Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Казак–кыргыз чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылганына бүгүн 42 күнгө аяк басты. Казак расмий өкүлдөрү чек ара Кыргызстандагы саясий абал толугу менен турукташканда ачыларын билдирүүдө. Казак тарап буга чейин түшүндүргөндөй чек аранын жабылышындагы эң башкы жүйөө коопсуздук элеби же башка факторлор дагы барбы? “Азаттык” менен казак оппозициясынын чет өлкөлөрдөгү бюросунун башчысы Серик Медетбеков ой бөлүштү.

“Азаттык”: Серик мырза, казак тарап чек аранын жабылышындагы негизги фактор катары коопсуздукту атаган. 7-апрелдеги кийинки алгачкы күндөрдө кыргыз коомчулугу да казак бийлигинин аракетин түшүнүү менен кабыл алган. Бирок чек аранын жабылуу мөөнөтү мурда болуп көрбөгөндөй узакка созулуп кеткендиктен, азыр мындай жагдайды коңшулардын экономикалык блокадасы катары баалагандар чыгууда. Кечээ Казакстандын чек ара кызматынын директору Булат Кыргызбаев чек ара Кыргызстандагы саясий абал толугу менен стабилдешкенде гана ачыларын, азырынча кандайдыр бир мөөнөттү айтуу кыйын экенин билдирди. Чын эле Казакстан үчүн Кыргызстандан ушунча чоң коркунуч туулуп жатабы?

Серик Медетбеков: Жабылган чек ара Казакстан үчүн коопсуздуктун фактору деп айтуу менимче туура эмес. Чек ара Кыргызстандагы кырдаал стабилдешкенде гана ачылат деген формулировканын өзү дагы туура эмес. Анткени бул терминди абдан кеңири чечмелөөгө, кырдаал турукташпагандыгын айтып, чек араны түбөлүккө жабык кармоого болот. Бул - биринчиден. Экинчиден, Кыргызстанга карата экономикалык блокада жүрүп жатканы, үстүртөн караганда эле көрүнүп турат. Ага катар бул - Кыргызстандын убактылуу өкмөтү, жаңы бийликтери үчүн чынында Казакстан жакшы санаалаш коңшу эмес экендигин көргөзгөн белги.

“Азаттык”: Коопсуздук болбосо чек аранын жабылуусундагы негизги фактор катары сиз эмнени көрөсүз?

Серик Медетбеков: Маанилүү факторлордун бири Казакстан мындай жол менен Кыргызстандагы инвестициясын коргоого аракеттенип жаткандыгы. Билесиздер Бакиевдин учурунда Кыргызстанга кыйла эле чоң инвестиция салынган. Биз бул инвестициялардын мыйзамдык жагы, канчалык мыйзамдуу, мыйзамсыз экендиги жөнүндө сөз кылган жокпуз. Муну жаңы бийлик иликтесе керек. Биз ири өлчөмдөгү акча өз учурунда Кыргызстанга куюлганы жөнүндө айтып жатабыз. Казакстандыктар туристтик бизнесте бар. Кезинде президент Назарбаев Ысык-Көлдүн бир учун белек катары алганы маалым. Айрым пансионаттар Бакиевдин өкмөтү учурунда Казакстан тарабынан текейден арзанга сатылып алынды. Ири көлөмдөгү акча Кыргызстандын чийки зат өндүрүшүнө салынган. Биз мына ушулар жөнүндө айтып жатабыз. Жаңы бийлик мыйзамсыз келишимдерди кайра карары түшүнүктүү. Андыктан, Казакстандын элитасы азыр бул акчаларды коргоого аракеттенүүдө, бирок тилекке каршы туура эмес ыкмалар менен. Чек араны жабуу менен Казакстан дагы бир жаңылыштык кетирип жатат. Биз так билип коюшубуз керек. Казак бийлиги менен казак элитасынын казак элине эч тиешеси жок.

“Азаттык”: Казак расмий өкүлдөрү Кыргызстандагы кырдаалдын тезирээк жөнгө салынышын көздөшөрүн, буга кызыкдар экендиктерин бир ооздон билдирип жатышат. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанда, анын ичинде утурумдук өкмөт мүчөлөрү арасында Казакстан чек аранын ачылуусун создуктуруу менен өзү дестабилдештирүүчү фактор болуп жатат деп эсептегендер жок эмес. Сиз эмне дейсиз?

Серик Медетбеков: Казакстандын расмий өкүлдөрү ички саясий стабилдүүлүккө эч кандай таасир көргөзө албайт. Себеби ички саясий стабилдүүлүк маселеси бул - Кыргызстандын ички иши. Ага Казакстандын мамлекеттик же расмий өкүлдөрүнүн кийлигишүүгө акысы жок. Биз Казакстандын расмий, атүгүл биринчи адамдары да жогорудагыдай сөздөргө жамынганы менен чынында өздөрү аймактагы дестабилдештирүүчү фактор болгонунун көп эле мисалын көргөнбүз. Буга азыр да күбө болуп жатабыз. Чек аранын жабылышы мунун мисалы.

“Азаттык”: Кыргызстандын түрдүү коомдук уюмдары тарабынан казак бийликтеринин дарегине жабылуусу узакка созулуп кеткен чек араны ачуу боюнча чакырыктар соңку кездери утур –утур айтылып жатат. Мындай чакырыктарга акыркы күндөрү Казакстандын айрым коомдук уюмдары да үн кошо баштады. Сиздерде калыптанган бийлик иерархиясы боюнча акыркы чечимди президент Назарбаев өзү кабыл алабы?

Серик Медетбеков: Сиз туура айттыңыз. Чек араны албетте президенттин көрсөтмөсү менен жабышты, кайра эле анын буюругу боюнча ачышат. Парламент, бийликтеги башка адамдар да кырдаалга таасир көргөзө албайт. Кечээ казакстандык жаштардын “Абырой” кыймылы бийликтерге, парламентке чек араны ачуу өтүнүчү менен кайрылды. Бирок мындан майнап чыкпайт. Биз түшүнүп коюшубуз керек. Маселени чече турган жалгыз адам - президент Назарбаевдин өзү. Бул - биринчиден. Экинчиден чек араны ачылуусу үчүн Кыргызстандын утурумдук өкмөтү Казакстанга таасир көргөзүү боюнча рычагдардын баарын ишке киргизген жок. Андай рычагдар жетиштүү эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG