Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:14

“Бирдиктүү Россия” партиясы экс-советтик мейкиндиктеги москвачыл күчтөр менен шымалана альянс түзүүдө. Бул ыкма Украинада ийгиликтүү сыналып, Виктор Януковичтин президенттикке шайлануусу менен аяктаган.

Россияны башкарган “Бирдиктүү Россия” азыр Молдова, Украина, Грузиядагы дос партиялары менен тыкыс иштешүүдө. Айтылган өлкөлөрдө алдыдагы 18 айда жалпы элдик шайлоолор болот.

В. Ющенко Украина үчүн Россиядан максимум алыс болуп, Батыш менен максимум жакындашуу пайдалуу деп эсептечү. Бул Украинанын кызыкчылыгын жаңылыш түшүнүү."
Мамдуманын мүчөсү К. Косачев



Кремль Ф. Куловду боорго тартып, Ө. Текебаевди жарга түрттү

10-октябрда Кыргызстанда болчу парламенттик шайлоо алдында Феликс Кулов баштаган “Ар намыс” партиясы Москвадан кубаттуу колдоо алды. 22-сентябрда өз ара кызматташуу келишимине Ф. Кулов жана “Бирдиктүү Россиянын” Жогорку кеңешинин төрагасы, Мамдуманын спикери Б.Грызлов кол коюшту. Килейген өлкөдөгү аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарын былк этпей кармаган бу партияны саясый таасири президент Медведевден да күчтүү премьер-министр Владимир Путин жетектейт.
Орус президенти Д. Медведев "Ар-намыс" партиясынын төрагасы Ф. Кулов менен, Москва, 22-сентябрь.

Жарыша эле Россиянын Кремль контролдогон маалымат булактары, анын ичинде НТВ жана ОРТ телеканалдары Куловдун Москвадагы жана Астанадагы кездешүүлөрү тууралуу маалымдашты. Анын артынан НТВ кыргызстандык таанымал саясатчы Өмүрбек Текебаевдин адебин ачкан эски кабарды кайталап берди. Бул Кремлдин парламенттик башкаруунун демилгечиси эсептелген “Ата Мекендин” лидеринин шайлоочулар арасындагы абрюн түшүрүүгө багытталган маалымат чабуулу экени шексиз. Украинадагы, Грузиядагы шайлоолор учурунда да Москва М. Саакашвили менен В. Ющенко ушундай эле ыкмалар менен каралаган. Акыркы мезгилде Москва менен саясый соодасын күчөткөн Белорус президенти А. Лукашенкону да Россиянын кол бала маалымат булактары чар тараптан таламайга алышууда.

Сентябрдын башында “Бирдиктүү Россия” мурдакы коммунист Мариян Лупу башындагы Молдова демократтык партиясы менен өз ара кызматташуу боюнча келишим түзгөн. Лупу Москвадан келер замат берген интервьюда партия прагматикалык максаттан улам Россия менен жакындашып жатканын билдирди:

- Биз Россия менен каршылашпастан кызматташуубуз керек. Ушу максатта саясый келишимге кол койдук. Экинчиден, Молдова Россия Федерациясы менен эсептешпей койо албайт жана эсептешет. Үчүнчүдөн, биз Молдова жарандарына жакшылык кааласак, прагматик жана конструктивдүү болуубуз керек.

Ноябрда Молдовада да парламенттик шайлоо болот. Серепчилердин айтышынча, Москва саясый колдоо көрсөтүү аркылуу Мариян Лупуну бийликтеги батышчыл коалициядан бөлүп кетүүнү көздөйт. Береги коалицияга төрт партия кирет.

"Бирдиктүү Россия" өнөктөштөрдү кантип тандайт?

“Бирдиктүү Россия” Молдованын амирин тааныбаган жикчил Приднестровьенин “Кайра жаралуу” партиясы менен да ырасмий түрдө кызматташат.

Ал эми Грузияда болсо президент М. Саакашвилинин каршылашы мурдакы премьер-министр Зураб Ногадиели түптөгөн “Адилеттүү Грузия үчүн” кыймылын колдойт. Ногадиели өзү “оппозицияда болууга классикалык укугум бар” дейт.
Сергей Марков

Кремлчил партия - Мамдуманын депутаты, “Бирдиктүү Россиянын” мүчөсү Сергей Марковтун айтышынча, Грузия менен мамилени оңдоо максатында гана “Адилеттүү Грузия үчүн” партиясы менен келишим түзгөн:

- Менин байкашымча, “Бирдиктүү Россия” үчүн башкысы - Грузия менен Россия арасындагы алаканын жакшыруусун колдогон саясый күчтөрдү колдоо. Ногадиели ушул топко кирет. Бу позицияда турган башкалар бар. Саакашвилинин партиясындагы бир катар парламентарийлер ырасмий эмес кездешүүлөрдө анын саясатындагы акылсыздыктарды моюнга алышат.

“Бирдиктүү Россия” менен кызматташуудан Тбилисиден өздөрүн күнкорсуз жарыялаган Түштүк Осетия жана Абхазиянын башкаруучу партиялары түз финансылык жардам да алышат.

