Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Кундуз Таштаналиева: Каныбызда кыргыздын музыкасы ойноп турат


Кундуз Таштаналиева
Кундуз Таштаналиева

Жаш болсо да мукам үнү, комузу менен кыргызга аты чыгып калган Кундуз Таштаналиева элдик салттык музыканын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келүүдө. Биздин маектеш учурда Кыргыз улуттук филармониясынын “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинде ырчы болуп иштейт. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Аялзат”) алкагында К.Таштаналиева менен маекти сунуштайт.

“Азаттык”: - Кундуз, учурда жаштардын дээрлиги эстрадага ооп, берилип турган чакта фольклорго кызыгып, нукура кыргыздын ырларын аткарып калышыңа эмне себеп болду?

Кундуз Таштаналиева: - Биринчиден, каныбызда кыргыздын музыкасы ойноп турат да. Андан сырткары чөйрө, тарбия да таасир берет окшойт. Элдик музыканы жайылтуу аз болгондуктан, жаштардын көбү өздөрү каалаган музыканы угуп, жеңил ырларга берилип жатат окшойт. Эстраданын баарын эле жеңил деп айтпайм. Анын да профессионалдык деңгээлде аткарылгандары бар. Бирок азыр жаштар жеңил жагын тандап алып жаткандай. Жеңилдин жемиши да аз болот го. Экинчиден, менин элдик чыгармачылыкты тандап алган себебим өзүмдүн чоң атам, Жакып Таштаналиевдин таланты да таасир берсе керек. Балдарына эмес, небереси мага өтүптүр. Ушул өнөрдү аркалап келе жатам. Кээде өзүм да таң калам, негедир эстрада жагына өткөнгө мүнөзүм да жол бербесе керек, өткүм келбейт.

“Азаттык”: - Дастан ырдап, комуз менен таанылып калбадыңбы. Комуз сен үчүн эмне?

Кундуз Таштаналиева: - “Аял эркектин кабыргасынан жаралган” дегендей (күлүп), комуз да менин бир кабыргамдай сезилип, ансыз жашоом супсактай сезилет. Өз бөлмөмдө комуз жок болбосо, кадимкидей аны издеп, эңсеп сагынам.

“Азаттык”: - Кундуз, сенин аткаруучу гана эмес, обон да жазганыңды угуп, билебиз. Учурда обон жаратып жатасыңбы? Анан кандай учурда жаралат обон?

Кундуз Таштаналиева: - Мен аябай деле аракет кылып, изденбейм. Кээде келген кайрыктарды оңдоп, жакшынакай кылып чыгармага айланткым келет. Азыр да бир обондордун үстүндө иштеп жатам. Бирок өзүмдүн көнүлүмө толбогондуктан коюп коем.

“Азаттык”: - Айрыкча жаш чыгып келаткан чыгармачыл адамдарга сын көп айтылат. Сынды кандай кабыл аласың?

Кундуз Таштаналиева: - Мен сындан качкым келбейт. Тескерисинче, мен сын уккум келет. Кайсы жерден кемчилигим кетип жатат, эмнени туура кылдым, эмнени туура эмес кылдым - ошону сындан таап, туура тааныганга аракет кылам.

“Азаттык”: - Чыгармачыл аялзатынын тагдыры оор же кыйын болот деп коюшат го. Андан коркпойсуңбу?

Кундуз Таштаналиева: - “Таранчыдан корккон таруу экпейт” дейт го. Анын сыңары бул жашоонун өзү эле татаал, күрөш экен, экинчиден кызык. Тайманбай эле иштей бериш керек деп ойлойм. Кудай канчалык кыйынчылык берсе, ошончолук жемишин берет экен. Ошондуктан анчалык деле коркпойм, бирок бардык кыйынчылыктарга даяр турганга аракет кылыш керек.

“Азаттык”: - Аялзаты катары кандай белек алганды жактырасың?

Кундуз Таштаналиева: - Бул дүйнөдө эң негизгиси эле көңул экен го. Калганын бардыгы эле унутулуп калат. Анан майрамдарда кочкул кызыл түстөгү роза гүлүн алганды жактырам.

“Азаттык”: - Келечектеги ой-максаттар, пландар тууралуу кеп кылсак?

Кундуз Таштаналиева: - Келечектин өзү чоң нерсе да, түбү жок. Иштегенде өзү менен өзү эле пландар кошулуп кете берет экен. Учурда консерваторияда сабак берип жатам. Өзүм үйрөнгөн өнөрүмдү кийинки муунга колуман келишинче үйрөтүп, ошол багытта иштегим келет. Андан сырткары жакшы чыгармаларды, ырларды жазып, чоң, мөмөлүү үй-бүлө күткүм келет. Бул дүйнөгө из калтырсам дейм.

“Азаттык”: - Жашоодо эмнеден коркосуң?

Кундуз Таштаналиева: - Жашоодо көп эле нерседен корком. Жалгыздыктан, күтүлбөгөн кырсыктан корком...
XS
SM
MD
LG