Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Бүгүн Ташкенде Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити башталат. Эки күнгө созулган жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакпаев катышат. Ыңкылаптан кийинки Кыргызстанга ШКУнун мамилеси кандай болоору тууралуу пикирлер ар түрдүү. Күчтүү саясий бийликтин көрсөтмөсү менен жашаган мүчө-мамлекеттерге 5 жыл ичинде эки элдик ыңкылапты ишке ашырган Кыргызстандын демократиялык өтө активдүүлүгү жага бербейт деген кооптонуу дагы бар.

Бүгүн Ташкенде өз ишин баштай турган ШКУнун жыйынында чөлкөмдүк коопсуздук, анын ичинде Ооганстан маселеси, терроризм, экстремизм жана сепаратизм коркунучтары талкууланат. ШКУнун алкагында баңги заттары менен күрөшүү колго алынып, мүчө-мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин программасы сунушталат.

Кыргызстан Ташкен саммитинин көңүл чордонунда

ШКУнун баш катчысы, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтуусунда, Ташкен жыйыны Кыргызстанга атайын көңүл бурат.

ШКУнун аймагына кирген Кыргызстандагы болуп өткөн окуя биздин уюмдун эң аялуу проблемасы болуп эсептелет. Кыргызстан ШКУнун толук кандуу мүчөсү тейден кала берет. Бул биздин уюмдун принципиалдуу позициясы”, - деп билдирет М.Иманалиев CA-News агенттигине берген маегинде.

Ташкен саммитине Кыргызстан чакырылабы, чакырылса ким барат деген суроо бир топ талкууларды жаратты. Жалпыга белгилүү болгондой Убактылуу өкмөттүн эл аралык чөйрөдө расмий таанылуусу кечеңдеп турат. Кыргызстан менен мамиле түзгөн тараптар гуманитардык жардам аркылуу кол сунуп, жылуу сезимдерин билдирип расмий алакага келгенде жаңы бийликтин легитимдүү эмес экендигин эскертишүүдө.

Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева өткөн жумада Ташкендеги жыйынга Тышкы иштер минисри Руслан Казакбаев катышаарын маалымдаган. Ал эми ШКУнун баш катчысы М.Иманалиевдин айтымында, Ташкен саммитине Кыргызстандын татыктуу деңгээлде катышуусуна жыйынга төрагалык кылган өзбек президенти И.Каримов өзү кызыкдар болгон.

Ыңкылаптан кийинки Кыргызстанга мамиле

ШКУнун курамына кирген мамлекеттер бир чатырдын алдында бириккени менен саясий, экономикалык багыттары жана коомдук өнүгүү жагынан бири-биринен кескин айырмаланат. Мүчө-мамлекеттердин башчылары темирдей бекем бийликти жактырса, Кытай бир партиянын көрсөтмөсү менен экономикалык өнүүгүүсү боюнча дүйнөлүк деңгээлге чыгып алган. Ал арада тоолуу, экономикасы чабал Кыргызстан эки саясий режимди кулатып, президенттерин өлкөдөн кууп чыкканга жетишти. Кыргыз коомунун өтө активдүү жарандык аракеттери эки жолу тең коңшулары тарабынан кескин сынга кабылганы белгилүү.

Жергиликтүү серепчилердин пикиринде, Кыргызстандагы Апрель ыңкылабы – эгемен өлкө калкынын өзүнүн максат-мүдөөсү экенин дүйнөлүк коомчулук жакшы түшүнөт. Шанхай Кызматташтык уюму Кыргызстандын жаңы бийлиги менен кызматташууну уланта берээрине саясат таануучу Эмил Каниметов ишенээрин мындайча билдирет:

- Менин оюмча, Апрель окуясынан кийинки чоң өзгөрүштөн кийин алардын [ШКУга мүчө-мамлекеттердин] мамилеси же көз карашы кескин өзгөрүүгө дуушар болбойт. Себеби бийликти алмаштыруу Кыргызстандын жана кыргыз элинин өз иши. Кыргызстанда бийлик кылган адамдардын артында башка өлкөлөр турса дагы алар менен эсептешпей, туура эмес бийлик жүргүзгөн адамдарды алмаштырып, андан ары эркин өсүп-өнүгүүгө багыт алган элдин ниети башка мамлекеттер тарабынан түшүнүүгө ээ болот деп эсептейм.

Антсе дагы, демократиялык өнүгүүнү максат кылган Кыргызстан геосаясий баалулуктар менен кызыкчылыктардын чордонунда турат. Нью-Йрок Университетинин изилдөөчүсү Aскар Мамбеталиев көз карашында демократия, адам укуктары сыяктуу батыштык баалуулуктарга ыктаган Кыргызстандын жүрүм-туруму ШКУга мүчө-мамлекеттерге анчалык жага бербейт:

- Чыгыш менталитети менен батыш менталитетинин ортосунда пикир келишпестиктер бар. Чыгыш менталитети – сен бийликке толугу менен кулдай баш ийүүң керек. Кыргыздар болсо мындай көтөрүлүш чыгарып жатса, бул албетте, ШКУга жакпайт. [ШКУ] Корктойт, бирок жакпайт. Анткени Кытай, Орусия чоң мамлекеттер. Бирок ошону менен бирге эле Кытай дагы, Орусия дагы өз өлкөсүндө ушундай нерселердин болушун каалабайт.

Канткен менен курамына Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген Шанхай кызматташтык уюму чөлкөмдүк түзүлүш катары жалпы регионалдык өнүгүүгө канчалык негиз болоору тууралуу пикирлер ар беткей экенин айта кетүү зарыл.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG