Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Казакстанда журналисттер кабатыр


Интернет мыйзамы талкууланып жаткан кезде казакстандык активисттер бир нече ирээт нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. 2009-жыл, июнь.

Интернет мыйзамы талкууланып жаткан кезде казакстандык активисттер бир нече ирээт нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. 2009-жыл, июнь.

Казакстанда журналисттерди кабатырланткан жагдай пайда болду. Мындан улам журналисттик уюмдарынын бир нечеси өкмөттү өлкөдө Интернет сайттардын жабылышына алып баруучу мазмун кандай критерийлердин негизинде аныкталарын ачыктоого чакырып жатат.

Ушул дүйшөмбү күнү Алматыдагы басма сөз жыйында жарыялангандай, жогорудагыдай чакырык казак калемгерлеринин башын бириктирген бир нече уюмдун атынан өкмөткө жолдонгон ачык катта айтылган. Казакстандагы таанымал бейөкмөт уюм - Сөз эркиндигин коргоо боюнча “Адил сөз” эл аралык корунун алдында түзүлгөн, маалымат талаштары боюнча Коомдук экспертиза борборунун башчысы Галия Аженова “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде калемгерлердин камтамачылыгын мындайча түшүндүрдү:

Галия Аженова
-Казак журналисттери менен интернетчилеринин камтамачылыгы алар эмнени бузбаш керектигин билгиси келгендигинде жатат. Алар эрежелердин кандайдыр бир тизмесин билгиси келет. Интернет сайтка коюлган, гезитке чыккан же ободон берилген текстке, комментарийге экспертиза жүргүзүүдө колдонулуучу расмий методика кандай экенин, кайсыл нерсе мыйзам бузуу, кайсынысы мыйзам бузуу катары эсептелбей турганын билгиси келет.

Казакстанда былтыр августан тартта Интернет ресурстардын баарын, анын ичинде блогдорду да салттуу маалымат каражаттарына теңештирген мыйзам күчүнө кирген болчу. Журналисттик уюмдардын атынан казак өкмөтүнө жолдонгон ачык катта айтылгандай, Компьютердик инциденттерге жооп кылуу кызматы деп аталган мекеме жакындан тарта жаңы мыйзамга ылайык мазмууну бузуку деп эсептелген Интернет сайттарды аныктоо ишин баштаганын жарыялаган. Бирок ошол мазмуунду аныктоодо ал уюм, ага катар укук коргоо, сот органдары тарабынан кандай методика, критерий колдонулары Интернет сайттардын ээлерине, редакторлоруна, модераторлоруна таптакыр белгисиз.

Мындай жагдай же “Адил сөз” корунун төрөайымы Тамара Калеева Алматыдагы басма сөз жыйыны учурунда белгилегендей, “эркин диалогдун жана ачыктыктын жоктугу мамлекеттик органдардын мыйзамсыздыгына алып баруусу мүмкүн”. Маалымат талаштары боюнча Коомдук экспертиза борборунун башчысы Галия Аженованын пикиринде, Интернетти салттуу маалымат каражаттарына теңештирген мыйзам иштеп жаткан шартта, өкмөт сайттарды блокадалоодо кармануучу эрежелердин да тезирээк ачыкталышы зарыл:

-Тилекке каршы, биз азыр бул сайт ушул же тигил себеп менен жабылды деп айта албайбыз. Андыктан бул абдан маанилүү маселе. Биз бүгүн сайттар жапырт жабылып же аларга чара колдонулуп жатканын билбегенибиз менен бул эртең мындай болбойт дегенди туюндурбайт.

Казакстанда былтыр интернет ресурстардын баарын салттуу маалымат каражаттарына теңештирген мыйзамдын кабыл алынышы кызуу талаш-тартыштар менен коштолгон эле.

Расмий Астана ал мыйзам тыюу салынган экстремисттик жана жаш балдарды бузган порнографиялык маалыматтардын жайылышына бөгөт койот деп ырастаса, укук коргоочулар казак өкмөтү сөз эркиндигин ооздуктап, бийликти сынга алган интернет баракчаларды жабууга ырасмий мүмкүнчүлүк алууну көздөп жатканын айтып чыгышкан.

Бир катар эл аралык уюмдар мыйзам Казакстандын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы быйылкы төрагалыгына шайкеш келбей турганын белгилешип, президент Нурсултан Назарбаевди ага вето салууга чакырышкан. Байкоочулар болсо Казакстандын мисалында мазмууну бийликтегилерге жакпаган сайттарды блокадалоо тажрыйбасы мурдатан эле өкүм сүрүп келген Борбор Азия өлкөлөрүнө жаман өрнөк көрсөтүлүп жатканына токтолушкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG