Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

М.Макфол: Кыргызстандагы окуялар - демократия орнотуу өрнөгү


АКШ президентинин өкүлү М. Макфол "Азаттыкта" мейманда. 2010-жылдын 6-майы.
АКШ президентинин өкүлү М. Макфол "Азаттыкта" мейманда. 2010-жылдын 6-майы.

АКШ президентинин өкүлү М. Макфол апрель окуясында Кыргызстан оор жоготууга учуроо менен бирге демократияны өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алганын белгиледи.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы, профессор Майкл Макфол Бишкектеги иш сапары учурунда “Азаттык” үналгысынын жамааты менен (6-майда) жолугушуп, угармандар үчүн эксклюзивдүү маек курду.

- Доктор Макфол, эки күн мурун маалымат жыйынында АКШ-Кыргызстан ортосундагы “кызматташуу терезеси” тууралуу сөз козгодуңуз эле. Мындай кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, багыттары жана формасы тууралуу айтып бересеңиз?


- АКШ президенти Обаманын администрациясы, анын ичинде мен дагы Кыргызстанда апрелде болуп өткөн окуяларды аябагандай чоң трагедия деп эсептейбиз. Күнөөсүз адамдардын өмүрү кыйылды. Бул окуяларды ар тараптуу изилдөө үчүн убакыт жана мүмкүнчүлүк болот деп ишенем жана ал боюнча жоопкерчиликти алуу керек. Бирок бул трагедия ошол эле учурда мүмүкүнчүлүктөрдү да жаратты.

Азыркы учурда Кыргызстандын эли жүргүзүп жаткан иш-аракеттер, бул жерде мен Кыргызстандын утурумдук өкмөтү эмес, Кыргызстандын эли дегенди өзгөчө басым менен белгилеп өткүм келет, жалпы элдин иш-аракеттери жана учурдагы мүмкүнчүлүктөр Кыргызстанда чыныгы демократиялык башкаруу системасын орнотууга реалдуу мүмүкүнчүлүктөрдү берет деп терең ишенем. Президент Обаманын администрациясынын позициясы – ушул процессти ишке ашырууга колубуздан келишинче көмөк көрсөтүүгө даяр экендигибизде турат.
Кыргызстандагы окуялар биринчи иретте Кыргызстандын өзүнө таасирин тийгизет, ошол эле учурда башка өлкөлөр үчүн демократияны кандай орнотуу керек экендигине үлгү боло алат...

Учурдагы мүмкүнчүлүк – тарыхый уникалдуу , ошол эле учурда татаал жана көп тоскоолдуктардан турган мүмкүнчүлүк. Демократияны орнотуу эч качан оңой иш болгон эмес жана менин өз өлкөмдүн тарыхы демократияны орнотуу тынымсыз күрөш экендигин көрсөтөт. Азыркы учурда Кыргызстанда болуп жаткан окуялар биринчи иретте Кыргызстандын өзүнө таасирин тийгизет, бирок ошол эле учурда башка өлкөлөр үчүн демократияны кандай орнотуу керек экендигине үлгү боло алат. Биз Кыргызстанда атайын бир лидерге же саясий партияга эмес, Кыргызстан элине өнөктөш болуп, өлкөдө демократиялык мыйзамдарды орнотууга жана ушул процесстерди ишке ашырууга колубуздан келишинче жардам бергибиз келет.

- Сиздин оюңузча АКШнын тышкы саясатындагы “жумшак күч” стратегиясы мурдагы советтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн эффективдүү деп ишенесизби?

- Сиз атаган «жумшак күч» деген түшүнүктү президент Обама колдонбойт. Президент Обама өз өлкөбүздүн үлгүсүнүн негизинде башка өлкөлөргө таасир тийгизүү жана алар менен жакшы мамилелерди түзүү мүмкүн экендигине терең ишенет. Ал киши көп учурларда башка өлкөлөр жана адамдар менен мамиле түзүүдө, иш алып барууда «эки тараптуу урматтоо» түшүнүгүн колдонот.

Бул Президент Обама үчүн жана анын тышкы саясий маселелерине карата уникалдуу көз караштын түшүнүгү. Ошол эле учурда бул дагы башка уникалдуу аспектти жаратат. Ал башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен тыгыз байланыш түзүүгө чакырат жана байланыштарды бекемдейт. АКШ өкмөтү дүйнөлүк дипломатия процесстерине аралашуу аркылуу башка өкмөттөр менен тыгыз байланыштарды түзүү боюнча жигердүү иш алып бара жатат.

Обаманын администрациясы эки багыттуу иш алып барууну көздөйт. Бул түшүнүк дүйнө өлкөлөрүнүн элдери менен, анын ичинде Кыргызстан эли менен түздөн-түз, өкмөттөрдүн тиешеси жок байланыштарды түүзүүнү көздөйт. Бул өз ичине АКШ-Кыргызстандын жарандык коомдору ортосунда, элдердин ортосунда эки тараптуу, түздөн-түз байланыш түзүп, аларга эки багыттуу мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү да камтыйт. Бул Обаманын колдонгон стратегиясы жана философиясы. Ал канчалык деңгээлде позитивдүү натыйжа берээрин тарыхчылар изилдер, бирок бул биздин тышкы саясатыбызда фундаменталдуу жаңы ыкма.

- Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Манас” аба майданындагы Транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыз кылган ишканаларга кылмыш ишин козгоду. Бул жаатта сиздер тараптан кандай аракеттерди күтүүгө болот?

- Бул маселе боюнча эки нерсени айтып өтөйүн. Биринчиси, Транзиттик борборго байланышкан бүт төлөмдөр, акча-каражаттары жана АКШ өкмөтү тарабынан, анын атынан Кыргызстанда жүргүзүлгөн иш-аракеттер мүмкүн болушунча ачык, айкын болушун камсыз кылууга аракеттенип жатабыз. Биз бул багытта ишти баштадык, бирок дагы да көп чара көрсөк болот.

Жакынкы убакыт аралыгында атайын интернет барактарын түзүп, анда ким эмне кызмат көрсөткөндүгү үчүн кандай төлөмдөрдү кабыл алып жаткандыгын камтыган маалыматты Кыргызстандын көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына жана элине түздөн-түз жетишин камсыз кылууну көздөп жатабыз. Биздин оюбузча, бул биз үчүн, Кыргызстандын өкмөтү үчүн жана Кыргызстанды эли үчүн дагы пайдалуу болот.
Транзиттик борбордогу бүт төлөмдөр жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстанда жүргүзүлгөн иш-аракеттер мүмкүн болушунча ачык, айкын болушун камсыз кылууга аракеттенип жатабыз.

Эми коррупцияга байланыштуу айыптоолор боюнча сөз кылайын. Мен Кыргызстандагы бул сапарым учурунда утурумдук өкмөт менен жолугушууларда бул каражаттардын кайда жана кандай жолдор менен жылып жаткандыгын изилдөө үчүн америкалык жана эл аралык ар түрдүү инструменттердин тизмесин бердим. Ал тизме азыр убактылуу өкмөттүн колунда жана кыргыз тараптан кандайдыр бир жооп болгондо колубуздан келишинче кызматташууга даярбыз.

- Бул маселе боюнча АКШ Конгресси атайын угуу өткөргөнү маалымдалган. Анын жыйынтыгы кандай болду?

- Сиз айткан отурум Конгрессте чындыгында болуп өттү жана дагы бир канча отурумдар уюштурулат деп ойлойм. Биз андай отурумдарды кубаттайбыз. Бул демократияны жана ачыктыкты билдирет. АКШ Конгресси тарыхта болуп өткөн окуялардын такталышы үчүн позитивдүү роль ойной алат. Конгресстин мындан да маанилүү ролу бизге кандайча ачык, айкын иш алып баруу керектиги тууралуу багыт бере алат. Дагы бир маанилүү жагы – мындай саясат бир гана Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелер алкагында гана жүргүзүлбөйт.

Өкмөттүн ачык-айкын иш алып баруу саясатын Обама бийликке келген биринчи күндөн тартып ишке ашыра баштады. АКШ президенти мындай саясатты башка өлкөлөр менен болгон мамилелерде гана эмес, АКШнын ичинде да жүргүзүү зарылдыгына терең ишенет. Өкмөт элге алардын акчасы кандай максаттарга жумшалып жаткандыгы тууралуу мүмкүн болушунча толук маалымат берүүсү – бул демократиялык ар бир өкмөттүн милдети. Себеби ал каражат жеке менин, же болбосо президент Обаманын акчасы эмес – элдин акчасы.

М. Макфол: Демократия орнотуу оңой иш эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:28 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG