Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Алматы: даватчы-айым айып пул төлөп, эркиндикке чыгат


Алматыдагы тарса-католик чиркөөлөрүнүн бири
Алматыдагы тарса-католик чиркөөлөрүнүн бири

Алматы шаардык соту тарсалардын «Бириккен чиркөө» кыймылынын даватчысы Елизавета Дреничеванын жаза мөөнөтүн айып пулга өзгөрттү. Бирок биринчи баскычтагы сот Дреничевага койгон айыптын мазмунун өзгөртүүсүз калтырды. Дреничева уруксатсыз дават жүргүздү деп, жыл башында эки жылга эркинен ажыратылган эле.

Алматы шаардык соту быйыл 9-январда Россия жараны Елизавета Дреничева окуган дават-дарстарды эксперттик анализден өткөрүп, анын негизинде тарса даватчыны «социалдык, улуттук, расалык же диний жекөрүүчүлүктү» жайылтты деп тапкан жана эки жылга эркинен ажыраткан. Даватчынын сөздөрүн Казакстандык коопсуздук кызматынын агенттери жашыруун жазып алышкан экен.

Адам укугун коргоочулар башынан эле Дреничеваны Кылмыш кодексине таянып соттоо натуура экенин айтышып, даватчыны «абийир» туткуну деп жарыялашкан.

Адам укугу боюнча Казак бюросунун башчысы Евгений Жовтис өлкөнүн баш мыйзамы берген укукту пайдаланганы үчүн кылмышкер деп соттоо - Дреничеваны «абийир туткунунун» классикалык үлгүсү кылганын айтып чыккан.

10-мартта Алматы шаардык соту Дреничева боюнча биринчи баскычтагы Алмалы райондук сотунун өкүмүн өзгөрттүп, айыпкер эки жылдык жаза мөөнөтүнүн ордуна 250 доллар төлөп, азат болсун деп чечти. Бирок, Дреничевага коюлган жазанын мазмуну өзгөртүлбөдү. Экинчи баскычтагы соттун чечимине айыпкердин адвокаты Берикхан Идрисов макул эмес. «Бизди соттун өкүмү канаатандырган жок. Себеби Елизавета Дреничеванын эч кандай күнөөсү жок. Анткени Дреничеванын күнөөсү далилденбегендиктен, сот аны акташы керек болчу» деген Идрисовдун айтышынча, Дреничева толук акталууга тийиш жана эки айдан бери абак жайда отурганы үчүн моралдык компенсация төлөнүшү абзел.

Көзкарандысыз журналист Сергей Дуванов шаардык сот жогору жактын ыктыяры боюнча Дреничеванын жаза мөөнөтүн акчалай айыпка алмаштырды деп санайт: "Мунун соттун артка чегинүүсү деп бааласа болот. Бийлик ойлонуп туруп, жогорку бийликтин айтканын аткарды жана ушундай кадамга барды."

Казакстанда салтуу эмес диндердин өкүлдөрүн куугунтуктоо, алардын конституциялык укуктарын бузуу, укук коргоочулардын айтымында, кеңири жайылган көрүнүшкө айланып барат. Мисалы, Алматы облустук бийлиги менен жергиликтүү кришнаиттер жамаатынын жер талашы төрт жылдан бери уланууда. Бул аралыкта дача үйдүн ордуна турак үй курулган деген жүйө менен кришнаиттердин 26 ибадаткана-жатагы талкаланып, 47 гектар жери бир тыйын төлөнбөй мамлекеттин эсебине тартып алынган.

Парламенттин жарандардын укуктары боюнча эларалык келишимдер бекитүүнү улам артка жылдырып жатканы соттордун колун эркин коюп, жоопкерчиликтен куткарууда дешет казакстандык адам укугун коргоочулар.

XS
SM
MD
LG