Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:27

Жаңырган аптанын маданий окуялары


Кадыр Кошалиев - Кыргыз Улуттук тилектештик уюмунун жетекчиси

Кадыр Кошалиев - Кыргыз Улуттук тилектештик уюмунун жетекчиси

Мамлекеттик музейде кыргыз-япон сүрөтчүлөрүнүн “Сацуки-Масури” аттуу фестивалы ачылат. Мамлекеттик тарых музейинде “Рух дүйнө - кыргыз таануу өнөркечеси” аттуу көркөм кече өтөт.

Бул жумада Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде салттуу жаз “Сацуки-Масури” аттуу фестиваль өтөт. Фестивалды япониялык “Адамзатынын өнүгүү борбору” уюштурууда. Фестиваль Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. Фестивалдын негизги максаты – кыргыз жана япон элдеринин ортосунда достук мамилелерди, алакаларды түзүү. Фестивалда сүрөт көргөзмөсү жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларынын концерти болот.

Бишкектеги тарых музейинин кинозалында белгилүү көркөм өнөр таануучу жана режиссер Жаныш Кулмамбетовдун “Чыңгыз менен Бүбүсара” аттуу кинотасмасы күнүнө эки сеанс менен жүрүп жатат. Аталган кинотасма май айынын алгачкы он күндүгүнүн ичинде, майрам күндөрү да жүрмөкчү.

Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунан кыргыз искусствосунун төрт тармагынын мыкты өкүлдөрүнүн чыгармачылык бейнесин камтыган төрт китеп чыгып жатат. Булардын ичинен кыргыз театр ишмерлеринин портретин чагылдырган китеп басылып чыгып, Кыргыз пофессионалдык музыкасынын, балетинин жана киносунун алдыңкы өкүлдөрү тууралу жазылган эмгектер басуунун алдында турат.

Белгилүү театр жана кино режиссеру Назым Мендебаировдун “Дудук кыз” кинотасмасы тартылып бүттү. Буга чейин ал “Кайып булак”, “Достор” кинофильмдерин жараткан. “Дудук кызда” окуя энеси ымыркайында таштап кеткен кыздын тегерегинде өнүгөт. Башкы ролдордо Асел Чоткараева менен жаш киноактер Өмүралы аттуу жигит ойноду. Тасма учурда монтаждалууда.

Түркиянын Измир, Дидим шаарларында өткөн эл аралык фестивальдарга катышып келген “Шаттык” балдар бий ансамбли 9-майда Белоруста өтө турган эл аралык фестивальга жөнөп кетет.

Бишкектеги мамлекеттик циркте Орусиянын тандалган цирк оюнчуларынын “Сафари” аттуу программасы жүрүп жатат. Программада көрүүчүлөргө Япониядан алынып келинип үйрөтүлгөн жолборстордун оюндары, абадагы гимнастика жана “оттуу шоу” балет бийлери тартууланууда. “Сафари” Бишкекте 10-майга чейин болот.

Ал эми Бишкектеги “Учур” жаштар театрына Татарстандын борбору Казанда май айында өтчү түрк тилдүү элдердин эл аралык фестивалына чакыруу келди.

Жаштар театры Татарстанга Султан Раевдин “Меккеге карай узак жол” пьесасын даярдап жатат.

9-майда мамлекеттик тарых музейинде Бишкектеги "Адам таануу аалымканасы" Мамлекеттик тарых музейи менен биргеликте “Рух дүйнө - кыргыз таануу өнөркечеси” аттуу маданий иш-чараны өткөрөт. Бул кечени өткөрүүнүн максатын "Кыргыз улуттук тилектештик" уюмунун жетекчиси Кадыр Кошалиев Азаттыкка төмөнкүчө маалымдады:

- Бул кеченин негизги максаты – жан дүйнөгө руханий азык тартуулоо. Кеченин өзөгүндө концерт турганы менен, кеченин аталышы айтып тургандай, кыргыздын көөнөрүп бараткан руханий маселелерин көтөрүп, суроо-жооп, викторина иретинде дил төгүшүү болот. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар бар.

XS
SM
MD
LG