Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Э.Каптагаев: Жайкы эс алуу маалына даярдык жакшы


29-майда көл жээгинде “Ысык-Көл 2010” туристтик жарманке ачылды. Ага Өткөөл мезгил президенти Р.Отунбаева катышып, жергиликтүү калк өкүлдөрү менен баарлашты. Жолугушууларда эс алуучулардын коопсуздугу, Убактылуу өкмөткө элдин ишеними жана чет өлкөдө байырлап жүргөн ишкер У.Барыктабасов тууралуу сөз козгоду.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көл аймагына сапары тууралуу өкмөттүн администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” маек курду.

- Быйылкы жайкы эс алуу мезгилине Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары даяр бекен? Дегеле эс алуу мезгилин өз убагында ачып, керектүү шартты уюштурууга Убактылуу өкмөттүн чама-чаркы жетеби, алдын ала баасы кандай?

- Бүгүн ушул жерден курорттук комплекстин жетекчилери менен жолугуп сүйлөштүк. Даярдык жакшы, бардык багыт боюнча иштер жүрүп атат. Туристтерди алып келүүчү фирманын жетекчилери менен жергиликтүү курорттук комплекстин жетекчилеринин баары тең өз ара келишимдерди түзүп атышат. Иш абдан кызуу жүрүп атат, кызыгуу көп.

Чынын айтканда, келүүчү адамдардын, алып келүүчү фирмалардын кооптонуусу - коопсуздук маселеси. Биз, Убактылуу өкмөт, мүмкүн болушунча стабилдүүлүктү кармайбыз, биз ошого бардык күчүбүздү жумшайбыз, келген меймандардын коопсуздугун, ошолорго карата зордук-зомбулук, же талап-тоноо аракетин болтурбоого бардык күч жумшалат деп айттык.

- Жергиликтүү элдин Убактылуу өкмөткө болгон ишенимин, маанайын байкай алдыңызбы?

- Убактылуу өкмөткө ишеним чоң экени бул жерде көрүнүп эле турат. Анткени жолуккан кишилердин баары эле "азыркы Убактылуу өкмөт болбосо, ошолор жоопкерчиликти алып ушундай иш аракетти кылбаса анда ким алат эле, мамлекет кандай абалда болот эле" деген сөздөрдү айтып атышат.

Экинчиден, жергиликтүү элдин эң эле каалаганы сезон жакшы өтсө экен деген тилек. Айрыкча көл эли туристтик сезон менен оокат кылат, жыйында бир аз тыйын-тыпыр таап алып жыл бою ошону менен оокат кылып кыштан чыгат. Мына ушундай шартта жергиликтүү эл "биз бул жерде ар кандай тополоң болуп жана туристтерди чочутуп кетире турган ишке жол бербейбиз, биз да абалдын туруктуу болуп, алдыдагы рефрендум жакшы өтүп кетишине колубуздан келген аракетти кылабыз" деп айтып атышат.

- Учурда чет өлкөдө жашаган ишкер, Кыргызстандын атуулу Урмат Барыктабасовдун жактоочулары менен жолуга алдыңыздарбы?

- Мен жолуктум, сүйлөштүм. Ал маселе боюнча Роза Исаковна деле жалпы активдин жыйынында айтты. Келем, кетем деген проблема жок да, анын укуктук жана юридикалык проблемалары бар экен. Ошону адвокаттары аркылуу мурдатан эле чечип, бүт баарын тактап алса, анын келген кеткени саясий маселе эмес.

Менин жеке пикиримде, мына келгени жатат, келет экен дегендин тегерегинде чуу чыгаруу бул саясий эле максатты көздөп жаткандай.

- У.Барыктабасов өзү болсо Убактылуу өкмөт менин келишимди каалабай жатат деп айтып атпайбы?

- Бакиевдерден коркпой, ушул жерден кубалап чыгарып аткан, Бакиевдердин кийинки чабуулуна каршы туруп, аны токтотуп аткан Убактылуу өкмөт эми Урмат Барыктабасовдон коркобу? Анын келип-кеткени ошончолук эле таасир береби? Билбейм… Бул маселеге чынын айтканда мен түшүнгөн жокмун.

- Ал «менин келишимди Убактылуу өкмөт каалабай жатат», дейт?

- Каалабай жатат деп бирөө айткан жок да, ошол эле Убактылуу өкмөт жетекчилери У.Барыктабасовдун келгенин каалабай атабыз дегендей эч кандай билдирүү, же чечим чыгарган жок го.

- «Азаттыкка» бүгүн У.Барыктабасовдун жактоочуларынан телефон чалып, эгер Убактылуу өкмөт кыска мөөнөттө тийиштүү жыйынтык чыгарып, биздин сурообузга жооп бербесе, анда Бишкек-Каракол жолун тособуз деген максатын билдиришти. Эгер ошондой болсо кандай чаралар көрүлөт?

- Жол тосуу, башка тополоңдорго жергиликтүү элдер деле жол бербейт. Көчөгө чыгам дегендер кечээ Балыкчыда, Караколдо митинг кылып, талаптарын айтып атышат. Эгерде Барыктабасов өзү эл үчүн, мекен үчүн кызмат кылам десе, атайын тополоң чыгарбашы керек, ошого барбашы керек. Эгерде тополоң чыгарып, ошонун артынан саясий упай топтойм деген максаты болсо, ал азыр эл үчүн, жер үчүн күйгөн киши эмес. Аны утурумдук гана саясий кызыкчылык үчүн иштеп аткан киши катары кабыл алам. Өзүнүн маселелерин өзү келип чечсин, келгенден коркуп турса юристтер, адвокаттар аркылуу чечсин.

Мен мурдагы күнү эле У.Барыктабасовдун жактоочуларыбыз деп мага келген адамдар менен жолуккандан кийин А.Бекназаров, башкалар менен сүйлөштүм. Алардын айтуусунда, бүгүнкү күндө У.Барыктабасовдун адвокаттары кыймылдап, аракет кылып маселелерди чечүүгө эч кандай деле кадам жасашкан жок. Ошол маселелерден саясат чыгаруу гана аракеттери көрүнүп атат. Ошол жагынан алганда “келе жатат, келтирбей жатат, келбей жатат” деген сөздү чоң саясатка айлантуу гана аракетин көрүп атам. Бирок бүгүнкү күнгө У.Барыктабасовдун келгенин [Кыргызстанга] кереги жок, келтирбеш керек деген позиция жок.

- У.Барыктабасовго каршы 2005-жылы козголгон кылмыш ишти 1-май райондук соту карап, мурунку сот чечимин ордуна калтырып коюшту. Анын жактоочусунун айтуусу боюнча ошол эле берене менен мурда СДП мүчөсү Кубанычбек Кадыровго да кылмыш иши козголуп, ал азыр Кыргызстанга келип, учурда Ички иштер министринин орун басары болуп иштеп жатпайбы. Бул жерде У.Барыктабасовго байланыштуу башка да саясий себеп барбы?

- Ушул суроону анын адвокаттарына бериш керек. Ошого жеткиликтүү документтерди бердиби, кандай маселе каралды, качан берди? Сот карап жаткан ишке мен комментарий бере албайм. Эмне үчүн ушундай болуп атат деп адвокаттардан сураш керек.

- У.Барыктабасовдун адвокаты Акин Токталиев өзү ушинтип айтып чыкты?

- Ошол А.Токталиев деген өзү "мен адвокат эмесмин, мен саясатчымын", деп айтыптыр. Саясатчы катары балким саясатты ошол жасап аткандыр. Мен бул маселени билбейм.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG