Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

А.Жекшенкулов: Убактылуу өкмөттүн портфель бөлүштүргөнү туура эмес


“Акыйкат үчүн кыймылынын” жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри жана оппозициялык саясатчы Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” курган маегинде убактылуу өкмөттүн айрым кадамдарын сынга алып, жаңы саясий партия түптөп жатканын билдирди.

Эки жыл мурда А.Жекшенкуловго карата кызмат абалынан пайдаланып мамлекетке зыян келтирген деген негизде кылмыш иши козголуп, ушул жылдын март айында 5 жылга шартуу эркинен ажыратылган. Ал өзү бул ишти “саясий буйрук” катары баалаган.

- Аликбек мырза, алгач Кыргызстандагы учурдагы саясий ахывалга кандай баа бересиз?

- Тилекке каршы, бүгүнкү күндө саясий абал абдан оор. Экономикалык абал болсо дагы оорлoшyп баратат. Өзүңөр билесиңер, мародерлук, чоң бизнесте рейдерлик (басып алуучулук) болуп жатат. Дагы эле бир калыпка түшө элекпиз. Саясий күчтөр, ар кандай түндүк-түштүк маселеси дагы бир кооптуу абалда турат. Бүгүнкү өкмөттүн кадамдарына жараша мындан ары саясий абал курчуп, же басылышы мүмкүн.

- Бүгүнкү убактылуу өкмөт кырдаалга ылайык ийгилик алып келе турган кадамдарга бара албай жатабы?

Оппозициядагы саясатчылар Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков АКШда иш сапарда
- Эми кечээ эле чогуу жүрүп, бүгүн ачык айтканда, сындагым келбейт. Бирок кыскача айтканда, чечилбей турган маселелер көп, бир катар маселелер каралбай атат. Маселен, өлкөнүн коопсуздук маселеси. Менин баамымда жалпы мамлекеттик деңгээлде ойлогон эчким жок. Азырынча бул жерди басалы, анан тиги жерди тынчтандыралы деп мурунку бийликтегидей эле аракеттер болуп жатпайбы. Тиги Жалал-Абадда митинг болсо ал жакка бир министр барып сүйлөшүп басып коюп, дагы башка жерде ызы-чуу чыкса ал жакты басып жатышат. Учурда бизге системалуу аракеттер зарыл.

Дагы бир маселе, менин оюмча убактылуу өкмөт орто анан чакан бизнеске тийбегиле деп түздөн-түз буйрук бериши керек. Анткени орто жана чакан ишкердик биздин экономиканын бели да. Ал эми Максим Бакиев ээлик кылган, же үлүшү бар чоң бизнести мен сунуштагандай комиссия түзүп, элдин көзөмөлүндө, ачык айкын маалымат берип, адистер, юристер баары чогулуп чечиш керек. Бакиевдерге тиешелүү бизнес - элдики болуш керек.
20 жылдык президенттик диктатураны эми парламенттик диктатура алмаштырса кандай болот?...


- Эмне үчүн маселелер топтолуп чечилбей жатат? Буга бүгүнкү убактылуу өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жокпу, абал жол бербей жатабы, же убактылуу өкмөт өз ичинде кайсы бир маселелер менен алекпи?

- Өтө кызыктуу нерселер болуп жатат. Мындай цивилизациялык мамлекеттерде саясатчылар алмашса дагы министрлик-ишканалардагы мамлекеттик кызматкерлер иштей берет. Азыркы убактылуу өкмөттүн келип алып эле портфелдерди бөлүштүргөнү менин оюмча туура эмес. Эң негизги себеп ушунда. Эгер азыр профессионалдарды жоготуп койсок, мурункудай эле көрүнүш болчудай сезилет. Кесипкөй адамдарды “бул меники, бул сеники” деп бөлбөш керек.

Эмне үчүн биз революция жасадык? Эмне үчүн биз түрмөдө отурдук? Азыр мына менин оюмча ойлонууга мезгил келди. Ушу Кыргызстандын келечеги үчүн деп, кыргыз эли оңолсун деп баарын көтөрдүк да. Анан бир топ бийликти ээлеп алып, өз адамдарын кызматтарга коюп алганы болбогон көрүнүш. Эртең эле анда бул бийликтин келечеги жок болуп калышы мүмкүн. Мени үч-төрт жолу Тышкы иштер министрине чакырды. Эмне себептен мен баш тарттым?...

- Сизди убактылуу өкмөт расмий түрдө ал кызматка чакырдыбы?
Бакиевдерге тиешелүү бизнес - элдики


- Ооба, убактылуу өкмөт расмий түрдө чакырды. Мен андай сунуштан баш тарттым, анткени саясатчы болгондон кийин шайлоого даярданышым керек. Бүгүн убактылуу төрт-беш ай министр боло калайын деген - максат эмес. Биз ушул саясий системаны түп тамырынан бери өзгөртөбүз деп айтып келбедик беле. Мени ойлондурган – бүгүнкү кадамдардын таасири, жыйынтыгы кандай болот?

- Эмне үчүн менчикти коргоп калуу, кайра бөлүштүрүүнү карап чыгуу мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек деген кайрылуу менен чыктыңыз? Чын эле ушунчалык кооптуу кырдаал түзүлдүбү?

- Албетте, анткени билесиңер азыр бирөөнүн менчигин басып алуу болуп жатат, чакан ишкерлер кимге кайрылаарын билбейт. Мисалы менин кеңсеме бүгүнкү күндө эртең мененки сегизден баштап кечки тогуз-онго чейин киши үзүлбөйт. Алар өкмөткө барса кире алышпайт экен, андан башка каякка барат? Ошондон улам бул маселени өзөгүнөн негиздүү чечпесек болбойт. Мен ошол максатта убактылуу өкмөткө кат жөнөттүм.

- Кыргызстандагы «Мегаком» уюлдук компаниясын коргоп калуу, ал тургай улутташтыруу жөнүндө кайрылуу жибердиңиз. Мунун максаты эмнеде?

- Аталган компанияга кайсы бир топтор барып, бизнести алабыз дегенде мага Москвадан телефон чалып, жардам сурашты. Апрель окуясында “Акыйкат үчүн» кыймылынын жаштар канатынын миңден ашуун балдары Ала Тоо аянтына чыгышты. Алар “Мегакомду” талап-тонолуудан сактап калышты. Ал эми азыр болсо ал жерде Улуттук коопсуздук кызматынын, каржы полициясынын кишилери отурат. Кайрылуу жасаганымдын себеби, ошол басып алабыз деген күчтөр кайра мага асыла баштады.

- Ушул жерден тактоо иретинде суроо- бейрасмий маалымат боюнча «Мегаком» компаниясында сиздин жеке кызыкчылыңыз бар экени, кайрылууларыңыз аркылуу өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды көздөп жатканыңыз айтылууда. Бул канчалык чындыкка туура келет?

- Эми мени бийлик эмне гана кылган жок, аны билесиз. Киши өлтүргүч, ууру кылды. Баягы 5 миллион юанды уурдады, киши атты дегендин бирөө дагы далилделген жок. Бул мурдатан келаткан эле “оюндар”, кайсы бир саясий күчтөр менин атымды булгаганга аракет кылып жатат. Мен ачыкмын, ток кишимин, эң башкысы пейилим ток. Андыктан атайын иликтөө жүргүзүлсө мен каршы эмесмин. Мени кыргыз эли көрдү, билди деп ойлойм. Менин эч кандай үлүшүм болгон эмес жана болбойт, мен ага кызыктар эмесмин.

- Бул жумада жаңы Баш мыйзамдын долбоорун карай турган Конституциялык кеңешме түзүлөт. Сиз кызыгып көрдүңүзбү, сизди ага катышууга чакыруу болдубу?

- Жок, азырынча унчугушкан жок. Өмүрбек Чиркешевич [Ө.Текебаев – убактылуу өкмөттүн конституциялык реформа боюнча жооптуу мүчөсү] – менин досум, бул маселе боюнча биз ар дайым тил табышабыз. Бирок мамлекеттик түзүлүш президенттик-парламенттик болобу, же таза парламенттик болобу, ушуну референдумда эл чечиш керек деп ойлойм.

- Бул тууралуу сиздин жеке көз-карашыңыз кандай?
... бийлик мени киши өлтүргүч, ууру кылды. Бирөө дагы далилделген жок.


- Азырынча айтпай турайынчы. Мен бул маселени азыр түзүлүп жаткан биздин партиянын курултайында ортого салам, партия мүчөлөрү кандай чечет, ошону күтө туралы. Азыр ар бир партия өзүнүн мүчөлөрүн жер-жерлерде кызматтарга коюп шайлоого даярдык көрүп жатат. Шайлоого даярдык андай болбош керек. Азыр элге иштеш керек, элдин добушу чече турган мезгил келди. Акаевди дагы, Бакиевди дагы саясий элита сүйлөшүп алып шайлап койгон мурунку система жок кылуу керек.

Эгер шайлоо таза өтпөсө бүгүнкү окуялар кайра-кайра улана берет. Таза, ачык-айкын шайлоолордо эл кайсы партияны колдосо, ошол партиялар парламентке келгенден кийин мыйзам иштеп чыгыш керек. Негизинин референдумда Конституциянын өзүн эмес, парламенттик система керекпи же президенттик-парламенттик түзүлүш керекпи деген суроону коюш керек. Эгер биз таза, ачык анан туруктуу коом түзөбүз десек, бул маселени шашпай терең ойлонуп чечүү зарыл.

- Тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкер, саясатчы катары азыркы утурумдук өкмөткө кандай сунуш айтасыз?

- Эң биринчи, мен жогоруда козгоп кеткен орто жана чакан бизнести прокуратура, каржы полициясы, башка криминалдык топтордун тоноп жатканы токтотуш керек. Бул өлкө үчүн стратегиялык маселе. Эгер орто, чакан бизнес иште1 албай калса анда эртең чоң чыр-чатак күчөйт. Үй бүлөөгө тиешелүү чоң бизнести комиссия аркылуу ачык-айкын чечиш керек. Албетте, ага убакыт керек, эл аралык соттордо каралышы мүмкүн.

Экинчиден, профессионал кадрларды кызматтан кетиргенди токтотуш керек. Ошол эле министрлик, ишканаларда, күч органдарында өмүр бою кызмат кылган профессионалдар бар. Ал эми коррупцияга, криминалга малынгандарга чечкиндүү түрдө чара көрүш керек.

Шайлоону, Конституцияны абдан кылдат, шашпай жүзөгө ашыруу керек. Менин оюмча, мамлекеттеги туруктуулук үчүн бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз тең салмактуулукту сактоо керек. Жыйырма жылдан берки президенттик диктатураны эми парламенттик диктатура алмаштырса кандай болот. Бул чоң маселе. Ошон үчүн мен досторумду, санаалаштарымды шашпаган кадамдарга чакырат элем. Ага чейин көп нерсени убактылуу өкмөттүн декрети менен ишке ашыра берсе болот.

- Сиздин жеке саясий пландарыңызга өтсөк, биринчиден, сот ишиңиз эмне болду?

- Сот иши боюнча доо арызын бердик, аны шаардык сот карайт. Кийинки план болсо бүгүнкү күндө “Акыйкат үчүн кыймылын” күч алдырып жатабыз. «Акыйкат үчүн» деген саясий партия түзүүнүн үстүндө иштеп, 8-майда курултай өткөрүүгө камылга көрүп жатабыз.

- Демек, жаңы партия менен алдыдагы президенттик, парламенттик шайлоого аттанасыз деп түшүнсөк болобу?

- Саясий абалга жараша болот. Мен прагматик адамын. Азыр алдын ала мындай-тигиндей болот деп айталбайм, эл колдосо аны убакыт көрсөтөт. Парламенттик шайлоого албетте, катышабыз. Бирок парламенттке кандай, кайсы партия «Ата Мекен» же Социал демократтар менен барабызбы, аны убакыт көрсөтөт.

- Рахмат, Аликбек мырза! Ийгиликтер коштосун.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG