Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Кишиневдогу КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги жыйыны соңуна чыкты. Байкоочулардын баамында, КМШ аймактык уюм катары өз милдетин аткара албай келет.

Бул ирет жыйынга он бир мүчө-өлкөлөрдүн жети президенти гана катышып, Борбор Азиядан Курманбек Бакиев барды. Байкоочулардын баамында, КМШ аймактык уюм катары өз милдетин аткара албай, келечекте постсоветтик өлкөлөрдүн саясий биримдиги өзүнөн-өзү тарап жок болушу ыктымал. Өткөн жылкы орус-грузин жаңжалынан кийин расмий Тбилиси КМШга мүчөлүктөн баш тарткан.

Мамлекет башчысын тандай албай ээси оогон Молдованын утурумдук жетекчиси Влад Гимпу жетектеген кезектеги жыйынга КМШ биримдигин колдогон өлкө жетекчилери келбей коюшту. Эки күндүн биринде мамлекет башчысын тебетей алмаштыргандай өзгөртүп ийүүгө көнгөн Днепр боюндагы Европа өлкөсүнүн жосунсуз жоругу - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын алмашкыс мамлекет башчыларын чочуткан шекилдүү. Ал эми Кыргыз президентинин Кишиневго чаап барышын Орусиянын Кыргызстанга бөлчү 1700 миллион доллор карыз акчанын кайгайына байланыштуу экенин серепчилер айтып чыгышты.

Жыйында президент Бакиев Молдованын парламент төрагасы Михай Гимпу менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады. Ал эми орус президенти Медведев менен күтүлгөн бетме-бет баарлашуу болгону маалымдалган жок. Саммит соңунда коопсуздук, чекарага жана Грузия менен кантип кызматташуу тууралуу чечимдер кабыл алынып, кийинки жыйын 2010-жылдын май айында Москва шаарында өтөөрү кабарланды.

Постсоветтик он бир өлкөнү курамына туткан КМШ – аймактык уюм катары өз милдетин аткара албаганы сынга учурап келет. Анын регионалдык өнүгүүгө канчалык түрткү бере ала тургандыгы тууралуу пикирлер ар беткей. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын профессору Айнура Элебаеванын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча аймактык уюм түзүүсү зарыл:

- КМШ деген ара төрөлгөн баладай, регионалдык уюм катары анын эч кандай практикалык таасири да, пайдасы да жок.


Биримдиктин мурдагы мүчөсү Грузия былтыркы орус-грузин согушунан кийин КМШнын курамынан чыкканын жарыялаган. Айрым жергиликтүү адистер Кыргызстан дагы демилгени колго алып, өз тагдырын чече турган мезгил жетти дешет. Көз карандысыз талдоочу, Аскар Мамбеталиев Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп шериктештиктен чыгып кетсе болот деген пикирде:

- Кыргызстан коркпой-үркпөй эле өз шарттарын коюп, ушул жерде жетекчилик ролду алса болот. КМШдан биринчи болуп чыгып кеттик деп биздин эл тарыхта жакшы ат менен калмак. Бул уюмдун бизге пайдасына караганда көп зыяндары болуп жатпайбы. Мисалы, биринчиден, тил маселеси – эне тилибиз коркунучта. Экинчиден, демократия-эл бийлигин карап көрөлү. КМШга мүчө өлкөлөрдүн эч биринде эл бийлиги болгон эмес. Анан үчүнчүдөн, тышкы дүйнөдөн обочолонуп калабыз. Обочолонуу- жок болууга барабар дегенди билдирет. Ошондуктан, биз бейтараптыкка умтулуубуз керек.

Ошол эле учурда шериктештиктин биримдиги – Кыргызстан сыяктуу саясий, экономикалык жактан катаал кырдаалгы туштугуп турган өлкөлөргө аба менен суудай керек деген ишеним да күч. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев, жетимиш жыл совет доорунда болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишкен өлкөлөрдүн биримдигинин келечеги кең деди “Азаттыкка” курган маегинде:

- Өзгөчө Орто Азия мамлекеттери Россия менен кызматташтыкта, Россиядан кол үзбөсө гана келечекте өсүгүп-өнүккөн мамлекетке жетише алат деп эсептеймин. Аа болбосо, ошол эле Ооганстандын тагдырын эскерип көргүлө. Ошого дуушар болуп калуубуз мүмкүн. Мына атактуу, улуу Чыңгыз агабыз ошону айтчу, “ура-патриоттор, ошол Россия басып алды деп жүрөсүңөр. Эгер Россия келбегенде, бүгүн ахыбалыбыз Ооганстандан жаман болот эле” деген сөзү бар. Улуу агаларыбыздын сөздөрүн дагы унутпагыла.

Он сегиз жылдык жылдык тарыхы бар КМШнын аймагындагы Тоолуу Карабак жаңжалы ушул күнгө чейин жөндөлбөсө, Борбор Азиядагы коңшулардын суу, чек ара талашы улам-улам отко күкүрт чаккандай жанданып турат. Шериктештиктин батышында бир тууган украин-орус тирешүүсү күч алып жатса, бир жактуу өз күнкорcуздугун жарыялаган Түштүк Осетия, Абхазия, Приднестровье аймактарынын тагдыры бүдөмүк тейден калууда.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG