Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Апрель окуясы боюнча эл аралык комиссия: ооба же жок


7-апрелдеги козголоң, Бишкек.
7-апрелдеги козголоң, Бишкек.

Көз карандысыз Хьюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) уюму 6-8-апрелде болгон Кыргызстандагы окуялар боюнча иликтөө жүргүзүп, атайын билдирүү таратты. Анда Кыргызстандын убактылуу өкмөтүн апрель окуяларын иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүүнү тездетүүгө чакырды.

Утурумдук өкмөт болсо тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан стандарттык мүнөздөгү тергеп тескөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет.

“Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында апрель окуялары эң каардуу саясий зомбулук болуп калды. Андан жапа чеккендер чындыктын даңазаланышына укуктуу”,-
деген бааны Хьюман Райтс Уотч уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча адиси Андреа Берг берген.

Хьюман Райтс Уотч уюму жүргүзгөн иликтөөдө, 6-7-апрелдеги кагылышуулар маалында коопсуздук күчтөрү менен катар эле чогулгандар өздөрү дагы жаңжалдын күчөшүнө түрткү болуп, окуя ондогон адам өмүрүн алып, жүздөгөн жарадарлар менен аяктаганын белгилейт. Иликтөөнүн жүрүшүндө отуздан ашуун жапа чеккен адамдар суралып, окуя маалында тартылган сүрөт-видео материалдар талданган.

Апрель окуяларын иликтөө тууралуу эл аралык көз карандысыз комиссия түзүү мүдөөсү Улуттар уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Бишкекке келген өкүлдөрү жана Кыргызстандын убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева тарабынан айтылган. Кийинчерээк мындай каалоосун бийликтен кулаган президент Бакиев Жалал-Абаддан журналисттерге билдирген.

Антсе дагы ушул күнгө чейин бул мүдөө сөз бойдон турат, убактылуу өкмөт болсо Азимбек Бекназаров башында турган укук коргоо органдарынын тиешелүү топтору тергеп-тескөө иштерин жүргүзүп жатканын гана байма-бай маалымдоодо.

Ал эми Хьюман Райтс Уотч уюму Кыргызстан көз карандысыз комиссия түзүү сунушу менен эч бир эл аралык укук коргоочу тараптарга кайрыла электигин маалымдайт. Кыргызстандын убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев “Ооба, бизде эл аралык комиссия түзүү оюу айтылган. Бирок бул боюнча бүгүнкү күндө [комиссия] түзүлө элек”, - деп тастыктады.

Ошол эле учурда жарандык коом демилгени колго алып жаткандыгын “Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” мындайча билдирди:

- 6-7-апрелде болгон абалды тергөө-изилдөө комитети” деген комитет ачканбыз. Ага бир топ коомдук уюмдар кирди. Мына бүгүн биринчи отурумун өткөргөнү жатабыз.

Апрелдеги кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан өз ичинде кылдат иликтеп, кылмышка тиешелүү адамдардын бардыгын жоопко тартууга милдеттүү деген көз караш дагы басымдуулук кылат. “Элдик кеңеш” коомдук бирикмесинин мүчөсү Мукар Чолпонбаев эл аралык комиссия чакыруунун эч кандай зарылчылыгы жок деген пикирде:

- Анткен себеби бул жерде Бакиев "мен Ак үйдү коргоп гана аттырдым", деп айткысы келип жатат. Ак үйдү башка жолдор менен деле коргосо болот эле да. Ак үйдүн терезесинен чатырына чейин көзгө атарларды коюп, келген кишилерди атуу деген эч бир жерде жок. Экинчи өзгөчө айта кете турган нерсе – Ай үйдү Бакиевдердин жалдап келген адамдарынан сырткары бир дагы жөнөкөй жаран коргоп, тийбегилечи ушул Ак үйгө деген жок. Демек, Кыргызстандын бүт элине жек көрүндү болуп бүткөн так турат. Ал эми эл аралык уюмдар буларды тергеп, биздин ички ишибизге кийлигише турган эч кандай жөнү да жок.

Анткен менен көз карандысыз уюмдар Апрель окуясын эл аралык адистердин катышуусу менен иликтөө саясий оюндардын сазына батып турган Кыргызстанда бейтарап, адилет жыйынтыктарга жетишүүгө шарт түзөөрүнө ишеним артат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG