Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:30

Казакстанда президент Нурсултан Назарбаев "улут көсөмү" болуп жарыяланды. Мындай статус ага, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө өмүрү өткөнчө кол тийбес укугун кепилдейт, байлык-байманасын укумдан-тукумга калтырганга мүмкүндүк берет.

Оппозиция өкүлдөрү менен бейтарап эксперттер "улут көсөмү" жөнүндөгү мыйзам болгону президенттин көзү өткөнчө иштейт, андан кийин баары бир кайра каралат дешет.

Парламенттин төмөнкү палатасында жактырылган мыйзам долбоорунда аныкталгандай, биринчи президенттин кол тийгис укугу өмүр бою корголот, ал сот жана башка бардык жоопкерчиликтен бошотулат, кызматта турган кезде жасаган иштери үчүн да ага бийликтен кеткенден кийин эч кандай иш козголбойт. Президенттин жеке өзү, анын үй-бүлө мүчөлөрү жыйнап чогулткан бүткүл баймана-байлыктар – чет өлкөлөрдөгү банк эсептери, козголгус мүлктөрү конфискацияланбайт. Тескерисинче, биринчи президенттин атына акаарат айткандар, анын сүрөттөрүн өрттөп-тыткандар жана башка ушул өңдүү өрөскөл аракеттер террордук кылмыш катары бааланат, ошого тете жазаланат. "Улут көсөмүнүн" үй-музейи ачылат, ал мамлекеттин коргоосуна алынат.

Мындан тышкары Назарбаев бийликтен кеткен соң деле чоң бийлик укуктарын колунда кармап калат. Өлкөнүн ички-тышкы саясатынын бардык багыттары, маанилүү чечимдердин баары "улут көсөмү" менен макулдашылат, анын кеп-кеңеши менен кабыл алынат.

"Улут көсөмү", ошентип, иш жүзүндө ырасмий жаңы кызмат болуп саналат. Көп жагынан ал кокон хандыгы тушундагы "аталыктын" азыркы заманга ылайыкташтырылып, мыйзам түрүндө тастыкталган түрүн элестетет.

"Улут көсөмү" идеясын көтөргөндөрдүн бири, "Нур отан" партиясынын парламенттеги өкүлү Амзебек Жолшубеков мыйзамда эч кандай өрөөн иш жок, болгону элдин эркин туюнткан чечим деп ырастады. "Казакстан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрага болду, келерки жылы Ислам конференция уюмуна төрагалык кылат. Ушунун баары жөн жерден болгон жок, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, көңкү элге таанытууда биринчи президенттин салымы ушундай наамга татырлык болду", -деп айтты ал.

Оппозиция жааты мыйзамгерлердин демилгесин кескин апазда сынга алышты. Бириккен социал-демократтардын "Азат" партиясынын теңтөрагасы Жармахан Туякбай муну өлкөдө өнөкөткө айланып алган оорунун – көшөкөрлүк илдеттин кезектеги өтүшкөн көрүнүшү деп атады. "Түшүнүксүз "улут көсөмү" деген кызматтын мыйзамдаштырылышы менен конституциянын бүткүл курулушу бузулду".

Быйыл апрелге чейин коммунисттерди жетектеп келген Серикболсын Абдилдин сынчылардын хоруна биринчилерден болуп кошулду. Бул мыйзамды ал депутаттар өз эрки менен эмес, жогортон түшкөн көрсөтмө боюнча кабыл алды деп эсептейт. Абдилдин "улуттун көсөмү" болуп аталгыдай Назарбаевдин ошончолук эле көөнөргүс эмгегин көргөн жок.

Айрым эксперттер мыйзам долбоорун депутаттарга өлкөдөгү бизнес "алтандары" сунуш кылган болуу керек деп болжолдошот. Алар Назарбаевди өмүр бою "чоң бийлик" менен камсыз кылып, анын аркасында өздөрүнүн ар кандай жол менен жыйнаган байлыктарын да кол тийгис кылып коргоп калгысы келет окшойт.

Казакстандагы "Новая газетанын" башкы редактору Амантай Дандугулов кандай болгон күндө да "улут көсөмү" идеясынын келечеги жоктугуна ишенет. "Бул документ жараткандан биздин ар кимибизге канча өмүр атаа болсо, ошончо мөөнөткө гана жашайт,бу дүйнөдө түбөлүктүү эчтеме жок",- деп билдирди ал "Азаттыкка".

Парламенттин төмөнкү палатасы кабыл алган мыйзам долбоору бейшемби күнү сенатта жактырылды. Эми документ Назарбаевдин өзүнө жөнөтүлөт. "Улут көсөмү" жасакерлер жамаатын угабы –жокпу, кеп ушунда калды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG