Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Косово эгемендиги АКШ менен Россияны тирештирди


Эларалык сотто Косовонун макамы талкууланууда. Нидерландия. Гаага. 8-декбарь 2009
Эларалык сотто Косовонун макамы талкууланууда. Нидерландия. Гаага. 8-декбарь 2009

Косовонун өзүн күнкорсуз деп жарыялоосу боюнча Гаагадагы эларалык сотто Кошмо Штаттар менен Россия карма-каршы пикирди карманууда.

АКШ тарап Косовонун конкорсуздугу регионго туруктуулук алып келди десе, Россия Косовонун эгемендигин таануу түрдүү

Косоводогу убактылуу бийликтин жетекчилигинин бир тараптуу түрдө күнкорсуздукту жарыялаганы 1244-резолюцияга ылайык келбейт .Кытай элчиси

өлкөлөрдөгү жикчилдерге жамаан жышаан берет дейт. БУУнун Гаагадагы сотунун өкүмү тараптарды эч нерсеге милдеттендирбейт. Бирок Косовону таанууга тескери таасир этиши мүмкүн.

Нидерландия. Гаагадагы эларалык соттун имараты.
Мурда Сербиянын курамына кирген Косово провинциясы 2008-жылдын 17-февралында өзүн күнкорсуз өлкө деп жарыялаган. Ага чейин БУУнун арачылыгы астында Белгард менен албан калктуу провинциянын жетекчилиги ортосундагы катаал сүйлөшүүлөрдө эки жак мунасага келе албай койгон.

Бүгүнгө чейин Косовону 63 өлкө, анын ичинде Евробиримдиктин 22 мүчөсү тааныды.

Ырасмий Белграддын өкүлдөрү соттун алгачкы күнү (1-декбарда) Косовонун кадамы эларалык мыйзамга жана Сербиянын бүтүндүгүнө каршы келет деп чыккан.

АКШнын делегациянын башчысы Гарольд Хонжу Кохко кезек 8-декбарда жетти. Ал эларалык
БУУнун Гаагадагы адилеттик сотунда Косовонун өзүн Сербиядан эгемендүү деп жарыялоосу боюнча талкуу жүрүүдө. 3-декбарь 2009
мыйзам көз карандылыкты жарыялоого не тыйуу салбасын, не уруксат бербесин, эгемендикти таануу же чануу ар бир улуттун өз ыктыяры экенин айтты Гаага сотунун 15 мүчөсүнө кайрылып. Кох өз сөзүндө Гаага соту Приштинанын пайдасына өкүм чыгарса да, аны тааныбай турганын Белград качантан бери айтып жүргөнүн эскерте кетти:

-Сот кеңеш берчү көзкарашын билдирүүгө милдеттүү эмес. Арызданган өлкө соттун өкүмүн тааныбасын эбак айткан жана аягы көрүнбөгөн саясый сүйлөшүүлөргө кызыгууда. БУУнун өкүлдөрү мындай сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт деп тыянак кылган. Даттанган тарап сотту регионго стабилдүүлүктү алып келген деликаттуу саясый иште өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөйт. Биз сотту Косовонун күнкорсуздугу жөнүндөгү декларацияны өзгөртүүсүз калтырууга, же анын мыйзамдуулугуна баа берүүдөн баш тартууга, же “Косовонун күнкорсуздугу эл аралык мыйзамга ылайыкпы?" деген суроого оң жооп бербегенге чакырабыз.

БУУнун Гаагадагы сотуна Косовонун макамы боюнча түшүндүрмө берүүнү сурап, 29 өлкө кайрылган эле. Алардын 15и Косовонун эгемендигин жактаса, калган 14 өлкө Белгард тарапта.

НАТОнун курамындагы америкалык жоокерлер Витина шаарчасында черүүдө. Косово. 24-март 2009
Соттук угуулар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрү Россия жана Кытай бир тарапта экенин көрсөттү. Россиянын өкүлү Кирилл Геворгян Косовонун өзүн эгемен жарыялоосу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1244-резолюциясына каршы келгенин белгиледи. 1999-жылдын июнунда кабыл алынган бул резолюция Косовону убактынча БУУнун администрациясы астындагы башкарууга берип, НАТОнун тынчтык күчтөрүнүн аймакка кирүүсүнө уруксат берген.

Москванын пикиринче, провинциянын макамы Белгард жана Приштина ортосундагы сүйлөшүүдө аныкталып, андан соң БУУнун Коопсуздук Кеңеши бекитиш керек. Сүйлөшүүнүн ийгиликсиз бүткөнү, Косовонун макамын өзгөртүүгө мүмкүн дегенди билдирбейт, деди Геворгян сотто сүйлөп:

-Косово Сербиядан автономияда жашап, ырахаттанган өткөөл мезгилдегидей эле азыр да эларалык администрация тарабынан башкарылууда. 1244-резолюция дале аткарылууда. Ошон үчүн бир да институт бир жактуу түрдө Косовону эгемен деп жарыялай албайт. Мына ошондуктан, Россия Федерациясы күнкорсуздукту бир тараптуу жарыялоо Коопсуздук Кеңешинин 1244-резолюциясына ылайык келбейт деп санайт.

Кирилл Геворгян-Россиянын Нидерландиядагы элчиси.

Дүйшөмбү күнү Гаага сотунда Кытайдын элчиси Xue Hanqin Бээжиндин пикирин ортого салган. БУУнун Косоводогу убактылуу администрациясы аймакты күнкорсуз деп жарыялап, Коопсуздук Кеңешинин 1244-резолюциянын шартын бузду, деп билдирди Кытайдын элчиси:

-Косоводогу убактылуу бийликтин жетекчилигинин бир тараптуу түрдө күнкорсуздукту жарыялаганы 1244-резолюцияга ылайык келбейт жана мамлекеттик суверендүүлүк жана территориялык бүтүндүк принцибин бузат. Ошондуктан, бул окуяда эларалык мыйзам бейтарап болуш керек деген пикирге орун жок.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин башка туруктуу мүчөлөрү Британия жана Франция Косовонун эгемендигин таанышкан.

Гаагадагы сот өз бүтүмүн келерки жылдын ичинде чыгарууга тийиш. Бирок соттун чечими эч бир өлкөнү милдеттендирбейт.

XS
SM
MD
LG