Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Казакстан ЕККУга төрагалык кыла баштады


ЕККУнун жана Казакстандын желектери. ЕККУнун Туруктуу Кеңеши. Вена.
ЕККУнун жана Казакстандын желектери. ЕККУнун Туруктуу Кеңеши. Вена.

14-январдан тарта Казакстан ырасмий түрдө Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУга төрагалык кылууну баштады. Казакстан ЕККУга төрагалык кылчу биринчи мурдагы советтик өлкө.


Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев Уюмдун Туруктуу Кеңешинде сүйлөп, Астана ЕККУнун негизги ишмердүүлүктөрүн, анын ичинде коопсуздук жагындагы кызматташууну, экономикалык өнүгүүнү, демократияны жана адам укуктарын колдоорун билдирди. Президент Назарбаев жыйынга жөнөткөн видеокайрылууда ЕККУнун дымып калуусу же жоголуусу коркунучтуу вакуумду жаратат деди.

Казакстан ЕККУга төрагалык кылчу биринчи экс-советтик өлкө

ЕККУнун Венадагы Туруктуу Кеңешинин жыйыны - уюм төрагасы, Казакстандын президентинин кайрылуусу менен ачылды. Назарбаев
Казакстандын Тышкы иштер министри-Мамкатчы Канат Саудабаев ЕККУнун Туруктуу Кеңешинде сүйлөп жатат. Вена. 14-январь 2010
өлкөсүнө көрсөтүлгөн ишенимге алкыш айтуу менен төрагалык кылуунун татаалдыгына токтолду:

-ЕККУ 21-кылымдын көп түрдүүлүгүн тааныган уюмга айлана алабы же салттуу Батыш Чыгыштан обочолунгон жана жаатташкан блоктордун ичиндеги уюм бойдон калабы? Бул ЕККУнун келечегин аныктоочу негизги маселе.

Назарбаев дүйнөнүн көп кырдуулугун эске салып, Россия президенти Дмитрий Медведевдин Европада калыптанган коопсуздук жагдайына ылайык коопсуздук боюнча жаңы келишим түзүү сунушун Астана колдооруна ишара кылды. Буга жайында сүйлөгөн Казакстандын тышкы иштер министри - Мамкатчы Канат Саудабаев да көңүл бурду. Ал ЕККУнун кеңсе төрагасы ирети биринчи ырасмий сапарга февралда Түштүк Кавказга бармакчы.

“Создугуп бараткан жаңжалдарды” жөндөгөнгө салым кошуу-төрагалык кылган өлкөлөрдүн көңүл чордонунда кала берет,- деп сөзүн улантты Саудабаев. - Биз да бул катаал жараянды жөндөө үчүн бар аракетибизди жасайбыз. Ошол эле убакта биздин уюм гуманитардык алааматка жана адам кайгысына алып барчу жаңжалды болтурбоонун жолун табууга тийиш.”

Президент Назарбаевдин айтымында, Казакстандын төрагалыгы: ишеним, салт, ачык-айкындык жана сабырдуулук шекилдүү төрт
Казакстандык өнөрпоздор өлкөсүнүн ЕККУга төрагалык кылуусуна арналган концерт беришүүдө. Вена. 13-январь 2010
баалууктун урааны астында өтөт. Ал быйыл сөзсүз ЕККУнун саммитин өткөрүү керек деп санайт. Себеби 1999-жылдан бери уюм анын бардык мүчөлөрү катышкан саммит өткөрө элек. Бул Назарбаевдин сөзүнчө, “ЕККУ кризисте болбосо да дымып жатканын” мүнөздөйт.

ЕККУнун “конференция дипломатиясы”

2008-жылкы Россия-Грузия согушу ЕККУга мүчө 56 өлкөнү эки жаатка бөлгөндүктөн кайсы бир талаштуу маселени кабыл алууда каршы тараптарды мунасага келтирүү төраганын милдети. Бул жөнүндө ЕККУнун мурдакы кеңсе төрагасы, Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб “Азаттыка” берген интервьюда мындай деди:

-...ЕККУ мунасага таянган уюм. Ал өз ишинде негизинен “конференция дипломатиясына” таянат. Ошон үчүн, төрага кайсы бир маселе боюнча бардык мүчөлөр менен сүйлөшүүгө тийиш. Мында арийне, төраганын ролу абдан маанилүү.

Жаңы төрага, Саудабаевдин сөзүнчө, “Ооганстанга да өзгөчө көңүл бурат”. Саудабаев ошондой эле ЕККУнун Демократия институту жана адам укугу боюнча кеңсесине (ODIR) колдоо билгизип, бирок кеңсени жана ЕККУнун парламенттик ассамблеяны “шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүдө калыс жана конструктивдүү болууга” кепилдик берчү механизмди ойлоп табууга үндөдү.

Казак оппозициясы жана эл аралык адам укугун коргоочулар авторитардык режимдеги Казакстан ЕККУнун демократиялык идеяларын карманбайт дешип, өлкөнүн ЕККУга жетекчилик кылуусуна каршы болушкан.

14-январда да оппозициядагы "Азат" партиясы ЕККУга кайрылып, уюмдагы казак делегациясынын курамына оппозициячыл саясатчыларды киргизүүнү жана уюмдун парламенттик ассамблеясында Казакстандагы демократиянын абалы боюнча атайын талкуу өткөрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG