Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

К.Бакиев өлкөдөн чыгарылып, арызын жазды...


15-апрелде кечки саат 19:30 ченде мурдагы президент Курманбек Бакиев Жалал-Абад шаарынан учакка отуруп, Казакстанга чыгып кетти. Убактылуу өкмөт билдиргендей, К.Бакиев президенттик ыйгарым укуктарын таштаганы тууралуу арызын Казакстандан жазып берди. Ага карабай Убактылуу өкмөт, кандай болгон күндө да 7-апрелдин күнөөкөрлөрү, элди атууга буйрук бергендер, мамлекетти талап-тоногондор жазага тартыларын айтышууда.

Ошто Курманбек Бакиевди кабыл албай кууп салышты
15-апрель күнү Ош шаарына барып колдоо издеген кулатылган мурдагы президент К.Бакиевди миңдеген митингчилер кууп таштады. Куралчан адамдарынын асманга ок атуусу аркасында гана ал митингчилерден кутулуп, кечки саат 19:30 ченде Жалал-Абаддан учакка отуруп, Казакстанга чыгып кетти.

Мурдагы президенттин өкүлү Үмүт Кушбакова “Азаттыкка” билдиргендей, К.Бакиев менен коңшу өлкөгө канча киши кеткени, кайсы учак менен кетишкени так эмес. Бирок Ү.Кушбакованын айтымында, Жаныш Бакиев баш болгон адамдар Жалал-Абадда калышты:

- Бүгүн К.Бакиев Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшкөн. Экөөнүн ортосунда кандай сөз болгонун билбейбиз. Ал кечке жуук Казакстанга учуп кетти.

- Анын жанында кимдер бар? Туугандары барбы?

- Жок. Туугандары учкан жок. Өзүнүн жан сакчылары менен эле учту.

- Иниси Жаныш Бакиев бул жактабы?

- Бул жакта...

К.Бакиев Казакстанга чыгып кетери менен эле Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму буга байланыштуу билдирүү таратты. Анда 15-апрелде Казакстан, АКШ, Орусия президенттеринин, Европа кеңешинин, ЕККУ жана БУУнун ортомчулугу астында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү жана К.Бакиев менен сүйлөшүү жүргөнү, натыйжада К.Бакиев өлкөдөн чыгып кеткени айтылат.

ЕККУнун билдирүүсүнө караганда, мындай чечим Кыргызстанда бейпилдикти сактоо, жарандык согуштун тутанышына жол бербөө, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу максатында ишке ашты.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эдил Байсалов “Азаттыкка” билдиргендей, К.Бакиев Казакстанда туруп президенттик ыйгарым укуктарын таштаганы тууралуу арызын жазыды. Сүйлөшүүлөр боюнча К.Бакиевдин өзүнө жана аялына гана өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилген.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева
да кечээ К.Бакиевдин тегерегиндеги маселе боюнча маалымат берип, кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык уюмдардын ортомчулугу астында сүйлөшүүлөр жүрүп атканын билдирген эле:

- Биз бул маселени ЕККУ аркылуу, башка уюмдар аркылуу саат сайын көзөмөлдөп атабыз. Биз К.Бакиевдин үй-бүлөсү жана анын тегерегиндеги туугандары үчүн Кыргызстанды согушка алып келе албайбыз...

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулованын пикиринде, өлкөдөгү оор кырдаалды эске алып, Убактылуу өкмөттүн К.Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишине макул болгону туура болду. Антпесе, дагы кан төгүлүп кетиши да мүмкүн эле. Укук коргоочу ошондой эле өлкөдөгү абал турукташкан соң, К.Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишине көмөк көрсөткөн эл аралык уюмдар анын Кыргызстанга келип сурак беришине да салым кошуулары керек. Ал эми издөөдөгү президенттин иниси баш болгон адамдардын тиешелүү органдарга колго түшүп беришкени оң:

- Күнөөлүүлөр деп, ошолордун катарында Жаныш Бакиевдин, Бакыт Калыевдин аттары аталып атат. Ошолор өзүлөрү колго түшүп бериши керек. Тергөө менен ошолордун күнөөлөрү аныкталышы керек. Булар жоопкерчиликтен качып кеткенге эч мүмкүн эмес.

Биз мындан мурда Жаныш Бакиев менен сүйлөшкөнбүз. Албетте биз курал колдонуу, анын жоопкерчилиги боюнча курч суроолорду бердик. Ал аткыла деп буйрук бергенин мойнуна алды. Мындай деп алды. “Колунда куралы барларды аткыла деп айткам”,- деди...


К.Бакиев өлкөдөн чыгып, арызын жазган соң Убактылуу өкмөт толук түрдө өлкөдөгү легитимдүү бийликке айланды. Эми өлкөдө кандуу окуянын күнөөкөрлөрүн жана экономикалык кылмыштарды жасагандарды табуу, жаңы баш мыйзамды кабыл алып, шайлоолорго даярдануу, социалдык-экономикалык маселерге кайтып келүү процесстери башталмакчы.

Айта кетсек, 7-апрелдеги кандуу каргаша азыркы жана кийинки келе турган Кыргызстандын бийлигине чоң сабак болду. Албетте авторитардык коңшуларды, дүйнөдөгү башка катаал режимдерди да бул окуя ойлонтпой койгон жок.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү негизинен 7-апрелдеги кандуу окуянын келип чыгышына ченемсиз бийликтин бир колго топтолушу, Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен урук-туугандарынын ач көздүгү себепчи болгонун айтып атышат. Эми мындай окуянын кайталанбасы үчүн Убактылуу өкмөт калыс, тең салмактуулук сакталган парламенттик өлкө куруларын да убада кылышууда. Ал процесстерге Кыргызстандагы күчтүү жарандык коом, маалымат каражаттары, эл аралык коомчулук да сереп салып турушат.

XS
SM
MD
LG