Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Г.Байтерекова: Жаңы өкмөт убактылуу болбосун


Кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун 6-7-апрелдеги кан төгүлгөн окуяда жапа чеккендерге ар кандай жол менен жардам көрсөтүп жатышат. Германиянын Бремен Университетинин доценти, доктор Гүлай Байтерекова (КМУУнун чет тилдер кафедрасынын мурдагы башчысы, 20 жылдан бери Бремен Университетинде жана өтө зээндүү балдардын эл аралык Обернойланд гимназиясында эмгектенет) шашылыш түрдө Бишкекке келип, өз мекендештерине колдоо көрсөтүүдө.

Кыргыздын патриот кыздарынын бири Гүлай Байтерекова Бишкекте жүргөн күндөрү “Азаттык” үналгысы менен маектешип, Кыргызстандагы соңку окуяларга карата көз карашын, ой-пикирин бөлүштү.

- 7-апрелде Кыргызстанда болгон окуялар тууралуу маалыматты кайдан алып турдуңуз?


- Радиодон, телевизордон, анан чуркап барып интернетти карасам баягы кайгы капага баткан аянт, жаш балдар өлүп, карысы-башкасы беймазага түшкөнүн көрүп, мылтыктын тарсылдаган үндөрүн уктум. Мунун баарын көргөндө токтоно албай бир телевизор, бир радиого, бир интернетке чуркап, үч бурчтуктун ичинде чарк айландым.

Бир аздан кийин коллегаларым- Бремен университетинин профессорлору мага телефон чалышып, “Гүлай, сенин өлкөңдө жаңжал болуптур, абайла!”, дешти. Анан “президенттиңер [Р.Отунбаева - убактылуу өкмөт башчы] сага окшош турбайбы”, дешти, мен болсо “ал менин кесиптешим” дегениме карабай, “жок, сенин тууганың окшойт” деп такышты. “Жок, менин тууганым эмес. Жакшы кесиптешим, ал бардык иштин көзүн билген абдан мыкты кыз” деп жооп кайтардым.

Розанын [Р.Отунбаева - убактылуу өкмөт башчы] биринчи эл алдына чыкканда оозу кеберсип, кыйналганы көрүнүп турду. Жүзү өтө чарчаңкы, аны көрүп, көзүмө жаш алып ыйладым. Ушул жаш балдардын өмүрүн, акылдуу адамдардын аракетин чын эле биздин кыргыз эли баалай албайбы деп өтө капаландым.

Кыргыздын кыздары кайда болсо дагы жакшынакай иштеп, элине жардам берип жүрөт. Бирок бул окуя мени ушунчалык капалантты. Эл эч убакта кан көрбөсүн. Кандай кыйналсак да жашап келе жатпадык беле, бул К.Бакиев элге жамандык кылыптыр.

Булардын баарын көргөндөн кийин шашылыш түрдө Кыргызстанга камдана баштадым. Биздин кыргызстандык Грузинский Сергей Иванович деген жакшы киши бар, ошого чалып, мага дароо самолетко билет жөнөт дедим. Эртеси эртең менен Франкфурттан келген билет колума тийди.

- Сиз эмгектенген Бремен университетинин жамааты, ал жердеги кыргыздар, башка боордоштор кыргызстандыктарга колдоосун, дубай-саламын айттыргандыр?

- Албетте. Мисалы, Бремен уинверситеинин вице-президенти, эл аралык укук боюнча профессор Хаген Лихтенберг, “элиңе кааларым, биринчиден демократиялык өлкө болсун. Эгер биздин жардамыбыз, кеп-кеңеш керек болсо биз даярбыз. Жанагы курман болгондордун ата-энесине, үй бүлөсүнө, туугандарына алар менен кайгысын тең бөлүшүп турганыбызды айта барыңыз” деди. Бремендеги түрк академиктеринин жамаатынын атынан Рифат Хатун уулу өзүнүн көңүл айтуусун жазуу түрүндө жиберди.

- Германиялык боордош-достордун аманатын кимдерге жеткире алдыңыз? Балким убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолуга алгандырсыз?

- Биринчи келээрим менен бул жердеги кесиптештерим, уулум менен аянтка барып, каза болгон балдардын эстелигине гүл койдук. Жап-жаш балдар, жап-жаш мугалимдер көз жумганын көрүп абдан капаландым. Алардын үй бүлөсүндө кандай күйүт болуп жатканын мен да сезип турдум. Алардын бул күйүтү жалпы кыргызыбызга тиешелүү.

Ал жерден чыгып Ата-Бейитке бардык. Балдарга куран куран окутуп, алардын бейитине чейин бардым. Чыңгыздын, анын атасы менен чогуу жаткан башка агаларга да куран окуттук.

Андан чыгып дароо эле 4-ооруканага жөнөдүк. Ошол жердеги көзөмөлдө турган балдардан сурап, дароо эле жарадар болгон балдарды таптык. Анан кайсы бөлмөдө канчадан бала жатканын көрүп чыгып, өзүмдүн чогулткан эмгек акыман ошол балдардын ар бирине дары дармек, же витамин болобу, зарыл нерсесин алганга бөлүп бердим.

4-кабаттагы бөлмөлөрдүн биринде жети, экинчисинде алты, дагы биринде жалгыз бала, дагы бир бөлмөдө беш бала жатыптыр.
Ошол балдардын эң жашын көрүп, ушундай зээним кейиди. Бетинен өөп, “айланайын, аман калганыңан, кудай бар экен сага дагы”, деп эркелеттим. Башкалары менен учурашып, анча-мынча тамаша айтып, “Силер жасай турган иш көп. Силер тез айыгып чыккыла. Тез чыккыла!”, деп патриоттук маанайда коштоштум.

Балдар, байкуштар бардыгы тең жатышат. Бирөөнүн апасы, бутун кестирген баланын аялы турат. Ал эми тиги жаш бала келгендерге күлүп турат, ал кандай жараат алганын сезе элек окошойт. Ошентип ал жерден чыктым. Анан Ак үйдүн маңдайындагы боз үйгө кайра барып, өз оюмду жаздым.

- Жаңы келген өкмөткө, бардык кыргызстандыктар, ал тургай дүйнө үмүт артып жаткан өкмөткө сунушуңуз кандай?

- Менин сунушум – азыркы өкмөт убактылуу болбосун, элдин ишенич-тилегин актасын. Жаңы өкмөт колдон келишинче программаларын, иш стратегиясын түзүп, жанагы мурунку эски келген кишилердин эс алууга кетирчүлөрүн кетирсин. Алар небере-чөбөрөлөргө жакшы тарбия берип, келечекке мыкты даярдап үйүндө турсун.

- Соңку кезде кыргыздын аялдары, апалар-эжелер көчөгө чыгып, бирөөлөргө кол көтөргөнгө чейин барып массалык баш-аламандык уюштурган учурлар көбөйдү. Сиз буга кандай карайсыз?

- Мен бул тууралуу абдан жаман ойлойм. Эң жаман. Мен ал аялдарды аял деп эсептегим келбейт. Себеби ал аялдар көчөдө кыйкырып жүрсө, алардын бала-чакасына үйүндө ким жакшынакай тарбия берет? Ал аялдарды кармап, жоопко тартуу керек. Албетте, биз-аялдар өз үй бүлө, балдарыбызды коргойбуз. Бирок ошондой туура жүрбөгөн адамдарды коргоп, көчөдө чуркап, жумурткалар менен уруп жүргөндү кантип түшүнсө болот?

Мен Түп районунун Сары-Булак айылынын кызы болом, анан өткөн жайдагы эже-сиңдилеримдин биздин балдарды жумуртка менен ургулаган окуясын телевизордон көрүп, немис досторумдун алдында катуу уялдым.

Ө.Текебаев деген жакшы жигит да, биздин студентибиз болгон. Ким башкарыш керек биздин элди? Бизди балдар башкарбаганда ким башкарат? Эмне ошол аялдардын жүрөгү, үй-бүлөсү жокпу? Алардын күйөөлөрү жокпу? Кыргыздар деген кыйын калк болгон. Кыргыздын аялдары ички дүйнөсүндө үй бүлөм, бала-чакам, күйөөм, эл үчүн, мекен үчүн деп жашап, кызмат кылышкан.

- Кыргызстандын мурдагы президенти К.Бакиев Беларусияда туруп, “мен Кыргызстандын президентимин. Кызматымды бербейм, мени өлүм гана токтотот!”, деп жарыя кылып жатат. Сиздин пикириңиз?

- Өмүр дагы, өлүм дагы бир келет. Бир жолу төрөлгөн адам бир жолу өлөт. Өлгөндө дагы ошентип догурунуп өлбөш керек. Саддам Хусейин жашынып жаткан ордунан сууруп чыкканда, “Мен Ирактын президентимин” деп айткан. Бул куру намыс, башкача мен айта албайм. Эгер намыс болгондо, өз элинин алдында туруп ошону айтса кана. Элинен кечирим сурап, “айланайын элим, менин күнөөмдү кечиргиле. Эми мындай кылбайм” десе кана. Бирөөнүн аркасында кой терисине жамынып алып турганы кандай?

Лукашенконуку да туура эмес, анткени ал дагы өз өлкөсүндө ушундай жаманчылыкка барат. Эгер ал [К.Бакиев] баатыр болсо келип туруп өз элинин алдында кечирим сурасын. Канча киши өлдү, канча киши майып болуп калды? Шаар болуп турган үй-бүлөдө келиндер күйөөсүз, балдар жетим, энелер баласыз, аталар кан жутуп турат. Ушундай мезгилде Лукашенконун К.Бакиевди катып койгонун “уурулук” деп эсептейм.

- Рахмат. Бар болуңуз!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG