Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:26

Алматыда Арал деңизин коргоо фондун уюштурган мамлекет башчыларынын саммити болуп өттү. Ага Кыргызстандан президент Курманбек Бакиев баштаган делегация барып катышып келди. Ошол делегациянын мүчөсү, айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Баратали Кошматов аталган саммиттин жыйынтыгы жөнүндө “Азаттыкка” айтып берди.

-Арал деңизинин кургап калышына Нарын дарыясынын агымына курулган ГЭСтер эң биринчи терс таасирин тийгизип жаткандыгы саммитке чейин эле айтылып атты эле. Бул маселе боюнча сөз болдубу?

- Алматы шаарында Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери чогулуп, баштагы программа боюнча беш президенттин сүйлөшүүсү 1-2 саатын тегерегинде болду, андан кийин кеңейтилген форматта саммиттин өтүшүнө биз дагы күбө болдук. Чындыгында Аралдын катастрофасы боюнча Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун төрагасы, Казакстан Республикасынын президенти Назарбаев сөз айтты.

Андан кийин биздин урматтуу президентибиз Курманбек Бакиев өзүнүн сөзүндө негизинен көп жылдардан бери көйгөйлүү маселе болуп жүргөн, биздин суу чарба объектилерине, гидротехникалык курулуштарына болуп аткан каражаттар, сарптоолор жалаң гана бир тараптуу, Кыргызстан жактан эле камсыздоо болгонун эске алып туруп, ошону менен бирге Арал деңизинин кургашы, же ушундай катастрофага жетип келишине негизинен сугат жерлерди өздөштүрүүдө көп аянт болгону себеп экенин баса белгилеп кетти.

Казакстанда, Өзбекстанда 60-90-жылдары аябай көп гектар жер үчүн суу көп пайдаланылганын айтып кетти.
Андан бөлөк орчундуу маселелерге токтолду. Мисалы, Кыргызстан боюнча 8200дөн ашык мөңгү болсо, акыркы 30-35 жылдын ичинде 2 миңге жакыны жоюлуп жок болуп кеткенин баардык президенттердин назарына таштап, ошону менен бирге донорлор, мамлекеттик жетекчилер суу түзүлө турган жогорку зоналарга көңүл бурбаса, эртең эч нерсе калбай калышы мүмкүн, коркунуч болушу мүмкүн деген суроону көтөрдү. Мен ойлойм бул жерде көпчүлүк донолор ушуга көңүл бурат деп.

-Президент Бакиевдин саммитте Кыргызстанда таза суунун запасынын азаюк коркунучу бар экенин, эгер дайраларды сактоонун камын чогуу көрбөсө жакын арада бөлүшөргө суу калбай каларын эскерткенин коңшулар кандай кабыл алышты?

- Бул маселеде Тажикстандын президенти Имомали Рахмон айтып кетти. Чындыгында бешинчи дүйнөлүк форумда болгонубузда айтылган болчу, миллиарддан ашык адам дүйнө жүзү боюнча таза сууга муктаж деп. Ошону менен бирге эгерде биз Борбор Азияда эффективдүү пайдалана турган болсок, суу ресурстары бардык элибизге жетиш керек деген ойду айтты. Ошону менен бирге экологиялык таза шартта электр энергияны, гидроэнергияны Кыргызстан менен Тажикстанда өндүрө турган болсок, Бопрбор Азияга гана эмес бөлөк мамлекеттерге да экспорттоп чыгарышка мүмкүнчүлүк болот деп белгиледи.

-Баратали мырза, биздин угармандар үчүн куруп берген маегиңизге чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG