Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Казакстандагы соңку эл каттоонун өткөн аптада жарыяланган расмий жыйынтыгына караганда, өлкөдө түпкү улут – казактардын саны бир топко көбөйгөн.

Талдоочулардын айрымдары мындан күмөн санаса, экинчилери казактар саны азайып көрсөтүлгөнүн белгилешти.

Былтыр март айында өткөрүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы бир жыл сегиз ай дегенде гана чыгарылды. Ушул фактынын өзү да байкоочулар арасында шек саноолорду жаратпай койгон жок.

Эл каттоодон кийинки алгачкы божомолдордо бул ирет өлкөдөгү түпкү улут – казактардын саны жалпы калктын 67 пайызына чейин чыгат деп болжолдонуп келинген эле. Бирок расмий тыянак мындан төмөнүрөк болду. Казакстандын Статистика боюнча агенттигинин төрагасы Алихан Смаиловдун ырастоосунда, акыркы каттоо казактар азыр калктын 63,9 пайызын түзөрүн көрсөттү:

Алихан Смаилов
- Эң башында 65-67% деген сандар айтылган. Булар туура эмес маалымат болчу. Анткени каттоонун жыйынтыгын чыгарбай, маалыматтар базасын иштеп чыкпай туруп акыркы жыйынтыкты айтуу мүмкүн эмес. Маалыматтарды иштөө эми гана аяктады. Казактардын үлүшү 63,9%. Мына ушул санга ишенүү керек.

Ошентип бул жолку эл каттоонун жыйынтыгында Казакстанда калктын жалпы саны 16 миллион 372 миңге чыккан. Бул 1999-жылкы каттоодон бери эл саны бир миллион 27 миңден ашуунга же 5,9 пайызга көбөйдү дегенди туюндурат. Булардын ичинен казактардын саны акыркы он жылда 26 пайызга өсүү менен 10 миллион 96 миңден ашкан.

Алматылык экономист Канат Берентаевдин пикиринде, акыркы он жылда казактар санынын көбөйүшүнө сырттан көчүп келген улутташтар же Казакстандын өзүндө колдонулуп жүргөн термин боюнча оралмандар да салым кошуусу мүмкүн. Бирок Канат Берентаев мындай болгон күндө деле казактар санынын 64 пайызга жакындоосу жогорулатылган көрсөткүч деп эсептейт:

- Статистика органдары түпкүлүктүү элдин санын көбөйтүүгө аракеттенгендей. Менимче бул реалдуу эмес, мындан азыраак.

Экономист Канат Берентаев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, өлкөнүн түндүк облустарына караганда түштүк облустарында балдардын төрөлүү, аны менен катар балдар жана энелер арасындагы өлүм көрсөткүчү да жогору.

Эл каттоонун жыйынтыгы боюнча бир катар шек санаткан жагдайлар бардыгын “Улут тагдыры” деген коомдук кыймылдын төрагасы Дос Көчүм да белгилейт. Бирок анын көз карашында, казактар саны бул эл каттоодо да төмөндөтүлүп калды:

Дос Көчүм
- Бул санга (63,9 пайызга) көптөгөн казактар кирбей калышы толук мүмкүн. Себеби бизде да айылдан шаарды көздөй ички миграция бар. Алардын (ички мигранттардын) көпчүлүгүнүн катталган жери жок же расмий катталбай туруп иштешет, маселен, базарларда. Жумушсуздар бар. Булар илинбей калуусу толук ыктымал. Себеби эл каттоо ырааттуу, эрежелерди бекем сактоо менен жүргөн жок. Эл каттоочулар адамдардын баарынын эле үйүнө келбеди. Мисалы, мен өзүм сураган досторумдун, туугандарымдын көбүнүн үйлөрүнө эл каттоочулар барган эмес. Менин оюмча каттоочулардын көбү маалыматты турак-жай кооперативдеринен же адамдардын жумуш орундарынан алышкан. Андыктан күмөн саноолор бар. Менин оюмча казактар саны 70 пайызга жакындап калганы анык.

Казакстандын Статистика боюнча агенттигинин төрагасы Алихан Смаиловдун ырастоосунда, каттоого элдин бир пайыздайы эле же 160 миңдей эле адам камтылган жок. Каттоонун расмий жыйынтыгы Казакстандагы орус калкынын саны акыркы он жылда 15,3%га азайып, азыр 3 миллион 800 миңдин тегерегинде экенин көрсөткөн. Бул жалпы калктын 23 пайыздан ашууну дегендик. Бул жолку эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Казакстан калкынын 54 пайыздан ашууну шаарда, 45 пайыздан ашууну айылда турат. Шаарда жашайт деп эсептелгендердин саны өсүүсүн расмий өкүлдөр жана эксперттер айылдык райондордун шаарларга кошулуусу менен түшүндүрүшүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG