Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

М. Ниязов: Обаманын Ооганстан боюнча демилгесин колдоо керек


АКШ президенти Барак Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясы тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-майор Мирослав Ниязовду сөзгө тарттык.

- Мирослав мырза, мына аз убакыт мурда АКШ президенти Барак Обама Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, Ооганстанга кошумча америкалык 30 миң аскер жөнөтүлөт экен. Бул стратегия СССРдин Ооганстандагы катачылыгын кайталап жатат деген ойлор да айтылган эле буга чейин. Сизде бул боюнча кандай пикир бар?

- Мен толугу менен Американын президентинин демилгесин колдойт элем. Биз адашпашыбыз керек, Ооганстан - дүйнө жүзүнө коркунуч алып келе турган өлкө. Ошонун ичинде Кыргызстандын дагы улуттук кызыкчылыгына коркунуч алып келе турган мамлекет. Тилекке каршы 8 жылдан бери НАТОнун күчтөрү максатына толугу менен жете албай жатат. Ошол себеп менен америкалыктар дагы толуктап жаңы күчтөрдү алып киребиз деген демилгени көтөрүп атат. Бул деген тез арада Ооганстанга тартип киргизели деген аракет болуп атат. Мындай аракеттерди колдошубуз керек.

- Барак Обама аскерлердин санын 100 миңге жеткирүү менен кошо эле 2011-жылдан тарта аларды чыгара баштоо жагы да каралат дептир. Ушул 1-2 жылдын ичинде 100 миң аскер коопсуздукту камсыз кыла алабы, же Ооган күчтөрү коопсуздукту өздөрүнүн колуна ала турган деңгээлге жетеби?

- Эмне болгон күндө дагы НАТОнун күчтөрү ошол аракет менен иш жасап атат. Карзай баштаган бүгүнкү бийлик Ооганстандагы абалды толугу менен көзөмөлдөй албайт. Ошон үчүн коалициялык күчтөр кетип калса, эртең эле башка күчтөр мамлекетти чоң бака-шакага алып келиши мүмкүн. Дүйнө жүзүнөн наркомафиянын адамдары келип, Ооганстан дагы эки эсе коркунуч алып келет дүйнө жүзүнө.

- Орус эксперттери АКШнын катачылыгы катары Ооганстандагы улуттардын ортосундагы мамилени жөндөй албаганын, же алардын ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылалбаганын, башкача айтканда негизги күч болгон пуштундарды батышка, Америкага каршы коюп алганын айтууда. Сиз буга кандай карайсыз?

- Мен анысын так билбейт экемин. Бирок тажиктердин экспертине караганда, Ооганстанда 40 пайыз пуштун, 40 пайыз тажиктер, анан 20 пайыз башка улуттар бар. Эмне болгондо дагы ушул улуттардын арасында дагы проблемалар бар албетте, муну эске алышыбыз керек. Бүгүн менин оюмча, Кыргызстан дагы өзүнүн салымын киргизип атат. Андыктан АКШ авиабазасын Бишкектен чыгарабыз, же калтырабыз деген ойду токтотуп, биз дагы толугу менен түшүнүшүбүз керек Ооганстан Кыргызстанга дагы коркунуч алып келээрин. Ошондуктан биз дагы колдон келген жардамыбызды көрсөтүшүбүз керек.

- Ооган бийлиги талиптерди өкмөткө тартууга аракет жасап жатат. Мындан кандайдыр бир ийгилик болобу?

- Талиптер албетте чоң күч болуп чыгып келатат. Көп жылдан бери булар өз күчүн дүйнөгө көрсөттү, алар менен эсептешпесе болбойт. Ошон үчүн таразага салып, НАТОнун күчтөрү баарын байкап, билип, ошону менен аракет жасап атышат. Ошону тездетели деген аракет менен күчтөрүн киргизсе, менде дагы кандайдыр бир ишенич бар, акырындык менен Ооганстан тынч жашоого өтүп кетет деген.

- Рахмат маегиңизге.

Тасмада: М.Намазалиев: "Ооган эли тынчтыкты каалайт"

Барак Обама Ооганстандагы козголоңчу күчтөрдү жеңүү үчүн кошумча аскер жиберээрин 2-декабрда жарыя кылды. Буга байланыштуу жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясы тууралуу пикирлери менен бөлүштү. SA, MiT.

М.Намазалиев: "Ооган эли тынчтыкты каалайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG