Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:15

Эл аралык кылмыштарды иликтөөчү Гаагадагы сот 22-июлдагы отурумунда 2008-жылы Косовонун мамлекеттик көз каранды эместикти жарыялашынын мыйзамдуулугу тууралуу бүтүмүн жарыяламакчы.

Кэмбриж университетинин Эл аралык укук жаатындагы окутуучусу Марк Уеллер “Азаттыкка” Гаагадагы эл аралык соттун Косово тууралуу кандайдыр бир бүтүмгө келиши жөнүндө 21-июлда маек курган эле.

- Марк мырза, айтсаңыз, 22-июлда Эл аралык Соттон кандай чечим күтсө болот?


Марк Уеллер: Соттун үч мүмкүнчүлүгү бар. Биринчиси, сот корутунду берүүдөн баш тартып, буга жооп берүү орунсуз деп жарыялашы мүмкүн. Менимче, алар мындай кадамга барбаса керек.

Экинчиси, сот Косоводогу Өздүк башкаруунун Утурумдук институтунун аймакты бир тараптуу эгемен жарыялашы менен байланыштуу укуктук жагдайларга басым жасап, абдан тар маанидеги аныктама бериши ыктымал. Андай болгон күндө, сот, албетте, андай чараларды толугу менен мыйзамсыз деп атоодон алыс болот. Деги сот эмне дейт, бара көрөрбүз. Үчүнчүдөн, сот эгемендүүлүк жана өз тагдырын өзү чечүү укуктарына аябай жалпылашылган түшүндүрмөлөрдү бериши мүмкүн. Бирок, менимче, сот андай кадамга барбайт. Балким айрым гана сот мүчөлөрү ушундай билдирүү жасашаар.

- Көптөгөн байкоочулар сот бир тараптуу чечим чыгарбайт деп ишенет. Соттун чечимин Сербия да, Коссово да жеңиш катары кабыл алат дешет алар. Сиздин оюңуз кандай?

Марк Уеллер: Менин билишимче бардык эле соттор чындыкты чагылдырбаган, эл аралык мамилелердин чыныгы жүзүн эске албаган чечимдерди кабыл албайт. Мен үчүн бир эле нерсе анык - сот эч качан Косовонун аракеттерин толугу менен мыйзамсыз деп атабайт. Ошол эле учурда, өз тагдырын өзү аныктоо маселесинде Косового сот кошумча жардам көрсөтөт деп ойлобойм. Соттун чечими өтө бейтарап болот деп ойлойм. Өзүңөр билгендей бул милдеттүү түрдө аткарылчу чечим эмес го, бул жөн эле сунуш. Демек? Сот пикиринен улам аймактагы кырдаал чукул өзгөрүп кетет деп деле санабайм.

- Сербия бул акыркы кадам эмес деп билдирген эле. Алар Косовонун эгемендиги маселесин кайрадан карап чыгууга аракеттенгиси келет. Сербияда чын эле ошондой кадамдарга барууга шарт барбы?

Марк Уеллер: Кептин баары соттун чечиминде. Эгер сот бүтүмү Косовонун эгемендик жарыялашына каршы боло турган болсо, анда Сербия Бириккен Улуттардын Жалпы жыйынына кайрылып, бул ишти кайра талдап карап, жыйынтык чыгаруусун суранат. Бирок мен мурдарак эле белгилегендей, андай ыктымалдуулук жокко эсе. Эгер сот чечими бүдөмүгүрөк болуп калса, анда Бириккен Улуттардын Башкы Жыйынында Сербияны анчейин угуша беришпейт. Косовонун эгемендик жарыялашы айдан-ачык айыптоого алынбай турган болсо, анда Косовонун көз каранды эместикке умтулушуна тастыктоо алынгандай кабыл алынышы ажеп эмес.

- Сот чечими Косовонун эгемендүүлүгүн улам жаңы мамлекеттердин тааный башташына өбөлгө болобу?

Марк Уеллер: Соттун чечими кандай болбосун, Орусия сыяктуу мамлекеттер Косовону дароо эле эгемен деп таануудан алыс болот ко. Ошентсе да айрым мамлекеттер анын эгемендигин таанышы мүмкүн. Азыркы учурда отуздай өлкө Косовону эгемендүү өлкө деп таанууга даяр болуп, соттун чечимин күтүп жатат. Ооба, оң маанайдагы корутунду башка өлкөлөрдүн да Косовонун эгемендигин таануусунун жаңы толкунун пайда кылышы ыктымал.

- Түндүк Косово боюнча маселе кандай чечилет деп ойлойсуз? Ал Косоводон бөлүнөбү же кеңири автономиялык макам талап кылабы?

Марк Уеллер: Косово тарап анын жиктелишин деги эле колдобосо керек деп санайм. Сербия болсо Түндүк Косовону өзүнө кошуп алууга куштар болоор эле. Бирок Сербия бул үчүн башка жерин айырбаштагысы келбесе керек. Демек бул – турмуш чындыгынан алыс вариант. Маселе, тескерисинче, кантип жалпы Косового анын түндүк аймагын акырындап кайра жуурулуштурууга жетишүүдө турат. Мында да Сербиянын мыйзамдуу кызыкчылыгын эске алуу керек. Демек, сыягы, дал ушул багытта башка жагдайлар да талкууга алынышы керек го дейм.
XS
SM
MD
LG