Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Нурсултан Назарбаев Кыргызстанда 7-апрелде болгон окуяларга терс баасын берди. Алматыда шейшемби күнү башталган медиа форумда сүйлөгөн сөзүндө ал Кыргызстандагы бийлик алмашууну ыңкылап деп эсептебесин айтты.

Ушундай эле пикирин Назарбаев 2005-жылы да айткан. Мунун себеби эмнеде жатат?

Казак президенти бүгүн Евразиянын 9-медиафоруму деп аталган жыйында сүйлөгөн сөзүнүн башында эле азыр Казакстанга жана Борбор Азияга дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун көңүлү абдан бурулуп тургандыгына токтолду. Бир нече күн мурда бүткүл дүйнө “кайрадан Кыргызстандагы трагедиялык окуяларга күбө болду”,- деген Назарбаев “бул өлкөдөгү жарандык кагылышты алдын алуу үчүн” өзү бир топ аракет көргөнүн белгилеп, мындай деди:

-Бул - ыңкылап эмес, бул - толугу менен талоончулук. Ыңкылап деп 1917- жылкы Октябрь ыңкылабын айтууга болот. Анда капитализм социализм менен алмашкан. Бизде дагы ыңкылап жасалды деп айтса болот. Себеби тескерисинче социализмден капитализмге өттүк. Бул болсо (Кыргызстандагы окуялар) бирөөлөрдүн башкалар менен алмаштырылуусу гана жана бийлик үчүн күрөш.

Нурсултан Назарбаев ага катар учурда ЕККУда төргалык кылып жаткан өлкө катары Казакстан Кыргызстандын “кризистен тезирээк чыгуусу” үчүн көмөктөшүү ишине жигердүү катышарын кошумчалап, Астана жардам көргөзүүгө даяр экендигин, бирок азыркы баскычта жардамды кимге көргөзүүнүн өзү түшүнүксүз болуп турганын айтты:

-Кечээ Казакстан күйүүчү-майлоочу май жөнөттү. Антпесе, алар жазгы талаа жумуштарын жүргүзбөй калса, күзүндө ачарчылык болот. Кимге жардам берүү керек, кимге колдоо көргөзүү керек, кимге инвестиция берүү керек? Легитимдүү бийлик, тартип, мыйзамдуулук жок.

Казак президенти мындан беш жыл илгери, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды да азыркыдагыдай эле маанайда комментарийлеген болчу. 2005-жылдын 31-март күнү Кыргызстандагы окуяларга баа берүүдө Назарбаев бул - “ыңкылап эмес”, “талап-тоноочулук”, “бандитизм” деген сөздөрдү колдонгон.

Байкоочулардын баамында, Нурсултан Назарбаев өз сөздөрүндө Кыргызстанда эки президенттин тең бийликтен элдик толкундоонун натыйжасында кулатылышынын түпкү себеби катары социалдык – экономикалык көйгөйлөрдү, элдин жакыр экендигин гана утур-утур айтып жүрөт. Бирок Кыргызстандын өзүндө кеңири жайылган жана бир катар эксперттер да колдогон үй-бүлөлүк башкаруу жөнүндөгү пикирди такыр эле оозанбайт. Назарбаевдин Кыргызстандагы эки ыңкылапка тең терс баа берүүсүн Борбор Азияга адистешкен орусиялык журналист жана саясат таануучу Санобар Шерматова жөнөкөй эле себеп менен түшүндүрөт:

Санобар Шерматова
-Менимче бул жерде бир нече себеп бар. Анын биринчиси президенттердин бирөөсүнө да, Орусияда болобу, Борбор Азияда болобу, бийликтин Кыргызстандагыдай жол менен кулатылышы жакпайт. Бул нерсе айдан ачык. Назарбаев мырза соңку сөзүндө бул ыңкылап эмес, бийлик үчүн күрөш деп айтты. Бирок ыңкылаптын баары эле бийлик үчүн күрөш да. Ал 1917-жылды, большевиктерди эске салды. Большевиктер да бийликти убактылуу өкмөттүн алсыз колунан тартып алган да.

Казак оппозициясынын чет өлкөдөгү бюросунун башчысы Серик Медетбеков “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде 7-апрелдеги окуяларды кыргыз элинин “демократия менен кландык системадан арылууга жасалган умтулуусу” катары баалып, ага казак президентинин тетири баа беришин мындайча чечмеледи:

-Чынында минтип айтууга Назарбаев мырза корккондон улам мажбур. Ал Казакстанда да ушундай нерсе болуп кетет деп чоочулайт. Ал эмне үчүн Кыргызстанда орун алган кырдаалдын кайталануусунан, эмне үчүн ыңкылап деген сөздөн коркот? Анткени ал өз элин иш жүзүндө 17-жылга таштап койду. Эгер өлкө ичиндеги коомдук мамилелердин көз карашынан алсак, биз 17- жылдагы дүйнөдөн эч деле айрымаланбайбыз. Коомдук мамилелер дээрлик бир кылым артка ташталган.

Казакстандык коомдук ишмер, “Улут тагдыры” деген кыймылдын жетекчилеринин бир Дос Көчүмдүн айтымында, Назарбаевдин Кыргызстандагы соңку окуяларга берген баасы анын жеке гана пикири болсо керек. Дос Көчүмдүн өзү Кыргызстандагы окуяларды элдик көтөрүлүш деп эсептейт:

-Бул чындыгында элдин адилетсиз бийликке каршы көтөрүлүшү болду. Ал көтөрүлүштү оппозиция даярдадыбы же калктын ачуу ызасынан улам эле чыктыбы, бул тарабын кийин тарыхчылар текшерсе керек. Бирок ушул көтөрүлүштүн натыйжасында кайра эле бир топ экинчи топ менен алмашып калабы же ошол топтун натыйжасында адилетүү шайлоо өтүп, бийликке калк колдогон өкмөт келеби, бул - экинчи маселе. Кыргыз бир туугандарыбызды алдыда күтүп турган маселе.

Алматыда 13-апрель күнү оппозициядагы “Алга” партиясынын жана көз карандысыз “Взгляд” гезитинин демилгеси менен “Казак бийликтери Кыргызстандагы окуялардан кандай сабак алуусу” керек деген тема астында тегерек стол жыйыны өткөн. Талкуунун жүрүшүндө айрым активисттер бийликти сүйлөшүүлөргө мажбурлоо үчүн президент Назарбаевдин 6- июлдагы 70 жылдык мааракесин утурлай каршылык акцияларын өткөрүү зарылдыгын айтышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG