Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Ө.Текебаев: “Мөнөтсүз президенттик шайлоо жарыяланышы мүмкүн”


Kyrgyzstan -- Newspapers Nazar and El sozy,30june2009
Kyrgyzstan -- Newspapers Nazar and El sozy,30june2009

Гезиттер жыл жыйынтыгы, кымбатчылык, Башмыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө жазышууда.

“Эл сөзү” гезити айрым атуулдарга:

-Президент өз милдетин аткара албай калган учурда, президенттин убактылуу милдетин аткаруучу адамды тандоо укугун Президенттик Кеңешмеге берүү жөнүндө Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кандай көз караштасыз?- деп кайрылганда төмөнкүдөй жооп беришти.

Генерал Исмаил Исков: - Мындай көрүнүш эч бир өлкөдө, тарыхта жок жорук. Түшкө кирбеген өзгөртүүнү киргизүүнүн максаты – үйбүлөлүк бийликти сактап калууга болгон аракет. Башка айтууга сөз жок.

Саясатчы Азимбек Бекназаров: - Президенттик Кеңешме деген координациялык орган болгондуктан мамлекеттик орган эмес. Ал кеңешмеде президенттин жакын адамдары олтурат. Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү Бакиевдердин бийлигин узартуу үчүн жасалып жаткан кадам. Президент кокус ооруп кала турган болсо ордуна анын эң ишенимдүү мураскору келишине ыңгайлуу шарт түзөт.

Депутат Роза Отунбаева: - Бул кадам хандык бийликти орнотууга жасалган аракет. Курманбек Бакиев башкаруу системасын жаңылоо менен баласы Мксимге өлкөнүн каражатынын баарысын басып берип, өзүнө орунбасар кылып алган. Эми өз ордуна баласын алып келгенге жандалбастап жатат.

Академик Абдыганы Эркебаев: - Аталган жобо нукура Конституциялык нормага таптакыр туура келбейт.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев:
- Эгер жаза тайып, кокустук болуп кетсе, президенттин ордун ким ээлерин эч ким билбейт. Ошол түнү президенттик орун үчүн ким-кимди союп таштайт ким билет? Белгилей кетчү бир жагдай президенттин жакын адамдарынан түзүлгөн ошол Президенттик Кеңешме көрсөткөн президентти аткаруу бийлиги, эл тааныбай, кабыл албай коюшу толук мүмкүн.
Экинчиден, президенттин шашылыш мындай кадамга барып жатышында биз билбеген жагдайлар болушу ыктымал. Ошол эле учурда башка бир нерселерге шылтоолоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону жарыялап жибериши мүмкүн.

Парапсихолог Мелис Карыбековдун айтып бергендерин жарыялоону гезит бул санында дагы уланткан.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Манасты” өз энчибизге калтырууга күчүбүз жетеби?” деп аталып, анда Кытайдагы кыргыз манасчысы Жусуп Мамай, кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай тууралуу талаштуу маселелер козголгон.

“Кыргыз туусу” гезити адаттагыдай эле окурмандардын fрыз-муңуна орун берген. Ноокаттын Атамерек айыл тургундары 2007-жылы 3 жолу, 2008-жылы 2 жолу катуу сел каптап, кампалары менен тоокканаларын бузуп, талкалап, огороддорун таш аралаш шагыл басып, абалдары кыйындаганын, ошондо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардамга келгенин, бирок ишти толук бүткөрбөй, “дагы келебиз” деген бойдон келбей койгонун, анткени аталган аймакта быйыл сел жүрбөгөнүн баяндап келип: “айрым жетекчилер сөзсүз эле кырсык болгондо гана кыймылдап калабы?” деп суроо коюшкан.

Ал эми Ош шаарынын убактылуу абагында олтурган Сейит Базарбаев “Мени каматты, апамды кордошту, мүлкүмдү ээлешти” деген катын президент К. Бакиевге багыштаган. Өзгөндүк жигит жашы 22де экенин, анын камалышына апасы сатып алган Кара Шоро дүкөнү себеп болгонун, анткени дүкөндү талашкан тарап Кошбай Кайыпкулов деген чоң кызматтагы бирөөгө таянып алып, соттор болсо ишти ого бетер ырбатканын, ошондуктан эми анын тагдыры жалгыз К. Бакиевдин колунда калганын какшап, ажого кат жолдогон.

Гезит муну менен бирге эле “Руханият” ассоциациясы президент Курманбек Бакиевге “Жылдын мыкты адамы – 2009” эл аралык сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө токтомун кабыл алганын, бүгүн Камбар Ата-2 ГЭСинде жардыруу болуп, жалпы көлөмү 4 миллионго жакын кубометрдей тоо тектири Нарын суусун бөгөп каларын, жарылуунун борборунда 9 баллга барабар жер титиреп, учкан топурак-таш 1,5 километрге чейин чачырашы мүмкүндүгүн, ГЭСтен 4 жарым километр алыстыкта жайгашкан Кара Жыгач айлында силкинүүнүн күчү 4 баллга чейин жетиши мүмкүндүгүн маалымдады.

Ушул эле санда азыркы күндө өлкө боюнча 54 жогорку окуу жайлары бар экенин, жакында аты бар, заты жок жогорку окуу жайларынын 14 жоюлганын да кабарлады.

Журналист Амирбек Усманов “Чыңгыз Айматовду ким оңдоду?” деген макаласында улуу жазуучунун сегиз томдук жыйнагына байланыштуу айрым бир кетирилген кемчиликтерди кеп кылган.

“Назар” гезитиндеги баяндамачы Сабыр Муканбетовдун макаласы “Схема” деп аталат. Автор: “2005-жылдагы март төңкөрүшүнөн кийин бийликке келген Курманбек Бакиев берген убадаларынан тайып, авторитардык режим орнотууга бакыт алды, Европа биз үчүн эшигин илип алгандай болду, ал эми коррупциябыз чектен чыгып кеткенин нааразы болгон орус өкмөтүнүн башчысы В. Путин да бизге ыраазы эмес экенине караганда Улуу Орусиянын маанайы да биз үчүн жакшы эместей” деп белгиледи.

Сабыр Муканбетов андан ары, алдыдагы конституциялык өзгөрүүлөр жөнүн талдоого алып, серепчилер ишенимдүү түрдө Максим Бакиевди мураскер деп атап салышканын, анын болсо президенттик ат салышуу курагына жашы толо электигин, ошондуктан Курманбек Бакиев чукул арада бийлигин өткөрүп берет деп айтуу кыйындыгын, кокус эле бирдеме боолуп кетсе Максим атасынын ордун баса албай каларын, Башмыйзамга өзгөртүү киргизип аткандар андай шартты эске алышса, Максимден башка дагы жакындарынын талапкерлиги каралат деп божомолдоого болорун жазды.

Баяндамачы дагы бир жагдайды эске салып, бир кездеги түркмөн парламенти да туура бүгүнкү “акжолчулардай” ляппай парламент болгонун, ошондон пайдаланган Сапармурад Ниязовдун күзөт кызматынын башчысы, улуттук гвардиянын колбашчысы спикерди камап, калгандарын коркутуп атып түркмөндөрдүн бийлик башына азыркы Бердымухамедовду алып келгенин, көп узабай Бердымухамедовду бийликке алып келген күзөт кызматы менен улуттук гвардиянын башчысы кызматтан алынып, көзү тазаланганы тууралуу маалымат тараганын...окурмандардын эсине салган.

Зулпукаар Сапановдун макаласы “Күч” деп аталып, акыркы жылдардагы коркутуу, уруп-сабоо, камоо-соттоо, өлтүрүү өңдүү көрүнүштөр биздеги саясаттын жедеп жетерине жетип бүткөнүнөн кабар берерин, Медет Садыркуловдун өлүмүнөн кийин анын жактоочулары житип жоголгонун, Акүйдөгү экинчи бир саясый фигура эсептелген Үсөн Сыдыковдун партиялаштары да ыдыраганын, Үсөн аканин ууулу Бакыт Сыдыков чет өлкөгө чыга качканын, эми булар биригип таасир көрсөтүүдөн ажарыганын талдоого алып: ”Ошентип Акүй оппозиция менен кошо кландык тирешүүлөрдү биротоло жоюп, демократия дегенге да чекит койгону калды” деп баалады.

Ушул эле санга журналист Жума Мамбетов Кыргызстандын эли Жаңы жылды жарык маанайда тосуп алуунун ордуна томсоруп, эртеңки жашоосунун кандай болорун ойлоп, ындыны өчүп турганын, тарифтердин кымбатташынын мисалында кеп кылды.

XS
SM
MD
LG