Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

АКШ Сенаты Черногориянын НАТОго мүчө болушуна добуш берет


Сенаттагы республикачылардын лидери Митч МакКонел.
Сенаттагы республикачылардын лидери Митч МакКонел.

АКШ Сенаты кийинки жумада Черногориянын НАТОго мүчө болуу сунушуна добуш берет. Бул тууралуу 23-мартта республикачылардын Сенаттагы лидери Митч МакКоннел билдирди.

Мындан мурда АКШ президенти Дональд Трапмтын администрациясы мыйзам чыгаруучуларды тезинен бул ишти аягына чыгарууга чакырган.

Рейтер агенттиги 21-мартта кабарлагандай, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Сенат лидерлерине кат жазып, Черногориянын НАТОго мүчө болушу “АКШ кызыкчылыктарына жооп берерин” айткан.

НАТОго мүчө 28 өлкөнүн бардыгы Черногориянын альянска мүчө болуу макулдашуусун ратификациялаган соң гана өлкө расмий түрдө уюмга мүчө болот.

Эки республикачы сенаторлор Пол Ренд менен Ли Майкл макулдашууга каршы чыгып келишкендиктен бул добуш берүү Сенатта бир нече айдан бери кармалып келген.

Кошмо Штаттардын Конституциясына ылайык, НАТОго жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу макулдашуусу Сенаттын 100 мүчөсүнүн үчтөн экисинин колдоосун табышы керек.

XS
SM
MD
LG