Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

КОСОВО ӨЗҮН ЭГЕМЕН ДЕП ЖАРЫЯЛООЧУ КҮН ЖАКЫН КАЛДЫБЫ?


Амирбек Усманов, Прага Косовонун болочок макамын тактоо боюнча эларалык байланыш тобуна берилген мөөнөт 10- декабрда аяктайт. АКШ, Орусия, Евробиримдик курамындагы үчилтик арачылык кылган сүйлөшүү максатына жетпегендиктен, Косовонун статусун Улуттар Уюму аныкташ керек болот. Бирок, талаштуу маселе боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши да бир бүтүмгө келчүдөй эмес. Бул деген Вашингтон жана айрым Европа өлкөлөрү колдогон косоволук албандар провинцияны бир жактуу түрдө күнкорсуз жарыялап жиберет дегенди билдиреби?

Улуттар уюмунун Косово кризисин 10- декабрга чейин Белгард менен Приштинага чечтирүү аракети ийгиликсиз болду. Орусия колдогон Сербия Косово автономиясынын укугун кеңейтүүгө макул болуу менен сүйлөшүүнүн мөөнөтүн узартуунга чакырса, айрым Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ колдогон косоволук албандар Белграддын берегидей сунушун четке какты. Косовонун премьер- министри болот деп күтүлүп жаткан Хашим Тачи автономия өзүн күнкорсуз деп жарыялай турганын ноябрда эле эскерткен:

- …Косово 10-декбардан кийин Вашингтон жана Брюссель менен кызматташуу аркылуу күнкорсуздук жөнүндө чечим кабыл алат. Бирок Косово өнөктөштөрү Вашингтон жана Брюссель менен масилээттешпестен эч нерсе жасабайт.

Азыр байкоочулар “Косово күнкорсуздугун качан жарыялайт? Белгард ага кандай жооп берет?” деп күтүшүүдө. Бул суроонун жандырмагы- АКШ, Орусия, Евробримдик курамындагы үчилтик 10-декабрда БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга жасачу докладга байланыштуу болот дейт “Эркин Европа” радиосунун Приштинадагы кеңсесинин башчысы Арбана Видишики:

- Бул докладга жана Приштинадан кайсы бир күнү келчү сигналга же аймактын түндүк бөлүгүндө жашаган серб жамаатынын кийинки күнү реакциясына жараша болот. Бир күн илгери башы катуу серб саясатчылары үстөмдүк кылган мекеме- Серб улуттук кеңеши Косово өзүн эгемен деп жарыяласа, сербдерди мобилизациялоону талап кылды. Мобилизация дегенде мен куралданууну түшүнөм.

Видишикинин боолгошунча, Приштина 19- декабрдан мурда өзүн Белграддан күнкорсуз деп жарыялабайт. Бул күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде үчилтиктин Косово боюнча доклады талкууланат. Талдоочулар Косовонун макамы боюнча Коопсуздук Кеңешине мүчө Орусия жана Батыш өлкөлөрү арасында мунаса жок болгондуктан, Кеңеш бир бүтүмгө келе албайт дешет. Ошентип, маселе мөөнөтүндө чечилбейт да, Приштина өзүн токтоосуз түрдө эгемендүү өлкө деп жарыялап жиберет. Ошол замат Вашингтон жана Евробримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү Косовонун күнкорсуздугун таанышат деп жоромолдойт Арбана Видишики.

XS
SM
MD
LG