Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Казакстан: Конституцияга 15 жыл


"Азат" партиясынын активисттери Нурсултан Назарбаевди өмүр боюу президент кылуу демилгесин көтөргөн актөбөлүк профессор Закратдин Байдосовго Конституциясын чынжырга оролгон үлгүсүн жөнөтүшкөн. Талдыкоргон, 2009-жыл, сентябрь.

"Азат" партиясынын активисттери Нурсултан Назарбаевди өмүр боюу президент кылуу демилгесин көтөргөн актөбөлүк профессор Закратдин Байдосовго Конституциясын чынжырга оролгон үлгүсүн жөнөтүшкөн. Талдыкоргон, 2009-жыл, сентябрь.

Казакстанда өлкө Конституциясы кабыл алынганынын 15 жылдыгы майрамдалууда. Астанадагы аскерий параддагы куттуктоо сөзүндө президент Назарбаев элдин эрки менен жаралган Конституция өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи болгонун белгиледи.

Ал эми казак оппозициясынын өкүлдөрү менен талдоочулар Конституцияга акыркы он беш жыл аралыгында киргизилген өзгөртүүлөр бир кишинин гана бийлигин чыңдоо багытында жүргөнүн айтышат.

Казакстандын Конституциясынын азыркы долбоору 1995-жылдын 30-августунда жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынган. Бирок андан бери да документке парламент аркылуу бир нече жолу өзгөртүү киргизилди. Он беш жылдык мааракенин урматына 30-августта Астанада аскерий парад өткөрүлдү. Ага чейин бир катар майрамдык иш-чаралар, илимий-практикалык конференциялар уюштурулду.

"Бардык жетишкендиктердин булагы - Конституция"

Казак президенти Нурсултан Назарбаев
Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын акыркы он беш жылдагы жетишкендиктери Конституциянын жана анын негизинде кабыл алынган мыйзамдардын таасиринин конкреттүү жыйынтыгы деп эсептейт. Ал маселен өткөн апта соңунда Астанада “Конституция – мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнүн негизи” деп аталган илимий-практикалык конференция учурунда буларды белгиледи:

- 1995-жылы өлкө өзүнүн кеңири талкуудан өткөн башкы документин – Конституциясын кабыл алды. Жаратмандыктын уставы болуп калган Конституция биздин бардык жетишкендиктердин булагына айланды. Конституциянын принциптерин кыйшаюсуз аткаруунун натыйжасында биз кыска убакыт ичинде майтарылбас мамлекеттүүлүгүбүздү орноттук, көз карандысыздыгыбызды чыңдадык.


Нурсултан Назарбаев Астанадагы конференцияда сүйлөгөн учурунда ага катар Казакстан демократиялык өнүгүү жолунан баш тартпагандыгын, “демократия Казакстан үчүн ал бара жаткан жолдун башталышы эмес, аягы” экендигин, элде демократиялык маданиятты калыптандыруу үчүн убакыт зарылдыгын кошумчалады.

Кагазда калган демократия


Казакстандын Конституциясында демократиялык нормалар камтылган деген ырастоолорго жергиликтүү оппозициянын активисттери деле кошулат. Бирок “Азат” жалпы улуттук демократиялык партиясынын катчысы Амиржан Косановдун айтымында, маселе ошол жоболордун кагаз бетинде эле калгандыгында:

- Эки жүздүү Конституция деп айтар элем. Анткени кээ бир беренелеринде Казакстандын демократиялык, укуктук, социалдык мамлекет экени көргөзүлгөн жана жарандардын негизги эркиндиктери, анын ичинде сөз эркиндиги, уюм түзүү эркиндиги, жыйналуу эркиндиги жана башкалар бар. Бирок, тилекке каршы, дал ошол жоболор ишке ашпай келет.

Досым Сатпаев
Президент Нурсултан Назарбаевдин сынчылары ошондой эле Конституцияга киргизилген кийинки өзгөрүүлөр жеке адамдын бийлигин чыңдоо багытында гана болгонун белгилешет. Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев бул жараян аракеттеги Конституция кабыл алынган 1995-жылдан башталып, азыр иш жүзүндө аяктады деген пикирде:

- 1995-жылы азыркы Конституция кабыл алынганда эле иш жүзүндө президенттик бийлик бийликтин калган бутактарынан жогору коюлган болчу. Ошол учурдан тартып Казакстанда президент баарынан өйдө турган системаны түзүү боюнча саясий жана укуктук жараян башталган. Жөнөкөй тил менен муну авторитардык система деп аташат. Азыр биз анын акыркы баскычын көрүп жатабыз. “Улут көсөмү” жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынуусу менен буга чекит коюлду деп эсептесек болот. Система түзүлдү. Азыр ал системаны бийликтин бардык бутактарынын тең салмактуулугу сакталган абалга кайта алып келүүнү, албетте, эч ким каалабайт. Бул балким, азыркы президент кеткен учурда гана ишке ашат. Эң жакшы дегенде, балким, кээ бир саясий күчтөр ошол тең салмактуулук калыбына келтирилишин талап кылат.

Казакстанда “Улут көсөмү” жөнүндөгү мыйзам быйыл июнь айынан тарта күчүнө кирди. Ага ылайык Назарбаев президенттик кызматтан кеткен күндө деле азыркы ыйгарым укуктарынын дээрлик баарын сактап калат. Өзү жана үй-бүлөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, алардын мүлкү кол тийгис болот. Ага чейин Конституцияга 2007-жылы киргизилген өзгөртүү быйыл 70 жашка толгон Назарбаевдин биринчи президент катары мамлекет башчылыгына өмүр бою шайлануусуна жол ачкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG