти Мухмуд Ахмединежад

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Ирандын президенти Мухмуд Ахмединежад

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад 6-апрелде Казакстанга ырасмий түрдө биринчи иш-сапары менен келди. Эки өлкөнүн саясий системасы кыйла эле айырмаланганы менен экономикалык кызыкчылыктары бир жерден чыгып, эки президент Астанада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Иран менен Казакстан экөө тең аябай көп өлчөмдөгү кара майдын запастарына бай мамлекет болуп саналат. Андыктан Махмуд Ахмединежаддын иш-сапары учурунда негизинен казак кара майын Иран аркылуу экспорттоо маселеси тууралуу сөз болору айтылган.

Бирок Иран лидери Астанада кара майга эмес, көбүрөөк өзөктүк энергияга басым жасап, ушул багыттагы сүйлөшүүлөр дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду.

Маалымат жыйыны учурунда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Ирандын тынчтык багытындагы өзөктүк энергия долбооруна колдоо көрсөттү:

«Биздин оюбузча, Иран дүйнөдөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле өзөктүк энергияны тынчтык багытында өндүрүүгө укугу бар»,- деди Нурсултан Назарбаев.

Назарбаевдин айтымында, Ирандын өзөктүк долбоору ачык болуп, эл аралык коомчулуктун шектенүүсүн жаратпашы керек. Буга чейин Иран өзөктүк долбоорун жаап-жашырып, эл аралык коомчулук Тегеранды «өзөктүк курал жасоого ниеттенип жатат» деп айтаган эле.

Жолугушуу учурунда Назарбаевдин Казакстанда эл аралык өзөктүк энергия банкын түзүү сунушун Ахмединежад колдоп чыкты.

Назарбаевдин эл аралык өзөктүк энергия банкын түзүү сунушу колдоо тапса, аны БУУнун алдындагы өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиги көзөмөлдөп, өзөктүк куралдын таркап кетишине бөгөт коюла турганы да айтылды.

Ахмединежад болсо, Иран өзөктүк долбоору үчүн уранды байытууга толук укуктуу экенин баса белгилеп, бирок казак президентинин сунушун колдой турганын айтты:

«Биздин оюбузча эл аралык өзөктүк энергия банкын түзүү идеясы абдан жакшы сунуш болуп саналат. Айрыкча Казакстандын тарыхын алып караганда…»,- деди Ахмединежад.

Советтер союзу кулаган маалда Казакстандын энчисине чоң өлчөмдөгү өзөктүк курал тийген эле. Алар Казакстанды өзөктүк куралдардын өлчөмү боюнча дүйнөдөгү төртүнчү өлкөгө айлантмак. Бирок Казакстан өз эрки менен өзөктүк куралдан баш тарткан.

Эки президент андан тышкары экономикалык маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Ахмединежад Назарбаевдин дүйнөлүк каржы системасын куруу, дүйнөлүк валюта киргизүү сунушун да колдой турганын айтты.
XS
SM
MD
LG