Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Айтылбай келаткан акыйкаттын арманы


Алматынын аянтына чыккан жаштар

Алматынын аянтына чыккан жаштар

23 жыл илгери коммунисттик жаалы катуу бийликке каршы чыккан казак жаштарынын аракети, «Желтоксoн» окуяларынынын себеп-жөнү эмдигиче толук ачыла элек.

Кычыраган кышта соккон демократиянын алгачкы желаргысы

Өлкө эгемендикке ээ болгондон кийин деле бул иштин айкынга чыкпай келатышынын олуттуу дегидей себеп-жөнү бар. Эңгезер империянын төбөлдөрү чечкен маселеге каршы чыккан жаштарды тыйып, коммунисттик идеологияны жан дили менен колдогондордун көбү ушу азыр деле жооптуу кызматтарда отурушат. Атүгүл демократияга умтулган өлкө тагдыры ошолордун колунда.

"Желтоксон" казалы

Казак-кыргызга тең акын, учурунда элчилик кызмат аткарган Акбар Рыскулов “Желтоксон” окуяларынын изи сууй элек кезде эңгезер СССРди башкарып турган КПСС БК төбөлдөрүнүн чечимине нааразы болуп Алматынын борбордук аянтына чыгышкан жаштарга арнап ыр жазган.

Аттигиң, өзөгүмдө бар арманым,

Анда мен Алматыга баралбадым.

Байкадым бирок ошол борошодо,

Башымда кара чачым агарганын.
Кордойдон кор болбостон өтсөм эмне,
Колбинди кыргызчалап сөксөм эмне.
Жетимиш жети тамыр сайгылашат,
Желтоксан окуясын эстегенде.

Сезгенде кандуу кармаш башталганын,
Сезбепмин карегимден жаш тамганын.
Кайдасың калемдешим Есенгалый,
Кайда азыр кара боор кашкалдагың?

Аттигиң, өзөгүмдө бар арманым,
Анда мен Алматыга баралбадым.
Байкадым бирок ошол борошодо,
Башымда кара чачым агарганын.

Социалисттик Казакстанды жыйырма жылга жакын башкарып келген Динмухамед Кунаевдин себеп-жөнү айтылбастан кызматтан алынып, ордуна Орусиялык кайсы бир облустук партия комитет катчысынын дайындалышына нааразылыгын билдирип чыккан жаштарды “кайра куруу”, “демократияны” оозунан түшүрбөгөн Михаил Горбачев бийлиги катуу жазага тарткан. Кайсы бир маалыматтар боюнча аянтка чыккан 6 миңге жакын жаштар жарадар болушкан, алааматтын айынан окуудан айдалып, куугун-сүргүнгө кабылгандардын так санын билген киши жок.

Мухтардын канбасымы көтөрүлүп...

Коммунисттик бийликтин улутчул жарлыгына кабылган калктын таламын талашып 90-жылдары СССР Жогорку кеңешине депутат Мухтар Шахановдун демилгеси менен түзүлгөн депутаттык комиссия алдында түшүнүк берген тийиштүү кызматтын эки өкүлү Алматыдагы жаштар нааразылыгын басууда 168 адам курман болгонун билдиришкен. М.Шаханов “Желтоксонго” эми деле баа берилбейт, деген пикирде.

- Муну биз кезинде прокуратурага бергенбиз. Текшерүү маселесин койгонбуз. Бирок аны кийинкиге калтырып койду. Азыркы бийлик, бүгүнкү бийлик алмашмайынча, Н.Назарбаевдин бийлиги алмашылмайын бул жарыкка чыкпайт

Кайгылуу окуянын дарек-дайны М.Шахановдун ушу тапта басмага даярдалып жаткан “Желтоксон” документтүү романында кенен-кесир баяндалмакчы. М.Шаханов “Азаттыкка” берген маегинде казак президенти Н.Назарбаевдин “Эл бирдиги” доктринасына каршы чыгып, саясий ачкалык жарыялоо чечимин кабыл алышып, бирок да бийлик тарабынан жооп болгон соң ниетинен кайтышканын да маалымдады.


Алматыдагы жыйын

Коммунисттик замандан бери айкынга чыкпай келаткан каргашалуу окуяларда кимдер эмнелерди жасаганы такталып, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын сөзсүз алышы керектигин жаңыдан түзүлгөн “Желтоксон” кыймылы азыркы бийликтен талап кылууда. 16-декабрда Алматыда “Желтоксон” көтөрүлүшүнө арналган чоң жыйын Республика аянтында өттү. Эгемендик эстелигине гүлдөр коюлду. 1,5 миңдей адам катышкан жыйында Мамлекеттик тил коомдук кыймылынын жетекчиси Мухтар Шаханов, ошондой эле биртоп саясий партия өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Мыйзам сактоо кызматтары жыйынга келаткан отузга жакын жаштарды кармап, аларды жол эрежесин бузгандыгы үчүн камакка алышканы маалымдалууда.

Уясын издеген кашкалдак

Улут турмушундагы урунт окуя тууралуу сөздү акын Акбар Рыскуловдун ыры менен жыйынтыктоону эп көрүп турам.

Биз менен бирге жашап өтөр үмүт,

Биздин да урпактарга жетер үмүт.

Кыргызда элчи жүрөт Мухтар акын,

Азыр да кан басымы көтөрүлүп.
Биз менен бирге жашап өтөр үмүт,
Биздин да урпактарга жетер үмүт.
Кыргызда элчи жүрөт Мухтар акын,
Азыр да кан басымы көтөрүлүп.

Сөзүмдүн айтсам эгер ток этерин,
Тең көргөн тою менен тобокелин,
Түшүндүк Желтоксондо казагыма,
Кыргыздан жакын тууган жок экенин.

А.Рыскуловдун бул ыры “Желтоксондун” бир жылдыгына карата жазылган. Андан аз мурда казактын таланттуу акыны Есенгалый Раушановдун элдик ырга айланып кеткен “Кара боор кашкалдак” аттуу чыгармасы жаралган. Өзүнүн сазына, уя салган жерине коно албай айласы кеткен канаттуунун арманын баяндаган обондуу ыр калктын кылымдап катылган ою, ичтен сызып келген арманы болчу. “Желтоксон” жарасы айыгып-айыкпай 1991-жылдын декабрында Казакстан эгемендигин жарыялап, эки жыл ашуун республика компартиясын жетектеген Г.Колбиндин ордуна Москва Казакстан министрлер кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди дайындаган. Ошентип эгемендикке чейин, эгемендик тушундагы 18 жылдан бери жалгыз Н.Назарбаев бийликти колдон чыгарбай келатат.
XS
SM
MD
LG