Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Орус-украин газ соодасынан пайда көргөн сырдуу арачы


Жаңы жыл утурлай Украина-Россия газ чатагы дагы кайталанды. Украина 2.4 миллиард доллар карызын «Газпромго» төлөмөйүн, 2009-жылга келишим түзүлбөйт деп эскертти ырасмий Москва. Борч төлөнбөсө, Россия эки жыл мурдакыдай газды кесип салат деп кооптонгон Украина шартка көндү. Бирок «RosUkrEnergo» компаниясы бул ирет да ортомчулуктан четтетилбейт кейпи.

Россиянын «Газпрому» менен Нафтогаз Украины» ортосундагы келишимге ылайык, украиналык компания сентябрь жана октябрда алган газынын пулун 1-декабрдан калтырбай төлөп берет. Ошондон кийин гана эки жак газ боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Бирок эки жак карыз жөнүндө эки башка санды айтышууда. Президент Медеведев 20-ноябрда Украина 2.4 миллиард карыз деген. Ал эми украин тарап «Газпром» 1.26 миллиард доллар төлөнбөгөнүн, калган акчаны ортомчу компания төлөөрүн айткан. Эки ортодо пайда тапкан эмне компания?

- Анын аты «RosUkrEnergo». Бир ээси «Газпром», экинчи ээси орус газын Казак чек арасында сатып алып, Украинага ташыган группа. Соода компаниясы сыяктуу бул группа жабык иштейт десе болот, - дейт Брюсселде жайгашкан Эларалык кризистик группанын талдоочусу Чарлз Эсер.

Ишмердигин жашырган компанияга украиналык ишкерлер эле. «Газпромго» болсо «RosUkrEnergoну» Швейцарияда катталган холдинг-компаниясы аркылуу башкарат. Эсердин айтышынча, «RosUkrEnergo» да ысмын булгап алган компаниялардан:

- Бул компания жөнүндө көптөгөн шектүү сөздөр айтылып жүрөт. Эки жыл мурда өкмөттүк эмес “Global Witness” уюму «RosUkrEnergo» бийик деңгээлдеги коррупцияга аралашканын маалымдады. Украин премьер-министри Юлия Тимошенко да береги ортомчу компания жок эле «Газпром» менен түз мамиле түзүүнү каалаган. Украина, балким, 2009-жылы «Газпром» менен «RosUkrEnergo» жок эле түз иштешип калат, - деп жоромолдойт брюсселдик эксперт.

“Global Witness” уюму Африканын согуш жүрүп жаткан өлкөлөрүндөгү мыйзамсыз алмаз соодасын таныксыз далилдер менен ашкерелеп, эларалык коомчулукка таанылган. Ал 2006-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнүн натыйжасында: «Газпром» «бизнесинин кирешелүү бөлүгүн акыркы жылдары табышмактуу үчүнчү тарапка өткөрүп бергенин», «Украинанын мамлекеттик муна-газ компаниясы узак жылдар сабатсыз башкарылганын жарыяланбаган аудитордик текшерүүлөр тастыктаганын» жарыя кылган. Ушундан улам, «айкындык жок шартта газ соодасын ким контролдогонун жана киреше кайда кеткенин билүү мүмкүн эмес», деп таянак чыгарган эле“Global Witness”.

XS
SM
MD
LG