Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Футбол: Африка командалары жеңилүү ызасын тартууда


Түштүк Африка республикасында өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында 32 өлкөнүн футболдук командалары 8 топко бөлүнүп мөрөй талашууда.

Дүйнө чемпионатынын алкагында 19-июнда Голландия менен Жапония, Гана менен Австралия жана Камерун менен Дания өлкөлөрүнүн футболдук командалары күч сынашты.

“Е” тобундагы Голландия менен Жапониянын беттешүүсүндө мелдеш башталганда эки команданын даярдыгы, чеберчилиги бирдей экени байкалды.

Биринчи таймда эки команда тең канчалык аракет кылышканы менен эсепти ачалбады. Бул беттешүүдө 53-мүнөттө голландиялык чабуулчу Уэсли Снейдер чеберчилигин көрсөтүп, командасын жеңишке жеткирди.

Беттешүү 1:0 эсебинде голландиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Бишкектик футбол күйөрманы Азим Шыймаматов дүйнө чемпионатындагы 19-июнда болуп өткөн беттешүүлөр тууралуу “Азаттыка” өз пикирин билдирди.

-Футбол чемпионаты Африкада өтүп жаткандыктан алардын командалары алдыга чыгып, чеберчилигин көрсөтөт деген ишеним акталбай жатат. Гана өлкөсү Австралияны оңой эле утуп алууга мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок Австралиянын бир оюнчусу кызыл кагаз алып, беттешүүдөн чыгып калса дагы ганалыктар артыкчылыкты пайдалана албай калышты. Азиядан деле Түштүк Корея гана алдыга чыгышы мүмкүн. Бул ирет Жапония командасы Голландияга туруштук бере албады.

19-июнда “Д” тобундагы командалардан Гана менен Австралиянын командалары күч сынашты.

Мында австралиялыктар биринчи таймда эле демилгени колго алышып, 11-мүнөттө биринчи топту Бретт Холман киргизип, эсепти ачып, Австралия алдыга озду.

Экинчи таймда ганалык чабуулчу Асамоа Гьян 11-мертлик айып тобун таамай тээп, эсепти теңдеп, беттешүү 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан “Е” тобундагы негизги атаандаштар Камерун менен Дания өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү болду. Мында Камерун командасынын чабуулчусу Самюэль Это'о 10-мүнөттө эсепти ачып, Даниянын дарбазасына топту таамай тээп киргизди.

Даниялыктар дагы чабуулга өтүп турушту. Натыйжада беттешүүнүн 33-мүнөтүндө даниялык чабуулчу Никлас Бендтнер камерундуктарга жооп кылып эсепти теңдеди.

Экинчи таймда же оюндун 61-мүнөтүндө даниялык Деннис Роммедаль командасын алдыга сүрөп, камерундуктарды бир топту дарбазадан алып чыгууга аргасыз кылды.

Бул беттешүүдө чеберчилиги менен таанылып, командасынын жеңишине салым кошкон Голландиянын «Аякс» командасынын жарым коргоочусу, даниялык Деннис Роммедаль болгонун футбол адистери айтышууда.

Камерундуктар канчалык аракет кылышканы менен беттешүү 2:1 эсебинде даниялыктардын жеңиши менен жыйынтыкталды.

“Учур” гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде дүйнө чемпионатында бул ирет Камерундун командасы өзүндөгү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды. Эми Камерундун тагдыры үчүнчү беттешүүлөрдө билинип калат:

-Дүйнөлүк футболдо бир нече жолу дүйнө чемпиону аталышкан "карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Италия, Аргентина, Германия жана Уругвай өлкөлөрү дагы баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылып жатышат. Былтыртан бери Голландиянын дагы даярдыгы мыкты. Алар бул дүйнө чемпонатында эки беттешүүнү утуп. Учурда 6 упай топтоо менен кийинки таймашууларга жолун ачып коюшту. Алжир, Гана, Камерун жана талаа ээлери да жакшы оюн көрсөтүп, күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратат го деген ишеничти актай алышпай жатат.

20-июнда Словакия менен Парагвай, дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Бразилия менен Кот-д'Ивуар жана дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Италия менен Жаңы Зеландия өлкөлөрүнүн футболдук командалары күч сынашат.

Учурда кайсыл команда канча упай алып, канчанчы орунда келатканын төмөнкү жадыбалдан көрсөңүздөр болот.

“А” тобу

УРУГВАЙ 4
МЕКСИКА 4
ФРАНЦИЯ 1
ТҮШТҮК АФРИКА 1

“С” тобу

СЛОВЕНИЯ 4
АКШ 2
АНГЛИЯ 2
АЛЖИР 1

“E” тобу

ГОЛЛАНДИЯ 6
ЖАПОНИЯ 3
ДАНИЯ 3
КАМЕРУН 0

“G” тобу

БРАЗИЛИЯ 3
КОТ-Д'ИВУАР 1
ПОРТУГАЛИЯ 1
ТҮНДҮК КОРЕЯ 0

“В” тобу

АРГЕНТИНА 6
ТҮШТҮК КОРЕЯ 3
ГРЕКИЯ 3
НИГЕРИЯ 0

“ D” тобу

ГАНА 4
ГЕРМАНИЯ 3
СЕРБИЯ 3
АВСТРАЛИЯ 1

“F” тобу

ИТАЛИЯ 1
ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ 1
ПАРАГВАЙ 1
СЛОВАКИЯ 1

“H” тобу

ЧИЛИ 3
ШВЕЙЦАРИЯ 3
ГОНДУРАС 0
ИСПАНИЯ 0


XS
SM
MD
LG