“Ош-аэропорт” өткөрүү пунктунда Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчи өкүлдөрү тажрыйба алмашты. Алар жарандарды текшерип-өткөрүү, коопсуздук чараларына көңүл буруу жаатында жаңы технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба бөлүштү.
Ооганстан, Жакынкы Чыгыш жана КМШдагы айрым өлкөлөрдөгү жагдайларга байланыштуу кыргыз чек арачылары Ошто 25-октябрда ыкчам жыйынга чогулушкан. Анда түрдүү кырдаалдарга даярдык, тажрыйба маселеси талкууга алынууда. Жыйынга чек ара тармагында жетекчи кызматтарда иштегендер чакырылган.
29-октябрга чейин уланчу жыйындарда чукул кырдаалдан чыгуунун бирдиктүү амалдары талкууланат. Катышуучулар өз тажрыйбаларын бөлүшөт. Андан тышкары, өткөрүү пункттарында жарандарды кабыл алуу, автоунааларды текшерүү ыкмалары көрсөтүлөт. (SE)