Путиндин партиясы 2005-жылы Украинанын Региондор партиясы менен келишим түзүп, Виктор Янукович баштаган россиячыл оппозиция менен кызматташууну мыйзамый негизге койгон. 2004-жылдын күзүндө Украинада болгон президенттик шайлоодо президент Путин москвачыл Виктор Януковичти колдоорун ачык айткан. Ал эми Кремль маалымат колдоосун аябаган. Ага карабай батышчыл Виктор Ющенко президент шайланган. Жыл башында Янукович экинчи жүрүштөн президенттикке шайланды жана Ющенконун тышкы саясатын өзгөрттү.

Кремль Украинанын кызыкчылыгын кандай түшүнөт?

Янукович менен иштешүү жеңил экенин Мамдуманын тышкы байланыштар комитетинин башчысы Константин Косачев “Азаттыкка” берген интервьюда белгиледи. Ал ошондой эле, Украина үчүн Батыш эмес, Россия менен жакын алакада болуу пайдалуу деп эсептейт:
Д. Медведев менен В. Янукович келишимге кол коюуда, Москва, 2010-жылдын 5-марты.

- Биз үчүн Украинанын нукура кызыкчылыгын коргогон ар кандай украин президенти ыңгайлуу. Менимче, президент Ющенко Украинанын кызыкчылыгын натуура түшүндү. Ал Украина үчүн Россиядан максимум алыс болуп, Батыш менен максимум жакындашуу пайдалуу деп эсептечү. Бул Украинанын кызыкчылыгын жаңылыш түшүнүү. Ошон үчүн Ющенко менен иштешүү биз үчүн кыйын болду. Янукович менен иштешүү оңой, ал себеби Украинанын кызыкчылыгын бир кыйла так жана туура түшүнөт.

Косачев “Бирдиктүү Россиянын” партиялар аралык жана эл аралык байланыштар комиссиясынын башчысы да.

Президент Ющенко Украина аркылуу өткөн газ кууру үчүн Москвадан кошумча акча сурап, деңиз аскерлерин Крымдан чыгарып кетүүнү талап кылып, терисин тырыштырган. АлУкраина менен НАТОнун алакасын да бекемдеген. Бул саясаттан президент Янукович тез баш тартты жана Россиянын деңиз күчтөрүнө дагы 25 жыл же 2042-жылга чейин Крымда калууга уруксат берди.

“Бирдиктүү Россия” постсоветтик мейкиндиктеги өнөктөштөрдү тандоодо эң алды алардын Москва менен “прагматикалык алкада” болушун каалайт. “Прагматикалык өнөктөш” кандай болуш керек? Бул жөнүндө “Адилеттүү Грузия” үчүн партиясынын өкүлү Петре Мамаладзе мындай түшүндүрмө берди:

- Биз Россия менен алака түзүү үчүн бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз. Чындыкка түз карайлы:"Бирдиктүү Россия" башкаруучу партия. Бардык сурамжылоолор көрсөткөндөй, килейген өлкөнүн көпчүлүк эли Владимир Путинди, ал башындагы партияны колдойт. Биз үчүн, Грузия үчүн - бул реалдуулук. Ага маани бербесек, биз жок болобуз.

Ал эми Грузиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр фондунун башчысы Александр Рондели Москванын башкаруучу партия аркылуу башка өлкөлөрдү өзүнө тартуу ыкмасыны “акылга таянган жылма саясат” катары мүнөздөйт:

- Арийне, мындай жылма саясат көбүн эсе “Бирдиктүү Россия” сыяктуу өкмөттүк каналдар аркылуу жүргүзүлөт. Аны партия деп да айтып болбойт. Байкасаңыз, бул Грузиядагы ички кырдаалга таасир этүүнүн аракети жана азыркы бийликке россиячыл оппозицияны каршы койуу эмеспи. Албетте, финансылык жардамы жок мындай иштер жүзөгө ашаары талашсыз.
Грузин президенти Михаил Саакашвили

“Бирдиктүү Россиянын” экс-советтик республикалардагы сырттан таяныч издеген саясый күчтөрдү колго алууга умтулуусу Москванын бүгүнкү жаңыланган тышкы саясатына “кыт куйгандай” дал келет. Тышкы иштер министрлигинин ай башында “Newsweek” журналында жарыяланган көргөзмө документинде дүйнө мурдакыдай Россиянын “досу” жана “душманы” деп, ак-карага бөлүнбөйт. Мамиле “өлкө кызыкчылыгына жараша” жүргүзүлүүгө тийиш. Мындан улам документ Россияны өз кызыкчылыгына жетүүдө ырасмий жана бейрасмий механизмдерди колдонууга үндөйт. Ошондой эле, Украинаны Россиянын орбитасына экономикалык кызматташуу аркылуу активдүү тартуу”, “Кыргызстанда россиялык бизнестин автивдүү жайылтуу” сунуш кылынат. Россиянын тышкы иштер министрлигинин бул документинде КМШ өлкөлөрүндө демократияны жайылтуу жөнүндө сөз жок. Президент Медведевдин парламенттик демократия Кыргызстанды “катастрофага алып барат” деген тайиздеги сөзүнө караганда, демократия Москванын кызыкчылыгына дал келбейт кейпи.

Кремлдин жогорудагы стратегиясыны ишке ашырууда “Бирдиктүү Россия” тыш өлкөлөрдү Москванын орбитасына тартканга көмөктөшчү саясый арачы болмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG