Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Ө.Текебаев тергөөгө маанилүү маалымат берди


Ө.Текебаев ''Ак жол'' чек ара бекетинде журналисттерге маалымат берүүдө, 26-март, 2010-жыл.
Ө.Текебаев ''Ак жол'' чек ара бекетинде журналисттерге маалымат берүүдө, 26-март, 2010-жыл.

26-мартта “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Казакстандын Кордой шаарына барып, өткөн жыл этегинде Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн иликтөө-тескөө иштери боюнча сурак берип келди. Ө.Текебаев казак тергөөчүлөрү көрсөткөн беш сүрөттүн ичинен Улуттук Коопсуздук кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун сүрөтүн тааныгандыгын "Азаттыкка" билдирди.

- Сизде бул иш боюнча кыргызстандык үч жаран Казакстандын укук коргоо органдарында кылмышка шектүү деп кармалып турат деген божомол барбы?

- Сүрөттөрдүн өзгөчөлүгүнө карап, алар полицияда тартылган деп түшүндүм. Биздин үч жаран Павлюктун иши боюнча казак кызматтары тарабынан кармалган. Төрт сүрөттө тең мен тааныбаган жаш балдар, мага бешинчи сүрөттөгү бирөө гана тааныш көрүндү.

Улуттук Коопсуздук кызматында техникалык бөлүмдүн жетекчиси Алдаяр Исманкуловдун сүрөтү гана мага тааныш көрүндү. Казак тергөөчүлөрү Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду мага берди.

- Сиз Алдаяр Исманкулов деп бир жарандын атын атап, мен аны тааныдым деп жатасыз. Канчалык далил менен ишенимдүү түрдө бул сиз атаган адамдын сүрөтү деп айта аласыз. Балким окшош бирөөдүр?

- Биринчинден, тергөөчүлөр Алдаяр Исманкулов ким деген суроону беришти. Экинчиден, мен Алдаяр Исманкулов менен жеке тааныш эмесмин. Бирок 2006-жылы январда абдан чоң чатак чыгып, парламенттик иликтөө жүрүп, төрт күн өзүнүн жыйынын ушул жигитке арнаган. Ошондуктан парламенттик иликтөөнүн чегинде Исманкуловду жакшы билем.

А. Исманкулов 1996-жылы раматылык Рысбек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев менен каракчылык-тоноо беренеси боюнча айыпталып, ага кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ошол кездеги ички иштер министри Суталиновдун айтышы боюнча 2005-жылы Исманкулов казак ишкерин алдап-тоноого катышкан.
Казак тергөөчүлөр Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду берди...

Ал эми Раатбек Санатбаев өлтүрүлгөндөн кийин бир жума өтпөстөн Алдаяр Исманкулов эки мыйзамсыз тапанча алып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок прокуратура аны камаганга уруксаат бербей койгон. Ошондо парламент карап, текшерип Исманкулов тезинен камакка алынсын деген чечим чыгарган.

Бирок Курманбек Бакиев эл адында ачык Исманкуловду колдоп чыккан. Андан кийин эртеси анын атасы жетектеген Дене-тарбия институтуна барып сөз сүйлөп, бул үй-бүлөнү ачык колдоорун жашырбастан көргөзгөн.

Ошентип үч кылмыш ишине аралашкан Исманкулов 2005-жылы кызматынан көтөрүлүп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы болсо, азыр техникалык бөлүмдүн башчысы.

Казак тергөөчүлөрү Коопсуздук кызматынын техникалык бөлүмү эмне иш кылат деп абдан кызыгышты. Мен аны билбейм, бирок бул телефондук сүйлөшүүлөрдү угат, электрондук почтанын мазмунун текшерет жана башка ушуга окшогон бүгүнкү техникалык каражаттардын жардамы менен адамдарды аңдуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзө турган бөлүм деп шек санайм.

- Өмүрбек мырза, казак укук коргоо органдары сизге көрсөткөн материалдардын, иликтөө-тескөө иштеринин негизинде кылмыш жасагандардын атын жарыялайт деп ишенесизби?

- Павлюктун ишин иликтөө солгундап токтоп калгандай болгон. Күтүүсүздөн ал жанданып, казак тергөөчүлөр активдеше баштады. Россиянын “Регнум” деген маалымат агенттигинин аналитиги “Россиянын олуттуу маалымат каражаттарынын баары кыргыз президенти Бакиевге 23-марттан баштап оппозицияга өттү”, деп жазды.

Россияда бийликтен көз каранды болгон массалык маалымат каражаттары жөн эле дос мамлекеттин бийлигин сындабайт. Россия бийлиги Грузияны, Украинаны сындаганга уруксат берген, уруксат гана эмес ага ишарат берген. Эми Украина ал тизмеден чыгып, Грузиядан кийин Кыргызстан бул тизмеге кошулду.

Мына ушул убакта казак туугандар да жылаандын башын чыгарып, Павлюктун иши жабыла элек, ал биз иштин аягына чыгабыз деп мени суракка чакыруу аркылуу билдирди. Билдирмек турсун кыргыз жарандарынын бешөөнүн сүрөтүн мага көргөздү. Ошентип алардын үчөө колго түшкөндүгүн, бирөө учурда Коопсуздук кызматынын офицери экендигин кыргызстандыктарга даана билдирди.
O.Текебаев, Б.Шерниязов, С.Муканбетов Кордой райондук полициянын алдында, 26-март, 2010

- Сиз өзүңүз казак тергөөчүлөрүнөн иш качан аягына чыгаарын, дагы канча иликтөө амалдарын жүргүзүү зарыл экендигин сурап көрдүңүзбү?

- Өзүңүзгө белгилүү, бул иш Казак Ички иштер министринин орун басарынын түз көзөмөл алдында. Казак тергөөчүлөрү тергөө сырларын балыктай болуп айтышкан жок. Менин айткан байкоолорум алардын берген суроолорунан жана мага көрсөтүлгөн материалдардан улам гана болуп жатат.

Мен жана айтпадымбы, алар өздөрүнүн Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн качып жүрүштү деп. Мындан улам казак бийлиги бул ишти аягына чыгарганга абдан ынтызар деп ойлойм.

- Рахмат, Өмүрбек мырза!

P.S. УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулу “Азаттыкка” казак укук коргоо органдарынан эч кандай расмий кайрылуу болбогондугун тастыктап, бул тууралуу маалыматы жоктугун билдирди.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG