Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

Казакстан: Өзөктүк сыноо запкысы


Казакстан -- 1-советтик өзөктүк сыноо, Семипалатинск, 29-август, 1949-жыл

Казакстан -- 1-советтик өзөктүк сыноо, Семипалатинск, 29-август, 1949-жыл

Мындан туптуура 60 жыл мурда, 1949-жылдын 29-августунда Казакстандын Семипалатинск облусунда биринчи жолу СССРдеги өзөктүк курал сыналган.

Мындан туура алтымыш жыл мурда Советтер Союзу түндүк Казакстандын мейкин талааларында биринчи жолу атомдук бомбаны сынактан өткөргөн. Дээрлик жарым кылым бою казак талаалары өзөктүк куралдарды сыноонун очогуна айланып, канчалаган орду толгус жоготуу менен зыяндарды өз кучагына батырды.

1949-жылдын 29-августунда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат алтыда түндүк Казакстандын Семипалатинск аймагында жыйырма эки килотонналык атомдук бомба жарылгандан кийинки алоолонгон жалынга улай түпөктөй кара түтүн асманда уюлгуду. Ушул мүнөттөн тарта Советтер Союзу менен АКШнын жарыша куралдануу эрасына жол ачылды. Америкалыктар буга чейин 1945-жылы Жапониянын Нагасаки менен Хиросима шаарларында эки жолу бомба сыноого жетишкен. Советтер сынактан өктөргөн бомба “Joe-1” деп Иосиф Сталиндин (Joseph-англисче) атына уйкаш аталган. Жана дагы бул окуя совет элинин чоң жетишкендиги, чексиз кубанычы катары дүйнөнүн булуң бурчуна жарыя салынган. Ал эми жарылган өзөктүк бомбанын чаңы Семипалатинск өрөөнүндө 18 миң чакырымга чейин тарап, жергиликтүү калктын көкүрөгүндө кара так болуп калган.

Курчатов шаарчасы

НКВДнын каардуу башчысы, Сталиндин оң колу Лаврентий Бериянын чечими менен Семипалатинск облусунун Курчатов шаарчасында түзүлгөн советтик өзөктүк курал сыноо полигону 1989-жылы жабылган. Кырк жыл ичинде бул базада төрт жүз элүү алты ачык абада жана жер алдында жарылуулар ишке ашырылган. Бул көрсөткүч ошол кездеги дүйнө жүзүндө жарылган куралдардын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн.


Жергиликтүү калк бомба жарылган учурдагы жана анын кийинки кесепеттерин иликтөөдөгү “окуу куралга” айланып, радиактивдүүлүктү изилдеген адистердин түрдүү илимий тажрыйбасына катышкан.

Зоя Михайлова Курчатов шаарчасындагы советтик ядролук өнүгүү программасын жетектеген. Белгилүү окумуштуу Игорь Курчатовдун ысымындагы бул шаарча кансыз согуштун алгачкы жылдарындагы Советтер Союзунун өзөктүк куралдар боюнча илимий борбору эле.

"Азаттыктын" казак кызматына Зоя Михайлованын кызы башынан өткөргөн окяларын мындайча эскерди:

- Энемдин айткандарына караганда, башында жардыруу болоордун алдында жергиликтүү тургундарды үйлөрүнөн чыгып талаага барып турууну эскертүшчү. Жарылуудан кийин асманда үзүктөй кара түтүн пайда болоор эле. Мен кээде уктап жатканда кадимкидей жер титирегенин сезчүмүн. Мындай жер титирегенде эле жардыруу болгонун билчүбүз. Андай нерселер кийинчерээк деле уланып жүрдү. Кийин ал тургай бомбаларды эч кандай эскертүүсүз эле жардырып башташты.


Семипалатинск өрөөнүнөн кандайдыр бир кемтик менен төрөлгөн миндеген балдар, рак шишиги жана неврологиялык оорулуулар катталган. Адам баласы гана эмес, айлана-чөйрө менен жан-жаныбарлар жалпы жабыр тарткан.

Казакстан Улуттук өзөктүк куралдар борборунун кызматкери Жанболот Гылманов учурда уран өндүрүшү жана атом кубатуулугу жаатында иштейт. Анын айтуусунда, советтик жетекчилер сыналган бомбалардын күчүн элге ачык айтпай бурмалашкан.


- Ал мезгилде эч бир маалымат чындыкка такыр эле коошпогон. Мисалы Семипалатинскиде жыйырмы килотонналык атом бомбасы жардырылды деп маалымдалган. Бирок биз кийин изилдегенде сексен килотонналык кубаттулуктагы бомба жардырылганын аныктадык. Ал кездеги жетекчилик кандай гана бомба сыналбасын, анын күчүн мүмкүн болушунча кичирейтип сүйлөшкөн. Ошондуктан мурда жарыяланган нөлдөн тартып жыйырма килотонналык деп айтылган маалыматтар жалган. Адамкерчилик жагынан алып караганда дагы мындай нерселерди жасоо туура эмес болгон. Ал жардыруулар экономикалык гана эмес, моралдык запкы алып келген. Айлана-чөйрө эң жаман жабыркап, жер пайдасыз болуп калган. Башка бир дагы өлкөдө Америкада, Францияда, Кытайда мынчалык кубаттуу сыноолор болгон эмес Казакстанда беш жүз ядролук бомба жардырылган, анын себеби эч кимге белгисиз...

Семипалатинскидеги Экологиялык музейдин кызматкери Дмитрий Калмыковдун айтуусунда, жарылган өзөктүк куралдардын кесепеттери бүгүн даана байкалат, эртең деле чаңы чыккан боз талаа гүлдөп кетпес:

- Семипалатинск адам баласы жашаган аймакта ядролук сыноолор болгон дүйнөдөгү жападан жалгыз жер. Казактар болсо ошондой жерде жашаган эл. Азыркыга чейин карапайым адамдар ал жерде жашап жатат. Менин оюмча, ушул чоң көйгөй.

Бүгүнкү күндө бул ууланган аймакта канча адам жашаары белгисиз. Совет доорунда элүү миңден ашуун тургундары бар Курчатов шаарчасында азыр он миңге чамалаш адам жашайт. 1991-жылы президент Назарбаевдин буйругу менен мурдагы советтик ядролук полигон Казакстан Улуттук өзөктүк куралдар борбору деп кайра түзүлгөн.


Кыргызстанда уранды иштетүүдөн кийинки отуз беш жер алдындагы кaмпа жана отуз жети шахта таштандыларын сактоочу жайлар бар. Радиоактивдүү заттарды сактоочу мындай жайлар өлкө боюнча Майлы-Суу, Миң-Куш, Ак-Түз жана Кажы-Сайда жайгашкан.

Илимдер Улуттук Академиясынын алдындагы “Геоприбор” илимий-инженердик борборунун жетекчиси Исакбек Торгоев зыяндуу калдыктар экологиялык эки чоң коркунучтун булагы дейт:

- Биринчи, бул радиактивдүү заттар сууларды булгайт. Экинчиси, калдыктардын көбү тоолордо көмүлгөн. Ошол тоолордо жер титирөө, жер көчкү болгондо таштандылар жер кыртышынын үстүнө чыгып калышы ыктымал. Бул абдан коркунучтуу.


2006-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери чөлкөмдү өзөктүк куралсыз кармоо үчүн көп жактуу декларацияга кол коюшкан.


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG