Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Казакстандык жарандын арызы Улуттар уюмуна жетти


Казак полициясы Алматы шаарындагы митингге байкоо салууда. 11-апрель 2010.
Казак полициясы Алматы шаарындагы митингге байкоо салууда. 11-апрель 2010.

Казакстан полициясынын адамдарды уруп-кыйноолору боюнча Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы күрөшүү комитетине арыз түштү.

Арызды Нью-Йоркто жайгашкан "Укуктук демилге" ачык коому жөнөткөн. Казак жараны, кустанайлык Александр Герасимов полициядан көргөн азабын Казакстандын сот органдарына жазып, бирок үч жыл күтүп адилеттик тапкан эмес.

Герасимовдун арызы үч жылда Нью-Йоркко жетти

Александр Герасимов 2007-жылы мартта полицияга камакта сурак берип жаткан баласынын абалын сураганы барганда ур-токмокко алынат жана жөн адам ойлоп тапкыс кыйноону көрөт. Полициянын максаты Герасимовдун мойнуна ал жасабаган ишти-адам өлтүрүүнү койуу болгон. Ал жөнүндө Нью-Йоркто жайгашкан Улуттук демилге ачык коомунун аткаруучу директору Жэймс Голдстон мындай дейт:
-Колу байланып, полго көмкөрөсүнөн жаткырылган Гермасимов мырзаны бир офицер тизеси менен дембе-дем жерге ныктап турган. Бул убакта аны аба жетпей муунсун деп, башына желим баштык кийгизип коюшкан. Полиция кызматкерлери ал дем ала албай калганда башын баштыктан чыгарып, аны өзүнө келтирип туруп кыйноону кайра улантышкан.

Бети-башы жарылып, бөйрөгүнөн запкы жеген Герасимов 13 күн ооруканада жатып чыгат, бир айдан көп психологиялык эмдөө алат. Бирок ошондон бери түн уйкусу качып, кыйналып жүрөт.

Казакстандын сот органдары Герасимов полиция үстүнөн жазган арыздарды карабай койгон соң ал Казакстандын адам укугу жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросуна кайрылат. Бюро арызды өнөктөшү Укуктук демилге ачык коомуна жөнөтүп, ал болсо Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы комитетине кайрылып отурат.

Жэймс Голдстон казак бийликтери эми Герасимовдун аразын иликтеп, аны кыйнаган полиция кызматкерлерин жазалайт же дарыланууга кеткен чыгымын төлөп берет деп ишенет. Мындай ишеним эки нерсеге негизделген. Биринчиси, Казакстан учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы болгондуктан, адамдарды кыйноолорду тыйуу үчүн чечкиндүү чара көрүүгө милдеттүү. Экинчиси, өлкө Кыйноолорго каршы эл аралык конвенцияга кол койгондуктан, алган милдеттенмесин аткарышы зарыл.

Полициянын зөөкүрлүгү уланууда

Казакстан Кыйноолорго каршы конвенцияга кошулса да полиция ичиндеги чоң муштумдук тыйыла элек. Герасимов сыяктуу окуяны 5-апрелде карагандалык Алтызбаев Арзыман да баштан кечирди. Ал полицияканада көргөн кордугу тууралуу Казакстандын адам укугу жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросунун облустагы башчысы Юрий Гусаковго мындай деп жазат:

- Алар адегенде мени менен кадыресе сүйлөштү. Андан соң чөнтөгүмдөгү буюмдарды чыгартып, курткамды чечтиришти. Кийин колума зоолу тагып, башыма пакет кийгизип алып, ура башташты. Алар үчөө эле. Эч жеримди соо коюшпады. “Күнөөнү мойнуңа албасаң, чонтойуңа наркотик салып койобуз”, деп да коркутушту мени.

Гусаковдун айтышынча, Жезказганда жакында эле Канат Усентаев деген бейкүнөө адамды өлөрчө токмоктоп салганы үчүн полициянын бир нече кызматкери абакка кесилген.

Укуктук демилге ачык коому 22-апрелде жасаган билдирүүдө “Уруп-кыйноолор “Борбор Азияга мүнөздүү көрүнүш. Полиция тийиштүү изилдөө жүргүзгөндүн ордуна көбүн эсе зобун-зордук менен күнөөнү моюнга алдырат” деп белгиленет.

Баса, былтыр июлда кыргызстандык журналист Алмаз Ташиев милициянын үч кызматкеринин ур-тепкисинен каза тапкан.

XS
SM
MD
LG