Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

НОБЕЛДИН ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫ ФИНЛЯНДИЯНЫН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТИ МАРТТИ АХТИСААРИГЕ ЫЙГАРЫЛДЫ


Амирбек Усманов, Прага Финляндиянын мурдакы президенти Мартти Ахтисаариге 2008-жыл үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлык Ахтисааринин дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү калабаларды, анын ичинде Косоводогу жана Индонезия өкмөтү менен Ачех провинциясынын козголоңчулары арасындагы чатактарды басууга кошкон эмгегинин үзүрү. Быйыл Нобелдин тынчтык сыйылыгына 197 талапкер көрсөтүлгөн эле. Сыйылыктын суммасы 1 миллион 400 миң доллар. Сыйлык 10-декабрда Норвегиянын борбору Ослодо тапшырылат.

Норвегиянын Нобелдик сыйлык боюнча комитет башчысы Оле Данболт Мйос тынчтык сыйлыгы Мартти Ахтисаариге «анын отуз жылдан ашуун мезгилде бир нече континенттеги эл аралык чатактарды жөндөөдөгү эбегейсиз эмгеги үчүн» ыйгарылганын айтып: «Бул аракеттер дүйнөдөгү тынчтыкты жана улуттар арасындагы тууганчылыкты Альфред Нобелдин духунда бекемдөөгө салым кошту»,- деди.

Финляндиянын мурдакы президенти Мартти Ахтисаари мартабалуу сыйлыкка 2000 жана 2006-жылдары да көрсөтүлгөн. Быйыл ал 197 талапкердин ичинен тандалып алынды. Алардын ичинде бир нече жолу сыйылкка көрсөтүлгөн чеченстандык укук коргоочу Лидия Юсупова жана кытайлык диссидент Ху Цзя да бар эле.

71 жаштагы Ахтисааринин эл аралык дипломатиядагы эң чоң ийгилиги 2005-жылкы Иондонезия өкмөтү менен Ачех провинциясынын козголоңчуларын жараштыруусу. Элдешүүнүн натыйжасында 15 миңдей адамдын каны төгүлгөн 30 жылдык эрегишке чекит коюлган. Эки тараптын мүнөздөшүнчө, Ахтисаари сүйлөшүүлөрдө эч жакка ообогон бекем, бирок орду менен тамашакөй адам болгондуктан, курч кырдаалда адамдын көңүлүнө жеңил жол табат.

Анын дипломаттык чеберчилиги 1990-жылдары Сербиянын Косово провинциясындагы улуттук араздашууларды басууда чоң роль ойногон. Ошон үчүн Еврокомиссиянын өкүлү Риа Ахенкилде-Хансен фин дипломатына Нобель сыйлыгын берүүнү туура чечим деп колдоду:

-Президент Ахтиcаари 1990-жылдары мурдакы Югославия боюнча өткөн эл аралык конференцияларда чечүүчү ролду ойноду. Анын кыраакылыгы жана чеберчилиги 1999-жылы Косоводогу урушту токтотууда чоң мааниге ээ болду. БУУнун башкатчысынын Косоводогу атайын чабарманы катары ал Батыш Балкандагы тынчтыкка жана коопсуздукка зор салым кошту.

Ал иштеп чыккан Ахтисаари планы Косовонун Сербиядан күнкорсуздук алуусуна жардамдашкандыктан, косоволуктар финлядниянын экс-президентинин Нобель сыйылыгын алуусун чоң кубаныч менен кабыл алышты.

«Азаттыктын» Приштинадагы кеңсесинин башчысы Арбана Видишикинин билдиришинче:

-Косоводо Ахтисаари мырзанын жеңишин жакшы кабар деп билишүүдө. Мунун БУУнун Башкы Ассамблеясы Косовонун өзүн күнкорсуз жарыялоосунун мыйзамдуулугуна баа берүү боюнча Сербиянын Эларалык адилеттик сотуна кайрылуу өтүнүчүн колдогондон 48 сааттан кийин болгону өзгөчө маанилүү.

Ал эми Сербияда Ахтисаари улуттун душманы деп жарыяланган.

Кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими Ахтисаари Финляндиянын тышкы иштер министрлигине 1965-жылы жумушка кирген. Өмүрүнүн 20 жылын тыш өлкөлөрдө, анын ичинде Танзанияда элчи, Улуттар Уюмунун баш кеңесесинде атайын чабарман болуп иштеген.

Оле Данболт Мйостун 71 жаштагы Ахтисаарини таанымал дипломат деп атоосунун себеби ушундан.

-Ахтисаари –көрүнүктүү эларалык ортомчу. Ал тынбай аракеттенүүсү жана жетишилген ийгиликтери менен ар кандай ортомчулуктун эларалык калабаларды жөндөөдө аткарчу ролун даана көрсөттү. Нобель комитети анын аракети жана ийгилиги көптөгөн адамдарды шыктандырат деген үмүттө.

Ахтисааринин эл аралык саясат менен алпурушуп жүрүп, өз журтундагы саясый жараяндарга аралашпаганы шайлоочулардын көңүлүнө жагып, ал 1994-жылкы биринчи жалпы элдик шайлоодо Финляндиянын президенти болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG