Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Он беш жылдан бери китепканаларга мамлекеттен колдоо көрсөтүлбөй, андагы китептердин 60-80 пайызынын эскилиги жеткен. Китепканачылар азыркы тапта мамлекеттик колдоого өтө муктаж экенин айтып жатышат.

11-ноябрда Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети “Китепкана иши жөнүндө” мыйзамынын кандайча аткарылып жаткандыгы тууралуу парламенттик угуу өткөрдү. Анда аталган мыйзамдын 15-16-беренелери толук иштебей жаткандыгы, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары китепканаларды комплектилөө үчүн каржы кепилдигин албай келе жатканды айтылды.

Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин айтымында, кийинки он жылдын ичинде китепкана фондулары миң нускага, ал эми жаңы китептердин түшүшү кырк пайызга кыскарып кеткен. Ушул тапта китепканаларда балдар, өндүрүштүк, көркөм адабияттардын, айрыкча кыргыз тилиндеги китептер жетишсиз:

-Китепканага көңүл бурбасак көп нерседен ажырап калабыз. Азыркы руханий боштук да китептин жоктуганан түзүлүп жатат деп ойлойм. Акыркы он беш жыл ичинде китепканаларга таптакыр көңүл бурулбай калган. Ушул кезге чейин китепканалардын китеп фондусун көбөйтүү үчүн мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөй келет.

Аталган министрлик тарабынан айылдык китепканалардын фонддорун толуктоо максатында долбоор даярдалып, тендер өткөрүлгөн. Анын натыйжасында 450 наамдагы китептер сатылып алынып, айылдык китепканаларга берилген. Бирок, бул да маселени толук чече алган эмес.

Султан Раевдин айтымында, министрлик китептерди чыгарууга, сатып алууга жана мезгилдүү басылмаларга жазылууга тиешелүү каражаттарды караштырып берүү үчүн каржы министрлигине бир канча жолу кайрылган. Бирок бул маселе азырынча ачык бойдон турат.

- Чындыгында китептер биринчиден, моралдык, мазмууну, тематикалык жагынан, экинчиден, сапаттык жагынан да эскирип бүттү. Ошондуктан китеп фондусун толуктоо иштерин колго алышыбыз керек. Азыркы китептердин 60-80 пайызы эски.

Акыркы жылдары китепканаларга мамлекеттен көңүл бурулбагандыктан бул тармак кадр жактан да аксап турган чагы. Азыркы тапта китепканачы болууну каалаган жаштардын саны кескин азайган.

Ош областтык китепкананын деректири Бактыгүл Мырзаеванын айтымында, Ош мамлекеттик университетинде атайын факультет ачылып, бирок ага эки гана адам тапшыргандыктан, ал кайрадан жабылууга туура келген.

- Китепкананын көйгөйлөрүн китепканачылар өздөрү гана чечип келе жатышат. Бирок, бүгүнкү күндө биз өкмөттүн жардамына муктажбыз. Айыл жерин, айыл маданиятын көтөрүш үчүн алгач китепканадан баштоо керек. Ошол айылдык китепканалар мезгилдик басылма жана компьютер, интернет менен камсыз болуусу зарыл.

Б.Мырзаеванын айтымында, китепканаларда жаңы китептердин жоктугунан жаштардын илимге умтулуусу төмөндөп кеткен.

- Китепканалардын көбү кечке иштебейт, жабык деген дооматтар айтылып жүрөт. Китепканаларда жылуулук берилбесе, жаңы китептер жок болуп, күнүнө бир-эки гана адам келип койсо жабылат да. Ошондуктан китепканалардын материалдык базасын чыңдаса деп парламентке сунуш киргиздим. Азыр китепкана эмес эле китеп сактоочу жай болуп калды. Анктени ошол жердеги китептердин 60 пайызы эски. Жаңы китеп менен камсыз болбогондуктан билимге болгон умтулуусу, кызыгуусу начар. Анктени китеп жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов китепканачы адистиги үчүн беш жыл окубай эле, аны башка жол менен чечсе боло турганын айтты.

- Башталгыч класстарга сабак берген же кыргыз тили, орус тили мугалимдерге кошумча китепканачы адистигин беришибиз керек. Ошондо биз кадр маселесин катар чечип кеткен болобуз. Жалгыз китепканачы адистиги үчүн беш жыл окуу көптүк кылат.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов болсо, бүгүнкү күндө кыргыз тилдүү китептер чыкпай жатканынын себептерине токтолду. Анын айтымында, жалпы китепканаларды камсыз кылуу үчүн жок дегенде он-он эки миңдей китеп чыгышы керек. Бирок ага мамлекеттин капчыгы туура келбейт.

Т.Жумагуловдун айтымында, тил комиссиясы беш миң нуска менен улуттук энциклопедияны чыгарган. Бирок бул да азырынча каражаттын тартыштыгынан мектептерге, китепканаларга таратылбай турат.

- Беш миллион сомго кандай китептерди чыгаруу керек, алгач анын тематикасын аныктап алуу зарыл. Андан соң анан акын-жазуучулар менен келишим түзүп, тапшырма берилиши керек. Китеп чыгарууга кеткен жалпы каражаттын 10 пайзын калем акы катары төлөп берүү керек. Калем акы төлөнмөйүнчө бир да жазуучу китеп жазбайт, бир да кыргыз китеби жарыкка чыкпайт. Ушул маселе чечилсе эле китеп маселеси ордунан жылып, китепканаларда кыргыз тилдүү китептер пайда боло баштайт эле.

Парламенттик угуунун катышуучулары өлкөдөгү китепканалардын абалы зээн кейинтээрлик экенин белгилешип, бул тармакты өнүктүрүү максатында бир жылды атайын китепканалар жылы деп жарылоо сунушун да айтышты. Азырынча бул сунуш гана. Депутаттар келерки жылдын бюджетинен айыл китепканаларынын китептик фонду үчүн 5 миллион сом бөлүү демилгесин колдоп чыгышты. Ал эми Маданият жана маалымат министрлиги китепкана саясатын өнүктүрүү боюнча атайын программанын зарылдыгын белгилеп, ушул тапта программа иштелип жатканын айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG