Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Борбор Азия болочокто урандын убайын көрөбү?


Казак президенти Нурсултан Назарбаев. 2008-жылдын 7-августу.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев. 2008-жылдын 7-августу.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев төрт күндүк иш сапар менен Индияда жүрөт. Ишембиде Делиде эки тарап Казакстандын Индияга өзөктүк отун сатуусуна жол ачкан келишимге кол коюшту.

Ишемби күнү Делиде эки тарап бир нече (анын ичинде Казакстандын Индияга өзөктүк отун экспорттоосуна жол ачкан) келишимге кол коюшту.

Дүйнө өзөктүк кубатка багыт алары күтүлүп жаткан шартта уранга бай аймак катары эсептелген Борбор Азия кырдаалды өз кызыкчылыгында пайдалана алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөр барбы?

Урандын ачылган корлору жагынан Казакстан дүйнөдө экинчи орунда турат.

Былтыр өндүрүштүн көлөмү 30%га жакынга көбөйгөн. Ал эми Индия өзөктүк реакторлордун саны жагынан дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсүнүн катарында жана аларды отун менен камсыздоо булактарын тынбай издеп келе жаткан кези. Андыктан эки өлкөнүн бул чөйрөдөгү кызматташуусуна бекем жүйөө бардай.

Нурсултан Назарбаевдин Индиядагы төрт күндүк сапарынын алкагында ишемби күнү (24-январда) эки тарап бир нече келишимге кол койду. Казакстандын КазАтомПром улуттук компаниясы менен Индиянын өзөктүк кубат боюнча корпорациясы (NPCIL) түзгөн келишим Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндөгү меморандум деп аталат. Бул - эки өлкө өзөктүк кубат жаатындагы алака-катыш боюнча кол койгон алгачкы документ.

Ушул жана башка макулдашуулардын соңуна Казакстан Индияга уран жөнөтө баштаса, ал Индия менен бул чөйрөдө соода кылган АКШ, Франция, Орусиядан кийинки төртүнчү өлкө болот.

Дүйнөдө 2030-жылга карата жаңы 300 АЭС ишке кирери күтүлүүдө. Алардын отузу азыр эле курулуп жатат. Бирок 2006-жылы уран өндүрүүчүлөр дүйнөлүк суроо -талаптын болгону 62%ын гана канаатандыра алышкан. Эксперттердин болжолунда, эгер мерчемделген АЭСтердин баары ишке кирсе, уран өндүрүшү да 2030-жылга карата үч эсеге көбөйүүсү керек.

Роберт Ванс - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун Өзөктүк кубат боюнча агенттигинин аналитиги. "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын кабарчысына уран өндүрүштүн болочогу тууралуу буларды айтты:

- Өзөктүк технологиянын, өзөктүк кубаттын келечеги кыйла эле жакшы көрүнөт. Андыктан уран көбүрөөк талап кылынат. Өзөктүк кубат боюнча агенттик муну иликтеди жана жакында өз божомолун жарыялады. Ага ылайык, өзөктүк кубатты керектөө анчалык тез өспөгөндө деле жылына 70 миң тонна уран, эгер өсүш жогору болсо 100 миң тонна уран талап кылынат. Дүйнөдө азыр жылына 40-45 миң тоннанын тегерегинде уран өндүрүлөт. Демек Борбор Азияда бул өндүрштү өркүндөтүү зарылдыгы бар жана мында өзгөчө Казакстан борбордук ролду ойнойт.

Борбор Азиядан Казакстандан тышкары Өзбекстан да уран өндүрүү жагынан дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Уран иштетүүчү ишканалар Кыргызстан менен Тажикстанда да бар. Азыр эскилиги жетип калган жана СССРден мураска калган инфраструктура оңдолуп-түзөлүп, жаңыланса, талдоочу Роберт Ванстын пикиринде, Борбор Азия уран өндүрүшүн кескин көбөйтө алат:

- Менимче техникалык жактан алар жакшы эле жабдылган. Алар (Борбор Азия өлкөлөрү) СССРдин бир бөлүгү болгон кезде уран арбын өндүрүлгөн жана өндүрүү жөндөмдүүлүгү жагынан алар жакшы эле жабдылган. Балким инфраструктура: жол, электр, кендерди иштетүүдө талап кылынуучу материалдар менен камсыздоо жагынан көйгөйлөр бар. Бирок техникалык экспертиза жагынан алар жакшы жабдылган.

Ричард Локхард - Шотландиянын борбору Эдинбургда чыгуучу "Energo" деген апталык басылманын редактору. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын кабарчысы менен маегинде Казакстан дүйнөнүн эң ири уран экспорттоочусуна айланууну көздөп жатканын белгиледи:

- Казакстан өлкөнүн уран боюнча монополисти КазАтомПромдун маалыматына караганда, 2010-жылы өндүрштү 15 миң тоннага жеткирүүнү көздөөдө. Бул Казакстанды уран өндүрүү жана экспорттоо жагынан дүйнөнүн лидерине, ал эми КазАтомПромду эң ири өндүрүүчүгө жана экспорттоочуга айланат.

Мамлекет карамагындагы КазАтомПромдун быйылкы планы – 11,9 миң тонна уран өндүрүү жана бул - былтыр өндүрүлгөн 8,5 миң тонна менен салыштырганда чоң секирик. КазАтомПром 2018-жылга карата сыртка сатылуучу урандын көлөмүн 18 миң тоннага жеткирүүнү көздөөдө.

Борбор Азиядан чыккан урандын көбү ушу тапта Чыгыш Азияга, Кытай, Жапония, Түштүк Кореяга кетет.

Бирок болочоктогу суроо-талап боюнча божомолдор чын чыкса, Борбор Азиянын ураны Европага, АКШга да сатылары турган иш.

Анткен менен мында көпчүлүктү ойлондурган чоң маселе – өзөктүк отунду ары-бери ташуунун коопсуздугу.

Атомдук кубат боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген материалда Борбор Азиянын беш өлкөсү тең Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин мүчөсү жана МАГАТЭ менен коопсуздук боюнча ар тараптуу макулдашуусу бар экени айтылат.

Дүйнө өлкөлөрү менен өзөктүк жана радиоактивдүү заттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзгөн бул уюмдун айтымында, беш өлкө МАГАТЭ менен кошумча протоколдорго да кол коюшкан.

Ал эми 2006-жылдын сентябрында беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери Борбор Азияда өзөктүк куралдан эркин аймакты түзүү боюнча келишимге кол коюшкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG