Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Ноокатта хизбутчуларды ок атып издеп жатышат


"Ноокат тополоңу" боюнча 32 адам соттолгон
"Ноокат тополоңу" боюнча 32 адам соттолгон

"Ноокат тополоңуна" катыштыгы бар деп соттолгон Исмаилжан Орозбаевдин таякеси болуп саналган Казим Туракуловдун үйүнө УКМКнын кызматкерлери барып, куралдан ок атып, коркутуп-үркүтүп кетишти.

Казим Туракуловдун билдирүүсүндө, кечээ анын үйүнө Ноокат райондук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Максат Айтбай уулу, Азамат Умаров жана Саламат Сапаровдор келип, ок атышкан. Алар И. Орозбаевдин таятасы коопсуздук кызматкери Саламат Сапаровдун койнунан кандайдыр бир баракчалар түшүп калганын көрүп калган учурда ок чыгарышыптыр. Казим Туракуловго алар райондук УКМК жетекчиси Бөкөевдин Туракуловдун үйүн тинтүүгө берген санкциясынын негизинде келишкендигин айтышкан:

- Алар ата энеме “Балаңар хизбутчулардын арасында бар болушу мүмкүн, ошон үчүн үйдү тинтүүгө келдик” дешти. Биз корктук, өздөрү баңги затын же бир нерсени ыргытып, мени доого жыгып коет го деп. Алар болсо чөнтөктөрүн көрсөтүп, бизде андай эч нерсе жок деп каршылык кылышты. Самат Сапаровго сени да текшеребиз десек, апамды түртүп, чыга качты. Ал хизбутчулардын китептерин койнуна салып келиптир. Анысы көрүнүп калды. Ал тапанчасын чыгарып “мага жакындасаңар атам” деди. Алдыга чыга калган атамдын башынан өйдө коркутуп ок чыгарды. Анан дагы бир ок чыгарды. Ал атайы даярданып келиптир.

Казим Туракуловдун айтуусунда, өзү менен кошо иштеп жүргөн анын жээни Исмаилжан Орозбаев 27-сентябрда Москвадан келип, 1-октябрь күнү Ошто достору менен болгон. Бирок ал 4-октябрда Ноокат окуясына катыштыгы бар делип кармалып, 19 жылга кесилип кеткен. Казим Туракулов жээни өндүү соттолуп кеткендердин туугандары менен кошо Бишкекке акыйкат издеп келген. Алардын мындай аракети жергиликтүү күч органдарынын кыжырын келтиргендигин айтат Казим Туракулов:

-Мен шаарга барып бийликтин кишилери, депутаттар менен жолугуп, документтерибизди тапшырып келгенбиз. Бул жактагылар болсо ишти кайра козгобосун, чындык билинбесин деп аракет кылышты. Мени эптеп доого жыгып, мойнума жыйырма жылды илип коймок экен. Мени кудай сактады.

Бул маалымат боюнча УКМКнын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулуна кайрылганыбызда азырынча мындай маалымат басма сөз кызматына белгилүү эместигин, бирок сөзсүз териштирүү болорун билдирди.

Депутат Бакыт Бешимов күч органдарынын бул аракетин хизбутчулар деген шылтоо менен оппозицияга кыр көрсөтүп жаткандыгы катары баалады. Анткени буга чейин Казим Туракулов баштаган 22 киши СДП фракциясы менен жолугушкан. Эми аларды “оппозицияга эч жакын жолобогула” деп коркутуп жатышат дейт депутат:

-Органдардын адамдары ошондой кагаздарды өздөрү салып коюп жатышат. Мен Башкы прокуратурага расмий түрдө кайрылдым. Бул аракет канчалык деңгээлде мыйзамга туура келээрин чечмелеп берсин дедим. Биз түшүнүп турабыз, органдар хизбутчулар демиш болуп, оппозиция менен күрөшүп жатат. Биз бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү көздөп жатабыз. Биз ошого бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Депутат Ибрагим Жунусовдун пикиринде азыр оппозиция өтө алсыз жана алардын жолун торой турган себептер жок. Ноокат окуясынын аларга тиешеси да жок экендигин белгилеген депутат, кечээки Казим Туралиевге байланыштуу окуяны кезектеги эле интригалардын бири катары эсептейт:

- Мен буга ишенген жокмун. УКМКнын кызматкерлери андайга бармак эмес. Эми жанагы адамдар актаныш үчүн ар кандай шылтоолорду таап, ушул сыяктуу ар кандай нерселерге бара беришет. Эгер барган адамдардын ысымдары дайын болуп, алардын жок жерден ок чыгаргандары чын болсо, анда алар жооп бериш керек.

2008-жылдын 1-октябрь күнү Ноокат районунда Орозо айтты майрамдоого байланыштуу чыр-чатак чыгып, натыйжада 32 адам сот жообуна тартылган. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтуусунда, азыр 32 кишинин ичинде 2 аял, 2 өспүрүм, 2 акыл эсинен жабыркаган бала бар. Алардын ичинен бир адам гана Хизб-ут-тахрир уюмунун мүчөсү экендигин мойнуна алган. Бирок ал ошол күнкү баш аламандыкка катышкан эмес.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG