Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Саясий туткундар тогуз эсе көбөйдү


Президенттик шайлоо күнү Балыкчыда “шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституциялык түзүлүшко шек келтирген, баш-аламандык кылган” деген айып менен 23 киши камакка алынган.
Президенттик шайлоо күнү Балыкчыда “шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституциялык түзүлүшко шек келтирген, баш-аламандык кылган” деген айып менен 23 киши камакка алынган.

Кыргызстандагы саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо комитети акыркы эки жылда өлкөдө абийир туткундарынын саны 98ге жеткенин билдирүүдө.

Кыргызстанда 11 киши абийир туткуну болуп саналарын 2004-жылы Эл аралык мунапыс уюму жарыялаган эле. Бүгүнкү күнү бийлик тарабынан куугунтукка алынган адамдардын саны жүзгө чукулдап калганын Кыргызстандагы саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо комитети билдирип чыкты.

Комитеттин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, абийир туткундары болуп, бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы пикирин билдиргени үчүн ар кандай куугунтуктарга кабылып, камакка алынган адамдар саналат. Анын айтуусунда, акыркы бир жарым-эки жыл ичинде бийликке кылган каяшасы үчүн камалып, сабалып, ошол эле учурда өмүрүнүн коопсуздугу үчүн туулган жеринен кетүүгө аргасыз болгондордун саны бир кыйла өскөн:

Топчубек Тургуналиев: "Aзыркы бийлик үй-бүлөлүк башкаруу системасын сактоо максатында өзүнө каяша кылган бардык адамдарга куугунтук жасап жатат"
- Акыркы бир жарым-эки жылдын ичинде бийликке ачыктан ачык каршы чыккан саясатчылардын, ачык жазып, “ала карганы атынан атап” койгону үчүн журналисттер атылып, сабалып, кээ бирлери камалды. Башка мамлекетке кетип, баш калкалоого аргасыз болгондору бар. Биздин комитеттин быйылкы чечими менен биз сексенден ашык кишиге “абийир туткуну” деген наам бердик.

Топчубек Тургуналиев азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкаруу системасын сактоо максатында өзүнө каяша кылган бардык адамдарга куугунтук жасап жатат, деп кошумчалады:

- Бул үй-бүлөлүк авторитардык бийлик үй-бүлөлүк тоталитардык диктатурга айланып жаткан учурда саясий куугунтук эбегейсиз күчөдү. Кыргызстанда 37-жылдардагы массалык репрессиянын эпкини байкала баштады. Быйылкы президенттик шайлоодо эле канча кишинин укугу тебеленди. Азыр оппозициядагы адамдар эле эмес, алардын тууган-уруктары, мамиле түзгөн жакындары да бийликтин куугунтугуна кабылууда.

Ошентсе да сыртка баш калкалап кеткендердин баарын эле саясий туткун деп атай берүү – куру кыйкырыкка барабар деген пикирлер да жок эмес. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков саясий куугунтукка кабылгандар жүзгө чамалады деп жарыя кылуудан мурун, алар эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин терең иликтөө зарыл деп эсептейт:

- Алар жөн жерден эле кетип калышкан жок. Бул көпчүлүккө белгилүү. Бири салыгын жашырган, дагы бирөө союз таркагандан кийин оңой ээ болуп алган байлык-мүлкүн сакташ үчүн, калгандары дагы мына ушундай өзүнүн кызыкчылыгы үчүн качып кеткендер. Ал эми алардын өздөрүн “саясий туткун” деп айтуусунда да кызыкчылыгы бар, анткени минтип айтса, аларга эл аралык уюмдар тарабынан акча-каражат берилет.

Саясат талдоочу Марат Казакбаев 2005-жылы март айында келген бийликтин тушунда Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелгени, оппозицияга өз пикирин айтууга эч кандай мүмкүнчүлүк берилбей келе жатканы ырас, бирок аларга кылмыш иши козголуп, сот
М. Казакбаев: "Кемигинде да, керкисинде да бар..."
жообуна тартылып жатышында өздөрүнүн да күнөөсү бар деп эсептейт:

- Өзү оппозицияда болсо, бир аз абайлап жүрүшү керек да. Анткени баары бир басым-кысым боло берет. Бирок менимче, күнөөнүн көпчүлүгү – бийликте. Анткени оппозиция мүчөлөрү деле биздин жарандар. Аларга дагы мүмкүнчүлүк бериш керек. Демократиялык мамлекетпиз деп аткан соң, демократиялык механизмдер менен иш алып баруубуз тийиш.

Белгилүү болгондой, жаңы бийликтин тушунда 2006-жылкы ноябрь, 2007-жылкы апрель митингдеринен кийин бир топ саясатчылар, журналисттер Кыргызстандан сыртка баш калкалап кетүүгө аргасыз болгон. Апрель митингине катышкан бир нече киши “баш-аламандык кылган” деген айып менен соттолуп, камалып кетти. Андан кийин 2007-жылы болгон парламенттик шайлоодо бийликтин “Ак жол” партиясына негизги атаандаш болгон “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрү да сыртка качкандардын катарын толуктады.

Акыркы эки жылдан бери өмүрүнүн коопсуздугу үчүн туулган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгондордун арасында журналисттер көбөйдү. Алсак, өткөн жылы “Де факто” басылмасынын журналисттери Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев чыгып кетсе, быйыл жазында белгисиз бирөөлөр мыкаачылык менен кол салып, эки колун, эки бутун сындырып кеткен журналист Сыргак Абдылдаев өлкөдөн чыгып кетти.

Саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо кыймылы быйылкы жыл башынан бери жети журналистке кол салуу болуп, көз карандысыз журналист Алмаз Ташиевдин каза тапканын, эки жыл мурда Ошто белгисиз бирөөлөр атып өтүргөн журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш эмдигиче ачылбай келе жатканын белгилейт. Ал эми быйылкы президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин социал-демократчы эки депутаты: Кубанычбек Кадыров менен Бакыт Бешимов, БЭКтин мүчөлөрү Качкын Булатов менен Жолдошбек Орозов Кыргызстанды таштап кетүүгө мажбур болду.

Президенттик шайлоо күнү Балыкчыда “шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык кылган” деген айып менен 23 киши камакка алынган. Алардын бири, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Канат Сопиев өмүрүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун “Азаттыкка” айткан эле:

"Адилеттиги жок адамдар өлкөнү башкарып турганда мекенди таштап кетүүгө аргасыз болдум"
- Мамлекеттик айыптоочулар сот бүтө электе эле, "кыйын болуп каяша сүйлөбөгүлө, силердин тагдырыңар эчак чечилген", деп алдын-ала тыянак чыгарып койгону, мына ушунун баары соттон калыс чечим болбой турганын айгинеледи. Баары бир кайра эле камайт экен деп качууга аргасыз болдум. Адилеттиги жок адамдар өлкөнү башкарып турганда мекенди таштап кетүүгө аргасыз болдум. Азыркы бийлик кетип, башка эл үчүн иштеген адамдар келгенде эле кайтпасам мага оор болуп калды го...

Ушул тапта оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдун үстүнөн соттук териштирүүлөр жүрүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG