Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Казан университети башка окуу жайга кошулганы турат. Бул тууралуу ушул окуу жайдын бүтүрүүчүсү, профессор Нур Саралаев ой бөлүштү.

- Нур мырза, Орусиядагы эң эски окуу жайлардын катарына кирген Казан университети жаңыдан уюшулган Волга боюндагы федералдык университетке кошулганы турат. Сиз аталган окуу жайдын тегерегиндеги мындай өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?

-Андай өзгөрүүдөн жакшы жыйынтык чыкпайт, тескерисинче университеттин тарыхый аты өчөт. Волга боюндагы федералдык окуу жайга кошсо дагы Казан университетинин атын өзгөртпөө керек. Ал окуу жайдын базасында билим берүү борборун ачса туура болмок. Казан университети 1802-жылы түптөлгөн, тарыхы өтө бай, күчтүү окуу жай. Ал окуу жайдан көрүнүктүү окумуштуулар, юристтер, филологдор, тарыхчылар чыккан. Анан ошондой билим очогун ушинтип башка окуу жайга кошуу болбогон нерсе.

- Нур мырза, сиз ошол университетти аяктагансыз. Ал окуу жайга өттүү, окуу кыйын болдубу?

-Мен СССР убагында бул жерде экинчи курста окуп жүргөнүмдө жалаң “бешке” окуганым үчүн ошол университетке жөнөтүшкөн. Аяктан тарых-философия факультетин аяктадым. Окуу жайга өтүү, окуу өтө татаал болгон.

- Ал окуу жайда Кыргызстан тууралуу, өлкөбүздүн тарыхы тууралуу материалдар бар беле?

-Университетте кыргыздар, Кыргызстандын тарыхы боюнча изилденбеген өтө көп материал бар. Мен убагында кызыгып, архивине киргенимде кыргыздар тууралуу орус, татар тилдеринде жазылган баалуу материалдар бар экенин көрдүм. Аны казган киши жок. Эми өкмөт аспиранттарды жөнөтөбү, иши кылып ошол маалыматтарды чогултуп келүү керек. Кыргыздардын тарыхын, качан, кантип пайда болгонун тактап, толуктоо үчүн ал материалдар баа жеткис байлык.

- Казан университетинин башка окуу жайлардан өзгөчөлүгү эмнеде?

-Албетте, өзгөчөлүктөрү бар. Мен ал окуу жайды сексенинчи жылдары бүткөм. Ошол убакта эле окуу пландары такыр башкача болчу. Бул жерде окулган предметтердин баары ал жакта окулбайт, андыктан бир курс ылдый отурууга туура келген. Сабактар башкача эле. Учурда мен Кыргыз техникалык университетинде философия факультетинде сабак берем, эми ошол окуу пландарды карасаңыз, такыр жараксыз, стандарттарга жооп бербейт.

- Башкача айтканда, жергиликтүү окуу жайларды Казан университети менен салыштырып болбойт экен да?

-Туура айтасыз, болбойт. Окуу базасы боюнча ал университет Орусиядагы алдынкы окуу жайлардын катарында да. Окуу жайга тиешелүү обсерваториялар, астрономия, математика институттары бар, айтор күчтүү окуу жай. Албетте, биздеги окуу жайлар андай борбордук университеттерге жетпейт.
XS
SM
MD
LG