Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Роза Отунбаева «Москва жаңырыгына» маек курду


Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева орусиялык абройлуу «Москва жаңырыгы» («Эхо Москвы») үналгысына Кыргызстандагы учурдагы жагдай тууралуу кеңири маек курду.

Роза Отунбаева Кыргызстандын расмий бийлигин кескин сынга алуу менен оппозициялык күчтөрдүн аракети жана өлкөдөгү сөз эркиндигине байланышкан суроолорго жооп берди. Саясатчы түз ободогу 20 мүнөттүк маегин Кыргызстандагы саясий абалга баа берип, мамлекеттик башкаруу "хандык башкарууга" айланды деп айтуудан баштады.

- Хандыктын орногону – бир үй-бүлөнүн ордуна экинчи үй-бүлө келди. 2005-жылдан бери бул үй-бүлө Кыргызстанда, ошондой эле Ак үйдүн ичинде тамырын өтө бекемдеди,-деп сынга алды оппозициялык ишмер.

Отунбаева ошондой эле президент Бакиевдин өлкөнүн башкаруу системасында иштеген жээк-жаатын атап, «тап-таза үй-бүлөлүк башкаруу" болуп, бийлик калк менен кеп-кеңешке келбей, аңкоо административдик ыкма колдонулуп жатканын айтып кетти.

Журналисттин «хандык башкаруу» карапайым элдин жашоосу менен кандай айкалышып жатат деген суроосуна саясатчы айым Кыргызстандагы гүлдөгөн коррупция, сыртка агылган миграция жана башка социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү мисал келтирди.

Орусиялык үналгыдан жаңырган Роза Отунбаеванын маегин Интернет желесинен уккан Республикалык жаштар союзунун президенти Руслан Юсупов оппозициялык саясатчынын Кыргызстанда "хандык" орноду дегенине кошулбастыгын билдирди:

- Албетте, биздин ички саясатты сыртка чыгып алып айта бергенин туура эмес деп эсептейм. Орустарда эми Кыргызстан тууралуу башкача таасир пайда болот. Анткени расмий бийликтин көз карашы, өлкө тууралуу айтканы башкача болсо, анан оппозиция барып алып жамандаса, орустар терс кабыл алат деп ойлойм.

Роза Отунбаевага түз ободо бишкектик студент кыздын «Жоогазын ыңкылабынын» негизги сабактары эмнеде деген суроосу берилди.

Отунбаева: «Бакиев бийликти алгандан кийин чечиле турган иштердин аягына чыккан жок. Мурдагы Акаевди курчаган министрлер азыр Бакиевди бекем тегеректеп алышкан», - деп жооп айтып, саясий партиялар сыяктуу дүйнөлүк тажрыйбада таанылган бийликтин институттары гана бүгүнкү туңгуюк абалдан Кыргызстанды алып чыгарын баса белгиледи.

Журналист Алексей Дыховичныйдын Кыргызстандагы саясий бийлик менен оппозициянын тирешүүсү эмне менен бүтөт деген суроосуна жооп берип жатып, президент К. Бакиевди дагы бир жолу мындайча күнөөлөдү:

- [К.Бакиев] Оппозиция менен сүйлөшүүгө барбайт. Оппозицияга эч текеге арзыбаган, эч кимге кереги жок жана мааниси жоголгон нерсе катары мамиле кылат.

Кыргызстандагы жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдрасулова бул маекти уккандан кийин, өз пикирин «Азаттыкка» билдирип, учурда өлкөнүн көпчүлүк жаштары бийликке да, оппозицияга да ишеним артпайт дейт.

- Мисалы, мен бийликти бийлик деп, оппозицияны оппозиция деп эсептебей калдым. Оппозиция-бийлик кыргыз элин ойлосо бир диалогго келет эле. Экинчиден, ошол эле бийлик бир кезде оппозиция, ал эми бийлик оппозиция болгон. Бүгүнкү күндө бул эки тарап тең эч нерсе кыла алышкан жок. Роза Отунбаеванын «Кыргызстанда эл оппозиция болуп баратат» деген бир сөзү жакты. Чындыгында, Кыргызстанды ойлогон жалгыз гана карапайым эл болуп калды.

Саясат таануучу Эмил Каниметов депутат Роза Отунбаеванын орусиялык абройлуу үналгыдан айткан кескин сын пикири Кыргызстандагы айрым бир топторго кооптонуу алып келиши мүмкүн, ал эми мамлекет ичинде эмне болуп жатканынан орусиялыктар, эл аралык коомчулук ансыз деле жакшы кабардар деген көз карашта.

- Орус дүйнөсү аркылуу дүйнөнөнүн башка булуң-бурчундагы прогрессивдүү, илим билимдүү адамдарга элдин үнү жетип калат деген бир гана коркунуч болушу мүмкүн. Андан кийин ал өлкөдө [Кыргызстанда] бийлик элди зордук-зомбулукка алып, карактап-тоноп жаткан турбайбы деген пикир жаралып, акыры анын бир залакасы тийип кетпесин деген коркунуч да.

«Москва жаңырыгы» үналгысынын журналисти Алексей Дыховичный Роза Отунбаевага «Кыргызстанда сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде бар турбайбы? Анын далили катары азыр биздин маекти бишкектиктер түз ободо угуп жатышат» деген сөзүнө мындай өңүттөгү жооп алынды:

- Сөз эркиндиги – бул биз өз күчүбүз менен жетишкен нерсе. Аны бизге эч ким жөн эле белекке берген жок да. Бул азыркы бийликтин кайрымдуулугу эмес. Бизде "Москва жаңырыгы", "Эркин Европа", ВВС үналгылары угулат.

«Москва жаңырыгы» үналгысынын Интернет баракчасындагы Роза Отунбаеванын маеги угармандардын кандай ой пикирлерин пайда кылып жатканын жана маектин өзүн бул даректен тапсаңыз болот. http://www.echo.msk.ru/interview
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG