Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Адам укуктарынын жыл сайын белгиленип келаткан 10-декабрь күнү Алмата облустук соту казакстандык белгилүү укук коргоочу Евгений Жовтистин көзөмөл арызын четке какты. Ошентип аны коргоп калуунун мыйзамдуу чаралары калган жок.

Муну менен Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун башчысын 4 жылга эркинен ажыратуу тууралу Балхаш райондук сотунун чечими күчүндө калды.

25-июлда Евгений Жовтис Алмата облусунун Акдала айылына жакын жерде өзүнүн «Тойота Раннер» автомашинасы менен 35 жаштагы Канат Молдабаевди уруп алып, ал каза болуп калган.

Эми ишти көзөмөл иретинде кароону суранган Евгений Жовтистин арызы өзгөртүүсүз калтырылып отурат. Соттолуучунун адвокаты Виталий Воронов ал тууралуу «Азаттыкка» «Алмата облустук сотунун көзөмөл коллегиясынын судьялары көзөмөл иретинде кайра иш козгоого негиз жок деп чечишти. Алар муну менен апелляциалык коллегиянын токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп табышты», - деди телефон аркылуу.

Укук коргоочулар жана «Фридом Хаус» сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар Евгений Жовтистин кылмыш ишин тергөө маалында, соттун жүрүшүндө бир катар мыйзамдардын бузулганын айтышкан болчу. Адвокаттын билдиришинче, Евгений Жовтистин иши өтө оор кылмыш болбогондуктан ал Жогорку сотто каралбайт, ошентип аны коргоонун мыйзамдык баардык чаралары тамам болду:

«Азыркы кылмыш-процессуалдык мыйзамга ылайык коргоочу тарап бардык инстанциялардан өттүк. Анткени Кылмыш-процессуалдык кодекстин 458-беренесинин 2-бөлүгү боюнча биз Жогорку Сотко кайрыла албайбыз, анткени анын кылмышы өтө оор деп эсептелбейт», - дейт адвокат В.Воронов.

Бир нече күндөн кийин ал Е.Жовтис жаткан Усть-Каменогорскидеги түрмөгө барып, мындан ары эмне кыларын талкуулашмакчы. Эми болгону Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитети гана калды.

Ал арада ырасмий Астана укук коргоочулар менен коомчулукту бул ишке ашыкча боёк сүртпөй турууга чакырды. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ержан Ашикбаев Е.Жовтистин ишинде эч кандай «эксклюзивдүүлүк» жок экенин айтат. «Статистика боюнча 2009-жылдын январь – июль айларында Казакстанда ушуга окшогон 179 автокырсык катталган. Алардын 136ы же 76 пайызында соттолуучулар түрмөгө отургузулган», дейт бийлик өкүлү.

Ага карабай актоочу тарап Е.Жовтистин окуя болгон жерден качып кетпегенин, маркумду жерге берүү чыгымын өз мойнуна алганын айтып, сот бул жагдайлага карабай койгонун айтууда.

Соттук алгачкы отурумда жактоочулар каза тапкан Канат Молдабаевдин апасынын арызын алып келген. Анда эне Е.Жовтис анын алдынан кечирим сурап өткөнүн, сөөктү коюуга жардамдашканын, 15 миң доллар материалдык көмөк көрсөткөнүн айтып, укук коргоочуга доосу жоктугун билдирип, кылмыш ишин козгобой эле коюуну суранган. Бирок Канат Молдабаевдин башка бир туугандары кылмыш ишин козгоону талап кылышкан болчу.
XS
SM
MD
LG